Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:13

Украинадагы кыргыз мигрантынын тилеги


Украина. Днепропетровск. 21-апрель, 2012-жыл.
Украина. Днепропетровск. 21-апрель, 2012-жыл.

Украинада саясий абал курчуп турганы менен ал жакта иштеп жаткан кыргызстандык мигранттардын көбү жумушун улантууда. Алар негизинен, өлкө борбору Киевге жакын жерлерде жашайт.

Украинага үч жыл мурда Жалал-Абаддын Ноокен районунан барып, учурда Чернигов облусунда жашап жаткан 53 жаштагы Шукриниса Тойчубаева азыркы жашоосу тууралуу “Азаттыкка” айтып берди.

Тойчубаева: Кыргызстанга барсам дегенде эки көзүм төрт. Бирок жолдошум Украинанын жарандыгын алган. Анын кеткиси келбейт. Кыргызстанда апам кабатыр болуп жатат. Тез-тез телефон чалып, “Согуш болуп жатыптыр го, үйгө кайтпайсыңбы” дей берет... Бул жакка келгениме үч жыл болду. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу азыр аз-маз кыйынчылык болууда. Саясий абал курч болуп турганы үчүн кишилерде чочулоо бар. Орусиянын президенти Путин жүргүзүп жаткан саясаттан улам ушундай жагдай жаралганын угуп жатабыз.

“Азаттык”: Сиз азыр Украинанын кайсыл жериндесиз? Салгылашуу жүрүп жаткан аймактардан алыс элесизби?

Тойчубаева: Мен Чернигов облусундагы Козелец деген райондо жашайм. Бул жер тынч. Чыңалуу Украинанын чыгышында болуп жатат. Донецк, Словянск, Луганск жана Крымда.

“Азаттык”: Сиз жашап жаткан аймакта кандайдыр саясий чакырыктар же болбосо башаламандыктар болуп кетүү коркунучу жокпу?

Тойчубаева: Жок, тынч эле. Жакындан бери доллардын да курсу көтөрүлүп, бир аз кымбатчылык байкала баштады. Саясий чыңалуу сезилип жатат.

“Азаттык”: Ал жакта сизден башка кыргызстандыктар барбы? Катташып турасызбы?

Тойчубаева: Кыргызстандыктар көп эле. Мен билгенден эле 50-60 адам бар. Бирок биз кыргызстандык болгонубуз үчүн кандайдыр чектөөлөргө, кодулоого тушуга элекпиз. Өзбекстандыктар да бар. Алар да тынч эле иштеп жүрүшөт. Өз оокатыбыз менен убарабыз.

“Азаттык”: Сиз эмне жумуш кыласыз ал жакта?

Тойчубаева: Ашкана иштетем. Соода кылам. Кыргызстандыктардын көбү бул жакта соода менен алектенет.

“Азаттык”: Күздө Киевдеги майданда толкундоолор башталбадыбы. Ошол учурда кызыгып барып көргөн жоксузбу?

Тойчубаева: Барган эмесмин, андай акцияларга кызыкпайм.

“Азаттык”: Азыр Украина менен Орусиянын мамилеси солгундап турат эмеспи. Ал жактагы мигранттардын маанайын байкап көрдүңүзбү, кайсыл тараптын позициясын көбүрөөк колдошот?

Тойчубаева: Ар ким ар кандай. Бири Орусияныкы туура десе, бири Украинага жан тартат. Бул жактан кетүүнүн ташпишин кылып жүргөндөрү толтура. Анткени, Орусия аркылуу кетиш керек. Эки өлкө бир пикирге келип, жарашып алса экен деп тилеп жатабыз. Орустар менен украиндер бир тууган эмеспи. Ошондуктан, тынчып кетет го деп ишенип турабыз.

“Азаттыкка”: Кыргызстанга качан келейин деп жатасыз?

Тойчубаева: Буюруса, сентябрда барайын деп турам.

XS
SM
MD
LG