Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:45

Анвар: Берлинде ресторан да ачабыз


Анвар Жамгырчиев
Анвар Жамгырчиев

Бүгүнкү каарманыбыз Анвар Жамгырчиев ушул жылдын башынан тарта Германиянын баш калаасы Берлинде Борбор Азияда жашаган улуттардын тамак-ашын даярдап, аны кардарларга жеткирип кызмат көрсөткөн иш баштады.

"Азаттык": Анвар, жакында эле “Плов на заказ” деген аталыш менен кыргыздын жана башка чыгыш элдеринин тамак-ашын даярдап, аларды кардарларга жеткире баштаганыңарды Фейсбуктан көрүп калдым. Бул идея эмнеден улам пайда болду?

Анвар Жамгырчиев: Бул идеяны көптөн бери эле ойлонуп, көкүрөктө багып жүргөм. Кийин Германияга келгенде кокусунан даамдуу тамак-аш даярдаган балдарга жолугуп калдым. Алардын даамын татып көргөн соң жакын санаалаштар менен кеңешип, созбой эле ишти баштай берүүнү чечтик. Ошентип 3-январдан тарта бизнесибиз башталды. Эки ай ичинде туруктуу кардарларыбыз пайда болду, иш буюрса жаман эмес.

"Азаттык": Канча киши иштейсиңер? Негизги кардарларыңар кимдер?

Биз башынан эле бир эле кыргыздын эмес, жалпы Борбор Азияда жашаган улуттарга таандык тамактарды жасайбыз деп чечкенбиз. Анткени палоо, манты, самсыны тиги же бул элдики деп бөлүүгө болбой калды.

Анвар Жамгырчиев: Негизинен бул жерде үч адам иштейбиз. Жетишпей бара жатканда кошумча кишини тарта коебуз. Алардын баары Кыргызстандан келгендер. Мен өзүм тамак жасабайм. Менеджер-уюштуруучумун десем болот. Социалдык тармактар аркылуу жарнамалоо, элдин суроосуна, телефон чалгандарга жооп берүү милдети менин моюнумда.

Негизги кардарларбыз Кыргызстандан, Казакстандан, Орусиядан, Украинадан келгендер. Өзбекстандык, азербайжандык туугандар да чалып турушат. Бизге заказ бергендердин көбү орустар десем жаңылышпайм. Немистер да бар. Бир кезде Орто Азияда жашап келгендер биздин тамактарды сагынып, тамшанып жешет.

Биздин максатыбыз - жалгыз гана заказ менен иштөө эмес. Жакында Берлинде ресторан ачалы деген ниетибиз бар.

Бул ошол максатыбызга алгачкы кадамды таштадык десем болот. Биз муну менен кардарларды байкап көрөлү, алардын табити эмнеге тартат, сунушталган баага көз карашы кандай, эмнени жактырбайт деген суроолорго жооп алууну көздөдүк. Жакын аралыкта буюрса ал максатыбыз да ишке ашат деп үмүттөнөбуз. Бул жакта өзбек ресторандары бар. Бирок аларды Германияда отурукташып калган, бул жакта чоңоюп-өскөн өзбектер ачкан. Ошол себептүү алардын тамактары бир аз батышка ыңгайлашып кеткен десем болот. Ал эми биздин кардарлар алардан айырмаланып ата-энесин, мекенин, үйдөгү тамак-ашын сагынгандар. Албетте, эки ай ичинде мактагандар да бар, сындагандар да бар. Айрымдар эмнеге силер өзбек тамактарын жасайсыңар деп чалышат. Бирок биз башынан эле бир эле кыргыздын эмес, жалпы Борбор Азияда жашаган улуттарга таандык тамактарды жасайбыз деп чечкенбиз. Анткени палоо, манты, самсыны тиги же бул элдики деп бөлүүгө болбой калды. Ушунча жылдан бери тыгыз жашап келгендиктен, орток тамак болуп калгандай.

Берлинде ашкабак мантыны жактыргандар көбөйдү
Берлинде ашкабак мантыны жактыргандар көбөйдү

"Азаттык": Кардарлар кайсы тамак-ашты көп заказ кылышат?

Анвар Жамгырчиев: Самсы, манты десем болот. Өзгөчө ашкабактан жасалган манты аябай баа болууда. Себеби, Европада жашап калгандар бир аз эттен алыстап, жеңил, бат сиңимдүү тамакка качырып калышат экен. Анан албетте, палоо, өзбек плов деп коюшат. Биз аны Өзгөн күрүчүнөн жасалган аш дейбиз.

"Азаттык": Анвар эми өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Германияга барганынызга канча болду. Алгач эмне максат менен бардыңыз эле?

Анвар Жамгырчиев: Мен бул жерге окуганы келгем. Азыр деле окуумду улантып жатам. Германияда жашаганыма бир эле жыл болду. Албетте, бул ишти алып кетүү оңойго турган жок. Кыргызстанда, өз чөйрөңдө жүрүп иш баштоо кыйын. Бул жакта эки эсе оор болду. Кандай иш болбосун адамдын өзүнөн деп ойлойм. Бир күндө ишти баштап кетсе болот, ошол эле учурда жылдап эч нерсе жасай албай жүргөндөр да жок эмес.

XS
SM
MD
LG