Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:15

Египеттин экс-президенти Мубарак эркиндикке чыкты


Египетти отуз жылдай башкарган Хосни Мубарак.
Египетти отуз жылдай башкарган Хосни Мубарак.

Египеттин мурдагы президенти Хосни Мубарак алты жыл абакта отурган соң эркиндикке чыкты. Бул тууралуу анын адвокаты билдирди. Экс-президент аскерий ооруканадан Каирдин түндүгүндөгү Гелиополис районундагы үйүнө чыгып кеткени маалым болду.

Соңку беш жыл ал ден соолугуна байланыштуу дал ушул ооруканада дарыланып келген. Сотко аны тик учак менен алып келишчү.

Өлкөнү отуз жыл башкаргандан кийин Хосни Мубарак 2011-жылы бийликтен четтетилип, 2012-жылы жүздөгөн демонстранттарды өлтүргөн деген айып менен өмүр бою эркинен ажыратылган эле. Апелляциялык сот бул чечимди 2-мартта жокко чыгарган.

88 жаштагы Мубарак Египетти 1981-2011-жылдары башкарып турган.

XS
SM
MD
LG