Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:47

Москвадагы Карнеги борборунун теңтөрагасы, ислам таануучу Алексей Малашенко диний радикалдашуу жаатында “Азаттыктын” кабарчысы менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Миграция жана диний радикалдашуу. Бул эки сөздүн бири-бирине байланышы барбы?

Малашенко: Орусиядагы мусулман миграциясынын агымы жөнүндө сөз болгондо сырткы жана ички миграцияны тең караш керек. Ички миграция кавказ элдери менен толукталып турат.

Сиз айткан эки сөз соңку жылдары бири-бирине байланыштуу болуп калды. Ушул тапта Орусияда төрт жарым миллиондон ашуун мусулман бар. Алардын баары салттуу ислам дининин эрежелерин колдонуп, бирдей көз карашта жүрөт деп айтуу кыйын.

Орусияга Өзбекстандан, Кыргызстандан жана Тажикстандан келип жаткан мигранттар бул жактагы Орусиядагы мусулмандар менен, тагыраак айтканда, татарлар менен баарлашат. Ошол эле учурда кавказдык мигранттар менен да сүйлөшөт. Кавказдагы диний маанай татаалдашып турганын билебиз. Эки жолку Чечен согушу эсибизде. Радикал көз караштагы салафийлер Дагестанда да, Кабардин-Балкарда, жалпы эле Түндүк Кавказда көп жана күчтүү экенин билебиз. Мигранттар менен алардын ортосунда маалымат алмашуу сөзсүз түрдө болот. Маалымат алмашуу ислам жөнүндө эмес, бул диндин саясатка таасир этишин жана исламга карата куугунтукту талкуулашат. Диний амалдарды нааразылык формасы катары пайдаланууну сүйлөшөт. Бул деле радикалдашууга жол ачат.

Орустардын баары мусулман мигрантты кучак жайып күтүп алууга даяр деп айта албайбыз. Аларга карата терс маанай өкүм сүрөт. Натыйжада, мигрант исламды өзүн коргоо максатында колдонот. Бул барып-барып радикал мүнөзгө ээ боло баштайт.

Мигранттар Орусияга иштегени келген учурда социалдык, экономикалык, каржылык кыйынчылыктарга тушугат. Сырттан келгендерге зомбулук көрсөткөн такырбаштарга жолугат. Орустардын баары мусулман мигрантты кучак жайып күтүп алууга даяр деп айта албайбыз. Аларга карата терс маанай өкүм сүрөт. Натыйжада, мигрант исламды өзүн коргоо максатында колдонот. Бул барып-барып радикал мүнөзгө ээ боло баштайт.

“Азаттык”: Демек, радикалдашууга ушул эле себеп болуп жатабы?

Малашенко: Орусияга келген айрым мигранттар мечиттерде кызмат кылышат. Бул жактагы имамдардын 17 пайызга жакыны тажиктер. Бул өтө кызык. Бизге маалым болгондой, Тажикстанда “Ислам кайра жаралуу партиясы” бар. Деги эле, Борбор Азияда “Хизб ут-Тахрир” партиясы активдүү. Бул партия экстремисттик багытта иш жүргүзөт дегенден алысмын, бирок радикалдуу мүнөзгө ээ. Анын мүчөлөрү курал-жарак менен эмес, үгүттөө жана саясий жолдор аркылуу халифат орнотууну көздөйт. “Хизб ут-Тахрирдин” активдүү мүчөлөрү Фергана өрөөнүндө. Тагыраак айтканда, Өзбекстанда. Бирок президент Ислам Каримов “хизбутчуларды” өз өлкөсүнөн сүрүп чыгаруу аракетин көрүп келет. Алар каякка барышат? Негизинен Орусияга келишет. Ооба, алар бул жакта мигрант болуп иштейт. Бирок “Хизб ут-Тахрирдин” идеологиясы алар менен чогуу экенин унутпашыбыз керек. Ал идоелогия – радикалдуу. Үгүт иштери токтой элек. Таратма адабияттары жетиштүү. Азыр Орусиянын ондогон шаарларында ал партиянын үгүттөөчүлөрү бар. Бул пикирим шаарларда жанкечтилер жүрөт дегенди түшүндүрбөйт. Бирок жетиштүү деңгээлде радикал исламды жайылтуу аракети болууда. Демек, Орусияда мусулман миграциясынын көбөйүшү – радикалдуулуктун өсүшүн шарттоодо.

“Азаттык”: Радикалдашуу эгер мигранттардын эсебинен өсүп жаткан болсо, анда Орусиянын кайсыл аймагында көбүрөөк? Байкоо жүргүзүлгөнбү?

Малашенко: Радикал маанай Түндүк Кавказ, Урал аймактарында өсүп жатат. Анткени, ал аймактарда салафий агымындагылар көп жана дайыма коомчулукка өз идеологиясын жайылтып турат. Негизинен, жаштар арасында үгүт иштери күч. Радикалдашуунун өсүшү жөнүндө сөз кылганда эч качан дүрбөлөңгө түшпөө керек. Эртең эле бизде да Ирак же Сириядагыдай абал болуп калат, деп ойлоо да туура эмес.

“Азаттык”: Кыргызстандын күч органдары Сирияга согушка кетип жаткан кыргыз жарандарынын көпчүлүгү Орусияга иштегени келип, жашыруун радикал топтордун азгырыгына алданып калган жаштар экенин билдирди. Андай жашыруун топтордун аракети жөнүндө кандай байкоолоруңуз бар?

Малашенко: Кыргызстандан бул жакка келип радикал кыймылдардын катарына кантип кошулуп калары тууралуу айтуу өтө татаал. Ал эмес, Сирияда согушуп жүргөн чет элдиктердин санын да билбейбиз. Ал жакта Франциядан да, Англиядан да кишилер бар. Орусиянын өзүнөн 400дөн 2000ге чейин жаран Сирияга кетип калганы жөнүндө айтылууда. Ооба, Орусиядагы мигрантты торго түшүрүү оңой. Бирок Орусия согуш жүрүп жаткан Сирия же Ирак менен чектешпейт. Орусияда радикал топко кошулган кишилер көбүнчө Түркия аркылуу кетет. Же Ооганстанга барып, ал жактан нары согуш талаасына жөнөйт.

Ооба, Орусиядагы мигрантты торго түшүрүү оңой. Бирок Орусия согуш жүрүп жаткан Сирия же Ирак менен чектешпейт. Орусияда радикал топко кошулган кишилер көбүнчө Түркия аркылуу кетет. Же Ооганстанга барып, ал жактан нары согуш талаасына жөнөйт.

“Азаттык”: Москвадагы мигранттарды тузакка тартып жаткан жашыруун радикал топтор жана алардын мүчөлөрү тууралуу эмне айта аласыз?

Малашенко: Муну байкоо оңой эмес. Анткени, Москва – борбор. Миллиондогон эл бар. Күч органдары тынымсыз көзөмөл жүргүзүп турат. Ошондуктан, андай кыймылдар Москвага караганда башка шаарларда күчтүү деп ойлойм. Ошол эле Урал, Волга аймактарында, Кавказда. Тамыр жайган жашыруун кыймылдардын бири жакында эле Астраханда табылды. Андайлар башка жерлерде үгүт иштерин жасап эле жүрөт.

“Азаттык”: Мусулман эместер арасында исламды радикал дин катары кабыл алгандар арбын. Чындыгында, андай эмес да...

Малашенко: Ооба, салттуу ислам радикалдуу эмес. Бирок динди саясат жолунда пайдалануу радикалдашуунун күчөйүшүн шарттап жатат. Дагы айта кетчү сөз, диний агымдардын маалыматтары менен гана сугарылган кишилердин дүйнө таанымын өстүрүү керек. Кечке эле басып алуу, жек көрүү сыяктуу сөздөрдү уга берген адам радикалдаша берет. Алар менен жакындары, достору дүйнөдө болуп жаткан жакшылыктар жөнүндө көбүрөөк сүйлөшүүсү зарыл.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG