Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:02

«Казахгейт» коррупция чатагы майда иш менен аяктады


Америкалык бизнесмен Жеймс Гиффен (солдо) менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.
Америкалык бизнесмен Жеймс Гиффен (солдо) менен Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев.

Жети жылга созулган «Казахгейт» паракорлук чатагынын дайыны ачылганы жатат. Америкалык ишкер Жеймс Гиффен 6-августта Нью-Йорк шаарынын федералдык сотунда майда мыйзам буздум деп мойнуна алды. Ошентип, 69 жашар Жеймс Гиффендин билдирүүсү менен Батыштын ири кара май корпорациялары жана казак президенти Назарбаевдин өзү аралашкан жанжал күтүлгөндөй эле уу-дуусуз аяктады.

Жети жылдык талаш-тартыштардан кийин, сотту улам кийинкиге жылдырып атып, бир нече миллион доллардык паракорлук чатактын башы акыры ачылды.

Жума күнү Нью-Йорктогу сот териштирүүсүнөн кийин жылмайып чыккан Жеймс Гиффендин иши административдик жаза жана кыска камак мөөнөтү менен гана чектеле турганы белгилүү болду. Андан тышкары ал, буга чейин айтылгандай, 10 млн.доллар эмес, болгону 250 миң доллар гана айып пул төлөй турган болду.

Казак президент Нурсултан Назарбаевдин мурдагы кеңешчиси Гиффен АКШнын ири кара май компанияларынын атынан «80 миллион долларга барабар акчаны эч кимге билдирбей туруп, Швейцариядагы банктардын эсептерине которгон» деп айыпталып, 2003-жылы кармалган. Айыптоочулардын айтымында, Казакстандын жогорку дэңгээлдеги бийлик кызматкерлери, анын ичинде Нурсултан Назарбаев жана мурдагы премьер-министр Балгимбаев, ал акчаны зергер буюмдарын, баалуу терилерди, кемелерди жана шаан-шөкөт буюмдарын сатып алууга пайдаланган.

АКШдагы «Тышкы саясат» (Foreign Policy) журналынын редактору Стив Левайн бул сот ишинин натыйжасын такыр эле укмуш деп атады.

Бул иш жөнүндө алгач жети жыл мурун белгилүү болгон. Анда ал Американын тарыхында эл аралык дэңгээлдеги коррупция менен байланышкан эң чоң кылмыштардын бири катары аталган эле. Жеймс Гиффен узак мөөнөткө абакка отура турганы күтүлгөн. Бирок, натыйжада, бардык айыптар Гиффен үчүн ийгиликтүү алынып салынды, - деп билдирди Левайн мырза.

«Казак бийлиги сотту болтурбай коюуга бардык аракеттерин жумшады. Вашингтондун жана Нью-Йорктун эң мыкты юридикалык уюмдарына акча төлөп, ал сот ишинин каалагандай натыйжага алып келиши үчүн көп каражат жумшады. Алар жок эле дегенде Назарбаевдин буга катышын жашырууга аракет кылышты», - деди Стив Левайн.

Ал эми Гиффендин адвокатынын айтымында, эгер Гиффенге каршы коюлган айыптар далилденген күндө деле ал күнөөсүз эле аныкталмак. Гиффен өзү Американын Борбордук Чалгын Кызматы менен иштешкенин, аны Казакстан менен байланыш түзүү үчүн гана колдонушканын айтты.

Расмий Астана тараптан эч кандай жооп чыга элек.

XS
SM
MD
LG