Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:14

Баш мыйзамга төп келбеген саясат


Кыргызстандын азыркы иштеп жаткан Конституциясы акыркы оңдоп-түзөтүүлөр менен кабыл алынганына алты жыл болду.

Азыркы Конституция парламенттик башкаруудагы Кыргызстандын өнүгүшүнө укуктук негиз түзүп бере алдыбы, Баш мыйзам демократиялык принциптерди орнотуу, коргоо үчүн иштеп жатабы? Конституцияны өзгөртүү демилгеси мурда эл арасынан чыкса, эми бийлик башындагылар тарабынан көтөрүлүп жатышынын себеби эмнеде? Баш мыйзамга Курултай институтун киргизүү канчалык негиздүү жана жүйөлүү?

“Арай көз чарай” талкуусуна Жогорку Кеңештин “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев жана “Таза коом” саясий партиясынын теңтөрагасы Кадыр Кошалиев катышты.

Кеп кыргыздар мыйзам менен жашабай, салт, эски адат, көнүмүш менен жашап жатканында болуп жатпайбы. Бир күндө эле жаңы саясий маданият калыптанып кетпейт экен.
Өмүрбек Текебаев

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, кыргыз коомчулугунда, өлкөнүн сыртынан да Кыргызстан парламенттик өлкө эмес, президенттик-парламенттик өлкө, андай болушуна Конституция жол берет деген пикирлер көп. Сиз азыркы Баш мыйзамды иштеп чыккандардын бири катары бул боюнча пикириңиз кандай?

Өмүрбек Текебаев: Конституция – мамлекеттин саясий жана укуктук негизин түзгөн документ, мамлекеттин символдорунун бири. Конституциянын күнү 2010-жылы кабыл алынган акыркы Баш мыйзамдын күнү эмес. Бүгүн жалпыбыз үчүн маанилүү болгон мыйзамдуулуктун тиреги деген күн, мамлекеттик эң чоң майрамдардын бири.

Биздин Конституция Кыргызстандын 20 жылдык тарыхындагы ийгиликтер, кыйынчылыктар, каталар менен коштолгон тажрыйбабыздын негизинде жазылган. Бүгүнкү Конституция боюнча ар ким ар кандай айтып келатат. Кыргызстанда азыр парламенттик башкаруу. Базарда күрүч сатып жаткан жокпуз да, бул жакка кичине кошуп коюңуз, ал жактан кичине алып коюңуз дегендей.

“Азаттык”: Биз парламенттик башкаруудагы өлкө дегенибиз менен реалдуу бийлик президентте экендигине кошуласызбы?

Өмүрбек Текебаев: Биз парламенттик башкаруудагы мамлекетпиз. Президентте эч нерсе жок, анын шоопурунда да эч нерсе жок. Бирок ошол шоопуру башкарып жатат.

Кеп кыргыздар мыйзам менен жашабай, салт, эски адат, көнүмүш менен жашап жатканында болуп жатпайбы. Бир күндө эле жаңы саясий маданият калыптанып кетпейт экен. Атамбаевдин эң чоң салымы, эмгеги чоң салтка жол ачып кетүүдө. “Мен бийликте калам” деп ар кандай формасын таап Конституцияны өзгөрткөнгө Атамбаевдин күчү жетмек, андай кылган жок. Беш жылдан бери “мен кетем, мен кетем”, “шашылбагыла” деп келатат. Таза шайлоо өткөрүүгө аракет кылууда. Конституциянын негизги принциптеринин бири мамлекеттик бийликти бир президенттен экинчи президентке тынч жол менен өткөрүү салтын жасайын деп жатат.

“Азаттык”: Өмүрбек мырза, мамлекет башчысы өткөн жылы Конституцияны өзгөртүү демилгеси чыкканда “Баш мыйзамды оюн кылбайлы” деп койду эле, кечээ өзү мамлекеттин коопсуздугуна байланышкан айрым беренелерди өзгөртүү керек, деп чыкты. Ал канчалык жүйөлүү?

Өмүрбек Текебаев: Конституцияны өзгөртүү боюнча ар ким оюн айта берет. Бирок бүгүнкү Конституция өзүн коргоого мүмкүнчүлүгү бар экендигин далилдеди. 130 жыл ичинде Американын Конституциясына 27 жолу өзгөртүүлөр киргизилген, б.а. ар бир тогуз жылда болуп турган. Ал эми Кыргызстанда 2010-жылга чейин ар бир эки жылда Конституцияга өзгөртүү киргизип келгенбиз. Бүгүн биз кабыл алган Конституцияга алты жыл болду. Өзгөртүү киргизебиз деген оңой болбойт. Ишке ашканча дагы бир жыл өтөт. Ошентип биз деле Америкага жетейин деп калдык. Конституцияны өзгөртсө болот, бирок анын зарылдыгын бардык саясий күчтөр тааныганда гана ишке ашырса жарашат.

“Азаттык”: Кадыр мырза, сиз, Кыргызстандагы бир топ коомдук уюмдардын өкүлдөрү Конституциянын жаңы долбоорлорун жазып, азыркы Баш мыйзамды өзгөртүү керек, деп келатасыздар. Алардын варианттарындагы негизги өзгөчөлүктөр же окшоштуктар кайсы, кандай негизги принциптерди сунуштап жатышат?

Кадыр Кошалиев: Биз убагында “Элдик курултай” кыймылынын өкүлдөрү азыркы бийликке Конституциянын долбоорун жазып, референдум өткөрүү боюнча 300 миң кол топтойлу деп барганыбызда 2020-жылга чейин өзгөрбөйт деп жооп беришкен. Эми бул маселе кайрадан көтөрүлө баштады. Ошондуктан Конституцияны өзгөртүү кимдир бирөөлөргө болбойт, башкаларына болобу дегендей да ойлор кетүүдө.

Биз сунуштап жаткан Конституциялардын өзгөчөлүгү эмнеде? Ар бир улут өзүнүн улуттук баалуулуктарын баалап жашаса жолунан тайбайт. Тилекке каршы, биз жашап жаткан Конституция башынан аягына чейин батышчыл баалуулуктарга сугарылган, негизделген. Бүгүн анын иштебей, ага карата карама-каршылыктар көп болуп жатышы да ошондон. Бизде улуттук духта жазылган Конституциянын 13 долбоору бар. Булардын негизги өзгөчөлүгү улуттук баалуулуктарга негизделип жазылганында. Элдик бийлик Курултай институту аркылуу ишке ашат, деген принциптин киргизилгенинде.

Өмүрбек Текебаев: Азыркы Конституцияны батышчыл деп жатпайбы. Бийликтин үч бутактуу болору дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө бар. Батыш өлкөлөрүндө, теократия деген Иранда, күн чыгыш өлкөсү Жапонияда дагы үч бийлик бар. Булар дүйнөдө жок нерсени ойлоп таап, ошол үч бийликтин үстүнөн караган курултай дегенди коебуз, 500 адам катышат деп жатышат. Алар президенттин, өкмөттүн, Жогорку Соттун, Жогорку Кеңештин отчетун угуп, жакпаса таратат экен. Айткылачы, кайсы өлкөдө бардык бийликтерди бириктирген супер орган бар экен?

XS
SM
MD
LG