Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:22

Путин Франциянын президенттигине талапкер менен жолукту


Франциянын президенттигине талапкер Марин Ле Пен жана Орусиянын президенти Владимир Путин.
Франциянын президенттигине талапкер Марин Ле Пен жана Орусиянын президенти Владимир Путин.

Орусиянын президенти Владимир Путин Франциянын президенттигине талапкер, ашынган оңчул Марин Ле Пен менен жолукту.

Жолугушууда Путин Москва өзү каалаган француз саясатчысы менен жолугушууга укугу бар экенин белгиледи.

Мурда жарыяланбаган жолугушууда Путин ошондой эле Орусия француздардын шайлоосуна кийлигишүүнү көздөбөстүгүн кошумчалады.

- Биздин эки тараптуу алакаларыбыздын өнүгүүсү тууралуу жана Европадагы соңку кырдаал тууралуу сүйлөшсөк жакшы болмок. Сиз Европадагы ыкчам өнүгүп жаткан саясий күчтөрдүн өкүлү экениңизди билем. Сиз менен таанышканыма абдан кубанычтамын.

Буга чейин Ле Пен Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин менен Москвада жолугуп, Орусияга каршы санкциялардын алынышына жана “кара тизменин” жоюлушуна аракет кыларын билдирген.

XS
SM
MD
LG