Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:26

Чеченстандагы чабуул үчүн жоопкерчиликти өзүнө “ИМ” алды


Улуттук гвардиянын башчысы Виктор Золотов .
Улуттук гвардиянын башчысы Виктор Золотов .

Орусиянын Чеченстан жумуриятындагы Улуттук гвардиянын аскерий бөлүгүнө жасалаган кол салуу үчүн жоопкерчиликти өзүнө “Ислам мамлекети” радикал тобу алды.

Экстремисттик уюм кол салууга “Вилаят Кавказ” тобунун согушкерлери катышканын билдирди.

Наурская станциясынын жака белинде жайгашкан аскерий бөлүккө алты жоочу түнкү саат эки жарымдарда кол салышкан. Улуттук гвардиянын башчысы Виктор Золотов билдиргендей, согушкерлер туман каптап турган учурдан пайдаланып, аскерий шаарчанын аймагына кирүүгө аракет кылышкан.

“Кагылышууда согушкерлердин бардыгы жок кылынды. Алардын жанынан курал-жабдуулар табылган. Ал эми экөөндө жанкечтилердин курлары болгон”-деп айтылаткомитет тараткан билдирүүдө.

Бул соңку эки жыл ичинде Чеченстандын аймагында жүргүзүлгөн эң ири кол салуу болуп калды.

XS
SM
MD
LG