Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:01

Дүйнөлүк банктын маалыматы боюнча Кыргызстанда калктын 38% жакыр. Мамлекетте кедей кишилердин саны канткенде кыскарат? Бул тууралуу “Жаш ишкерлер ассоциациясынын” президенти Руслан Акматбек "Азаттыктын" суроолоруна жооп берди.

“Азаттык”: Дүйнөлүк банктын маалыматында Кыргызстанда калктын 38% жакыр адамдардын катарына кире турганы айтылууда. Бул канчалык негиздүү көрсөткүч?

Руслан Акматбек: Кыргызстандын Улуттук статистика комитетинин 2013-жылдагы маалыматында да элдин 38% жакыр жашап жатканы жазылган. Бул элдин жашоо-деңгээлине туура эле берилген баа. Жарандардын тапкан кирешесине карата чыгарылган баа боюнча биздин өлкөдө 2 миллион 135 киши кедей.

“Азаттык”: Айыл чарбасы менен мал чарбасындагы киреше бүдөмүк, ачык эместиги айтылып келет. Эгер ушул тармактардагы киреше анык санала турган болсо, 38% деген көрсөткүч азайышы мүмкүнбү?

Өнүккөн өлкөлөрдө айыл чарбасы менен кесипкөй фермерлер алектенет. Бизде үлүш жери бар кишилер гана дыйканчылык кылат. Бирок алардын жери аз. Андан канчалык пайда таба алат?

Руслан Акматбек: Кыргызстанда жашап жаткан 2 миллондон ашуун жакыр адамдын 73% айылда жашагандар түзөт. Алардын бир жылдык кирешеси 27 миң сомдун тегерегинде экени аныкталган. Бирок өтө жакыр жашагандардын да категориясы бар. Башкача айтканда, айына тапкан акчасы 1000 сомду түзгөндөр өтө жакыр болуп эсептелет. Эмне үчүн айыл эли жакыр? Себеби, элет жеринде жеке дыйканчылык менен көбүрөөк алектенишет. Фермерлик жокко эсе. Өнүккөн өлкөлөрдө айыл чарбасы менен кесипкөй фермерлер алектенет. Бизде үлүш жери бар кишилер гана дыйканчылык кылат. Бирок алардын жери аз. Андан канчалык пайда таба алат? Маселе ушунда. Аба ырайы таасир этип, пландалган түшүм жыйналбай калган учурлар көп эле болот. Андан сырткары, “дыйкандарга мамлекет канчалык колдоо көрсөтүп жатат?”,- деген суроо да бар.

“Азаттык”: Учурда Кыргызстан жакыр өлкөлөрдүн катарынан чыгып, орточо кирешелүү мамлекеттердин курамына кирген. Бирок топтун эң акыркы тепкичинде экен. Эгер стабилдүүлүк болбосо, кайра жакыр мамлекеттер катарына кошулуп калышы ыктымалдыгы айтылууда. Жогору көтөрүлүш үчүн өкмөттөн жана коомчулуктан эмне талап кылынат?

Руслан Акматбек: Адамдар жакырчылыкты өздөрүнүн аң-сезиминен жоюп салышы керек. Ооба, өкмөткө коюлуп жаткан талаптар бар, алардын көбү аткарылбай жатканы да туура. Бирок жарандардан да өз милдетин билүү талап кылынат. Жоопкерчиликке карата мамилени өзгөртүү зарыл. Мисалы, Кыргызстанда иштебей жүргөн жаш жараныбыз Орусияга барып, эртең менен саат 6да ойгонуп, короо шыпыргандан, көчө тазалагандан тартынбайт да, өз өлкөсүндө андай иштерди жасагысы келбейт. Дегеле, көбү өзүнчө иш баштаганды каалабайт. Бизде саат 9да ачылып, кадимкидей иштеп жаткан ишканалардын, дүкөндөрдүн саны өтө аз. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө саат 7де эле жашоо башталат.

Кыргызстанда иштебей жүргөн жаш жараныбыз Орусияга барып, эртең менен саат 6да ойгонуп, короо шыпыргандан, көчө тазалагандан тартынбайт да, өз өлкөсүндө андай иштерди жасагысы келбейт.

“Азаттык”: Кыргызстан жакында Бажы биримдигине кошулганы турат. Аны менен катар баалар да 20% чейин кымбаттаары айтылууда. Мындай шартта туруктуулукту сактап калуу канчалык оңой болот?

Руслан Акматбек: Туруктуулукту сактоо оор болот. Анткени, Бажы биримдигине кире электе баалар кымбаттап кетти. Бул негизинен жөнөкөй жарандарга терс таасир этет. Учурда өкмөттүн позициясы да бир аз түшүнүксүз болуп турат. “Кичине кыйналышыбыз мүмкүн” деп жатышат. Бирок биз буга чейин деле кыйналып келгенбиз-да. Дагы канча кыйналабыз, билбейм. Бул боюнча анык прогноз жок. Андан сырткары, Орусиянын экономикасындагы азыркы абалды да эске алыш керек. Кесепети бизге да тиет. Анын алдын алуучу аракеттерди көрүү зарыл.

P.S.: Дүйнөлүк банктын байкоосу боюнча 20 жыл мурда Кыргызстанда жашаган жакыр кишилер элдин 62% түзгөн. 2009-жылга келип 32% болгон. Бирок ошол жылдардагы коомдук бейстабилдүүлүктөн улам киреше табуу начарлап, жакырлар саны көбөйгөн.

Дүйнөлүк эсепте күнүмдүк кирешеси 2 доллардан көп болбогон адам, ал эми улуттук эсепте айлык кирешеси 2700 сомдон аз кишилер жакыр болуп эсептелет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG