Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:29

Укук коргоочулар күч түзүмдөрү тарабынан кыйноолорду азайтууга көңул бурулбай жатканын сындап чыгышты. Өткөн жылы прокуратурага кыйноолордон даттанган 200дөн ашуун арыз түшкөн. Бирок “далилдер жетишсиз” деген негиз менен анын ону гана сотко өткөн.

Ысык-Көл облусунун тургуну Азамат Деркембаев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин тергөөчүлөрү тарабынан кыйноого кабылганын, бирок анын арызын Башкы прокуратура кароодон баш тартканын айтып, укук коргоочуларга кайрылды.

32 жаштагы Азамат Деркембаев Ысык-Көлдүн Түп районунун тургуну. Ал быйыл 1-апрель күнү Бишкектеги убактылуу жашап жаткан үйүнө атайын кызмат өкүлдөрү келип, аны мекемеге алып кеткенин, тергөөчүлөрдүн токмогуна кабылганын айтып берди:

- Мени УКМКнын Жибек жолу көчөсүндөгү мекемесине алып барып, “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелип жатканымды айтышты. Мен ал уюмду жакшы билбестигимди, анын мүчөлөрү менен катышым жок экенин айттым. Андан кийин мени “Сириядагылар менен байланышың бар” деп айтышты. Ага да макул болбодум. Тергөөчүлөр мага бир кагаздарды сунуштап, кол койдурганга мажбурлашты. Көнбөй койдум. Анан эле мени сабап салышты. Башыма бир нерсени кийгизишип, колума кишен салып УКМКнын балдары сабашты... Эртең менен алып барып, кечинде бошотушту.

Азамат дин жолун тандап, сакал өстүрүп жүргөндүктөн, “Хизб-ут Тахрир” уюмуна мүчө деп шектелип, 2010-жылы “Кыргызстандан башка жака кетпөө” шарты менен соттолгон. Ошондон бери бир канча жолу күч кызматкерлери чакырып, кыйноого алганын айтат.

Башкы прокуратурадан Деркембаевдин иши боюнча тийиштүү далилдердин жоктугунан улам арызды кароодон баш тартканын билдиришти. Ага канааттанбаган Азамат президентке, омбудсменге жана Жогорку Кеңешке да кайрылган. Бирок алардан да кыйноо фактысы далилденбегени, муну прокуратура сунуштаган документтер тастыктаганы тууралуу жооп келген.

Азамат Деркембаев өзүнүн “хизбутчулардын” тизмесинде экени жарандык укугун коргоо үчүн күрөшүүдө тоскоол болуп жатканын, баш мыйзам диний жана башка өзгөчөлүктөрүнө карабай, атуулдарды бирдей коргоого алганы менен ал аткарылбай келатканын айтат:

- Мурда соттолсок эле адам катарынан чыгып калабызбы? Каалаган учурда эле барып, кармап келип, капаска камай береби?

Жакында эле адам укуктары боюнча иш алып барган эл аралык Хьюман Райтс Вотч, Фридом Хаус уюмдары Кыргызстанда кыйноо фактылары чечиле элек маселе бойдон калып жатканын жазып чыгышкан. Бириккен Улуттар уюмунун адам укуктары боюнча Женева шаарында эки ай мурун өткөн жыйынында да Кыргызстандагы негизги көйгөй катары ушул маселе айтылган.

Башкы прокурор Аида Салянова апрель айында парламентте баяндама жасап жатып, кыйноолор мурдагы жылдарга салыштырмалуу азайганын, далилденген фактыларга карата жаза колдонуларын билдирген.

Бирок Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун директору Бакыт Рысбеков жабык жайлардагы зомбулук маселе бойдон калып жатканын белгилейт:

- Өткөн жылы прокуратурага кыйноолорго байланыштуу 200дөн ашуун арыз түшкөн. Анын ону гана сотко өттү. Басымдуу бөлүгүнө "далил жетишсиз" деп кылмыш ишин козгоодон баш тартышты. Муну биз прокуратурада бул жаатта алгылыктуу иш-аракеттер жок деп түшүнсөк болот.

Бакыт Рысбеков кыйноо фактылары боюнча иликтөөлөрдү жандантуу үчүн прокуратуранын алдында кыйноолорду териштирүүчү атайын кызмат ачыш зарыл экенин, кыйноого кабылгандарды катардагы тергөөчү эмес, тажрыйбалуу адис тергеши керектигин айтат.

Бирок Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин өкүлү Рахат Сулайманов кыйноо жөнүндөгү сөздөр чындыкка дал келбестигин белгилейт:

- Сурак берип жаткан адам тергөөгө адвокаты менен келет. Акыйкатчы да келип, текшерип турат. Эгер кыйноо фактылары болсо адвокаттар, акыйкатчы айтып чыкмак да. Алар айткан жок. Ушул эле жетиштүү көрсөткүч деп ойлоймун.

Атайын кызмат өкүлү бул жаатта маселе жок деп айтканы менен, бийликтин бир бутагы болгон Жогорку Кеңештин адам укуктары, конституциялык мыйзамдар жана мамлекеттик түзүлүш боюнча комитетинин төрага орун басары Абдыжапар Бекматов Кыргызстанда кыйноолор колдонулуп жатканын белгилейт. Депутат бул үчүн күч кызматкерлерине эмес, жарандардын өздөрүнө күнөө коёт:

- Жарандарды күч кызматкери кармап, милицияга же УКМКга алып барып тергөө учурунда кыйноого алып жатканы жашыруун эмес. Көп учурда негизсиз кармоолор болорун да билебиз. Эртең менен алып барып, кечинде бошотуп жиберсе, сүйүнүп эле кетип калгандар көп. Бирок аны далилдеп бере алгыдай, биздин жарандарда укуктук сабат жок. Айрымдары бир топ убакыттан кийин арызданат, далили үчүн эч нерсе жок. Ошондон улам кыйноолор менен күрөшүүдө чабалдык байкалып жатат.

Адистердин иликтөөсүнө ылайык, кыйноолор негизинен тергөө учурунда колдонулат. Суракка келгендер физикалык кыйноодон сырткары, моралдык зомбулукка тушугушат. Мындан улам кайра күч органына баргысы келбеген киши тийиштүү жерлерге арызданууну каалабайт.

Кыргызстанда кыйноо колдонгону үчүн алгач ирет, быйыл апрелде Жалал-Абадда эки милиционер 11 жылга эркинен ажыратылган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG