Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:04

Он миң сом үчүн чырак өмүр жалп өчтү


Шерзат Алимбековдун каты
Шерзат Алимбековдун каты

Сузак районунда уурулукка айыпталган 9-класстын окуучусу асынып алды. Маркумдун ата-энеси буга айылдаш жигит жана милиция кызматкерлери күнөөлүү экенин айтышууда. Бирок берки тарап жана милиция баары мыйзам чегинде болгонун билдирди.

Суук кабар Сымкат айылын желдей аралап, Алимбековдордун турмушун аңтар-теңтер кылып кетти. Бул үй-бүлө 9-класста окуган чырактай уулунан ажырап, аза күтүп турган чагы.

Шерзат Алимбеков 23-октябрь күнү кечке жуук өз үйүндө асынып алып, ооруканага жетпей каза болгон. Маркумдун абасы Эркинбек Алимбеков баланын өлүмүнө себеп болгон жагдайды мындайча түшүндүрдү:

Шерзат Алимбеков
Шерзат Алимбеков

- Мурда милицияда иштеген Бакыт Токтосунов аттуу кишинин Кубаныч аттуу баласы унаасынан 10 миң сомун жоготуп алган экен. Анан инимди ур-токмокко алып, коркуткан. Иним күнөөнү аргасыз моюнуна алганын айтып, "ушул иштин акырына чыгып бериңиз, мен акмын" деген. Ушундан кийин биз милиция бөлүмүнө келип, жетекчисине жолуккан элек. Бирок ал дагы "арыздансаңар балаңарды каматып жиберем" деп какканынан баса бергенбиз. Иниме келип "сен күнөөңдү моюнуңа алыпсың го" дедим. Ошондо иним "чындыкты далилдейм же асынам" деп айтты. Бала эмеспи деп сөзүнө анча маани берген эмеспиз.

16-октябрда Сузак райондук ички иштер бөлүмүнө караштуу Октябрь аймактык милиция бөлүмүнө 9-класстын окуучусу Шерзат Алимбековду милиция кызматкерлери алып келип, эч кимди катыштырбай суракка алган.

Андан соң атасы Талант Алимбековду чакырып, баласы уурулукка айыпталып жатканын билдирген. Ал милиция кызматкерлери баласын жактоочу менен ата-энесин катыштырбай суракка алганын, бул мыйзамсыз экенин айтты:

- Чындыгында милиция кызматкерлери ошол күнү баламды ата-энесиз же мугалимдеринин катышуусуз берки жигиттин көзүнчө суракка алган. Мени чакырышканынан барсам, балама түшүнүк кат жаздыртып коюптур. Уулум буга чейин бирөөлөрдүн ажатканасын казып, 3500 сом алган экен. Ал акчаны милициялар чөнтөгүнөн далил катары алыптыр. Айлам түгөнгөндө баламды айыптап жаткан адамдарга 10 миң сомун төлөп берип, алардан "доом жок" деген тосмо арыз алып келгем. Бирок милиция кызматкерлери баламдын акчасын кайтарып берген жок. Алар мурда милицияда иштеген Бакыт Токтосуновдун сөзүн сүйлөп туруп алышты.

Өспүрүм жанын кыяр алдында кат жазып кеткен. Анда күнөөсү жок экенин, аны уурулукка айыптаган тарап бакка алып барып катуу сабаганын баяндаган. Орусияда иштеп жүргөн апасын бир көрүүнү эңсегенин сөз арасында кыпчый кеткен.

- Стол үстүнө калтырган катында “Ата, мен алардын бир сомун да алган эмесмин. Түндө мени Кубаныч ур-токмокко алып, өлтүрөм деп коркутту. Милицияканага барганда күнөөнү аргасыз моюнга алгам. Мени ак жерден уяткарып, жаманатты кылышты. Мен үчүн берген 10 миң сомуңузду 100 миң сом кылып төлөтүп берем. Апам келсе, эки күндөн кийин мени көрсө керек" деп жазыптыр. Ким күнөөлүү болсо да мыйзам алдында жазасын тартсын, - дейт маркумдун атасы Талантбек Алимбеков:

Өспүрүмдүн сабалышы боюнча укук коргоо органдары иш козгой элек. Анткени Шерзат Алимбеков соттук медициналык кароодон өтүүдөн жана ооруканага жатуудан баш тарткан. Окуучунун жакындары муну Шерзат досторуна жана айылдаштарына уят болууну каалабаганы менен түшүндүрүштү.

Ал эми айыпталып жаткан Бакыт Токтосунов Шерзаттын өлүмүнө акчасын уурдаткан уулунун да, өзүнүн да тиешеси жок экенин, уурулук фактысын айылдык милиция далилдегенин айтууда.

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Кемсинтүүдөн өчкөн өмүр

Эксперттер маселе кайдыгерликтен чыкканын жана коомдо бейбаш балдар активист катары баркталып баратканына кооптонууда.

- Баламдын акчасын уурдаган соң милицияга арыз жазган элек. Шерзаттын күнөөсү толук далилденип, акчаны төлөп беришкен. Акча уурдаган баласы досторуна ичимдик алып бергенин жана майрамдап жүргөнүн милиция аныктаган. Кийин атасы бир айылданбыз деп суранганынан тосмо арыз жазып бергенбиз. Баласы каза болсо бизге эмнеге күнөө коюп жатышат? Ур-токмокко алды деген сөзү да жалган. Балага жакшы тарбия берсе, ушул окуя болбойт эле.

Ал эми облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Мыктыбек Турдукулов милициянын аракети мыйзамдуу болгон деп билдирди:

- Бул факты боюнча убагында кылмыш иши козголуп, уурулукка шектүү катары Шерзат Алимбеков кармалган. Ошол замат анын жакындарына билдирүү берилген. Кармалган учурда өспүрүмдүн жанынан жоголгон тир мылтыгы жана акча табылган. Бул ишке учурда юридикалык баа берүү жагы каралууда. Ал эми маркумдун жакындары милициянын үстүнөн арызданган эмес.

2002-жылы туулган Шерзат Алимбеков төрт бир туугандын кичүүсү болчу. Апасы менен улуу агасынын чет жакта иштеп жүргөнүнө көп жыл болгон. Маркумдун жакындары Шерзатты каза болгон күнү соттук медициналык экспертизадан өткөрүп, ишти кылдат иликтөөнү талап кылышты.

"Ата, уурулук кылган эмесмин..."
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:32 0:00

PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

XS
SM
MD
LG