Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Өзбекстан ислам кыймылы Пешаварда кыргын салгандарды колдоду


Пешаварда террорчулардын огунан мерт кеткен балдарды эскерүү. 19-декабрь, 2014-жыл.
Пешаварда террорчулардын огунан мерт кеткен балдарды эскерүү. 19-декабрь, 2014-жыл.

Өзбекстан ислам кыймылы Пакистандын Пешавар шаарындагы мектепте уюштурулган террордук аракетти колдоду жана алдыда мындай кол салуулар дагы ишке ашуусу мүмкүн экендигин эскертти.

Террорду уюштургандар 148 кишинин, анын ичинде 140 баланын өмүрүн алган бул окуяны шариятка дал келбеген режимдерди колдогону үчүн Пакистан бийлигинен өч алуу деп айткан эле.

Пакистандагы аскерий мектепте 140 окуучу менен сегиз мугалимдин өмүрүн алган окуяга жоопкерчиликти мамлекеттеги “Тахрики талибан” тобу моюнуна алган.

Пакистандагы гезит-журналдарда жарыяланган макалаларга ылайык, Өзбекстан ислам кыймылы бул кол салууну мусулмандардын пайгамбары Мухаммед алейхиссаламдын үмөттөрүнүн арасында “теңдик жана адилеттик куруу” үчүн ишке ашырылган “жихаддык аракет” деп сыпаттаган. Өзбекстан ислам кыймылынын 17-декабрда жарыялаган баяндамасына топтун басма сөз катчысы Яхя Хикматий кол койгон.

Баяндамада бул “АКШга кызмат кылып жаткан Пакистан өкмөтү” тарабынан башкарылуучу мектеп жана коллеждерге жасала турган соккулардын алгачкысы экени эскертилген.

Кыймылдын расмий сайтында жарыяланган жана 22-декабрь күнү Пакистан, Ооганстан, Индия басма сөзүндө кеңири жазылган баяндамада Пешаварда өлтүрүлгөн балдар “динсиздердин режимине” кызмат кылып жаткандардын перзенттери экени жана бул миңдеген мусулмандардын курман болгон балдары үчүн өч алуу экендиги белгиленген.

Пакистан медиасындагы маалыматтарга ылайык, Өзбекстан ислам кыймылы аталган өлкөдөгү бир канча ири кол салууларды уюштурган Мухаммад Хуросоний башчылык кылган согушкерлер тобунун аракеттерин толук кубаттап келүүдө. Хуросоний башкарган топ ушул күнгө чейин жогорку деңгээлде корголгон деп саналган текшерип-өткөрүү пункттарындагы, коллеждердеги жардырууларга жооптуу экени айтылат.

Пешавардагы аскерий мектепке кол салуу боюнча жазылган баяндамада Өзбекстан ислам кыймылы 2007-жылы Лаъл мечитиндеги окуяны да эске салып өттү. Кыймылдын маалыматына ылайык, мечитти ээлөө учурунда жана 2004-2014-жылдар аралыгында Пакистан армиясы тарабынан “жүздөгөн бейкүнөө балдар” өлтүрүлгөн.

Ошондой эле кыймыл Пакистан армиясынын Вазиристан аймагында ишке ашырып жаткан аскерий аракеттери да ондогон мусулмандардын өлүмүнө себеп болуп жатканын белгилеген.

Баяндама соңунда кыймыл Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф менен мамлекет армиясынын башкы штабынын жетекчиси, генерал Рахил Шарифке кайрылган. Анда:

- Эй Наваз жана Рахил! Сиздер мусулмандардын балдарын өлтүрүү менен өзүңөрдүн перзенттериңерге өлүм чечимин чыгаргансыңар!,- деп коркутуу иретинде жазылган.

Өзбекстан ислам кыймылынын шарты боюнча, эгер Пакистан армиясы жана жетекчилери Пешавардагы кол салуудан сабак алып, Вазиристан аймагындагы соккуларды токтотпосо, аскерий кудуретинин баарын өздөрүнүн балдары окуп жаткан мектеп жана коллеждерди коргоо үчүн сарптаганга туура келет.

Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф 16-декабрь күнү дүйнө жүзүнүн үшүн алган Пешавардагы окуядан соң террорчулук менен айыпталгандарга кайрадан өлүм жазасын колдонуу боюнча буйрукка кол койгон. Ошондой эле экстремисттик топторго каршы күрөштү жандантуу үчүн армиядагы аскерий даярдыкты күчөтүү зарыл экенин билдирген.

16-декабрь күнкү окуяда мектеп сегиз саат барымтага алынган. Куткаруу жараянында тогуз согушкер өлтүрүлгөн. Окуяга жоопкерчиликти алган “Тахрики талибан” тобунун башчысы Мухаммад Хуросоний:

- Биз кол салуу үчүн аскерий мектепти тандадык. Себеби, өкмөт күчтөрү биздин үй-бүлөбүзгө, жубайларыбызга сокку уруп жатат,- деген болчу.

Пешавардагы кандуу окуядан соң Пакистанда үч күндүк аза күтүү жарыяланган. 21-декабрь күнү кол салууга байланыштуу бир канча адам кармалганы кабарланган. Ички иштер министри Чаудхри Нисар Али Хан тергөө ыкчам жүрүп жатканын билдирген. Бирок канча киши колго түшкөнүн жана алар кимдер экенин ачык айткан эмес.

Макаланы өзбек тилинен Санжар Эралиев которду.

XS
SM
MD
LG