Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:10

Беларуста “ бекерпоздук салыгына” каршы чыккан 130 активист камалды


Акцияга чыккан активисттерди кармоо уланууда.
Акцияга чыккан активисттерди кармоо уланууда.

Беларуста “ бекерпоздук салыгына” каршы чыккан 130дай активист 15 күнгө камалып, 25-мартта өтө турган жаңы митингдерге катыша алышпайт. Бул тууралуу Беларустагы укук коргоо топтору билдиришти.

24-мартта Минсктеги “Жаз” уюму билдиргендей, учурда дагы жаңы соттук иштер каралууда.

Ишембиде жыл сайын уюштурулуп келген Беларус Элдик Республикасынын жылдыгы белгиленмек. Активисттердин айтымында, бийлик 25-марттагы митинг элдик толкундоого айланып кетет деген кооптонуудан улам демонстранттарды жапырт камоого алууда.

Ал тапта Беларустун Коопсуздук кызматы 23-мартта куралдуу башаламан уюштурууга аракеттенди деген шек менен кармалгандардын саны 30га жетпестигин билдирди.

21-мартта Беларус, Украина, Литва жана Польшада машыгуудан өткөн жыйырмадай согушкер "өлкөдө куралдуу провокация уюштурганы жаткан" деген шек менен кармалганын президент Александр Лукашенко билдирген.

Активисттер жана Беларустагы оппозициячыл топтор президенттин сөздөрүн четке кагышты.

XS
SM
MD
LG