Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 03:17

Башкаруу системасын реформалоо саясаты иш жүзүндө жасалган менен Баш мыйзамды оңдоп тууралоого бийлик шашкан жок.

Баш мыйзамда жазылган бийлик түзүмүнө жана мамлекеттик кызматтарга байланыштуу бир катар аныктамалар бүгүнкү башкаруу системасында жок. Ошол себептүү президенттин реформасы негизинде түзүлгөн бийлик түзүмү баш мыйзамда бадырайып жазылып турган айрым беренелерге каршы келип калган. Бирок бийлик ал кенемтени толтуруп, баш мыйзамды оңдоого шашкан жок.

Деген менен ушул эле баш мыйзамдын президенттин ыйгарым укуктары тууралуу айтылган 46-беренесинин тогузунчу пунктунда карама-каршылыктуу аныктама бар. Анда - президент жеке өзү ага баш ийген мамлекеттик органдарды жоюп, түзүп, кайрадан жаңыртаары, алардын жетекчилерин дайындап жана кызматтан ала турганы айтылган. Адистердин айтымында, кептин баары ушул жерде жатат.

Акыркы реформалардын конституцияга каршы келип атканы тууралуу дооматтарга деле бийлик дал ушул беренеге таянып жооп бериши ыктымал. Бардык баш мыйзамда көрсөтүлгөн бийлик түзүмдөрү негизинен президентке баш ийгендиктен, оппозиция өкүлдөрүнүн арызына деле Конституциялык сот даяр жоопту берип, баш мыйзамда көрсөтүлгөндөй “президент өзүнө баш ийген органдарды жоюп, түзүп, кайра жаңыртып атканын” айтып коё алат.

БЭКтин саясий кеңешинин мүчөсү Топчубек Тургуналиевдин айтымында, баш мыйзамга өзгөртүүлөрдүн дале киргизилбей турушу, президенттик реформалардын дагы эле бүтө электигин кабарлап тургандай. Анын пикиринде, эң башкы мыйзам президенттин каалоосу болуп турганда баш мыйзамды шашпай, бардык маселелерди чечип алгандан кийин деле өзгөртүп коюшат:

- Конституцияга өзгөртүү киргизип, эми булар бери жагы 40-50гө жакын мыйзамдарды түп тамырынан өзгөрткөндө, авторитардык эмес, үй-бүлөлүк тоталитардык диктатураны ого бетер күчөтүүгө жол ачылат. Баш мыйзамды өзгөртүү элдин каалоосу менен болбойт. Ал Максим Бакиевдин тобунун пикири менен болот.

Ошондой эле Т.Тургуналиевдин пикиринде, Жогорку Кеңешти таркатуу планы даярдалып аткандыктан да баш мыйзамды оңдоо кечеңдеп аткан болушу ыктымал. Ал план даярдалары менен ушул парламентке баш мыйзамды өзгөртүү ишин тапшырып, миссия аткарылгандан кийин алар таркатылышы мүмкүн.

Мурдагы коопсуздук кеңеш катчысы Болот Жанузаковдун пикиринде, конституция кол жоолукка айланып, каалагандай бузулууда. Андыктан аны бүгүн оңдошсо да, эртең оңдошсо да айырма болбойт:

- Кийинки өзгөрүүлөрдү “реформа” деп катуу айтып жүрүшөт. Бирок ал менин оюмча реформа эмес. Биринин аткаруучу кызматын экинчисине тагып, үчүнчүсүнүкүн төртүнчүсүнө тагып иш оодарыштырып коюшту. Бул реформа эмес да. Ал эми баш мыйзамда көрсөтүлгөн кээ бир мамлекеттик кызматтардын жоюлуп кетиши, конституцияны түздөн-түз бузгандыкка жатат. Ушул баш аламандык акыры барып тетири чыкпаса эле болду.

Ушу кезге чейин бийлик баш мыйзамды кандайча аттап реформа жүргүзгөнүн ачык-так түшүндүрө элек. Айрым бийлик өкүлдөрү болсо реформа жасап алгандан кийин деле баш мыйзамды тууралап койсо болорун айтышкан:

Парламенттеги көпчүлүктү түзгөн президенттин “Ак жол” партиясынын мүчөсү, депутат Ажыбай Калмаматов мындай деген эле:

- Биринчи комитеттер агенттик болуп, же болбосо Коопсуздук кеңеши өзгөртүлүп, андан кийин Конституцияны ошого туура келтирип койсок болот. Бул жерде мамлекетке бир коркунуч келтире турган иш болгон жок. Иш токтоп калбасын деген негизде, иштин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.

Буга чейин эле парламентте айрым депутаттар баш мыйзам бузулуп атканын, аны оңдоп-түзөтүүнү тездетүү керектигин айтышкан. Бирок бийликтен андай сунуш дале түшө элек. Президенттин мамлекеттик башкарууну реформалоону жарыялаганына туура бир ай болду.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG