Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:06

Космоско жетпей калган кыргызстандыктар


Ысык-Көл (үстүңкү солдо) жана Эл аралык космос бекети. Сүрөт "Атлантис" кемесинен тартылган, 8-сентябрь 2000-ж.

Ысык-Көл (үстүңкү солдо) жана Эл аралык космос бекети. Сүрөт "Атлантис" кемесинен тартылган, 8-сентябрь 2000-ж.

Юрий Гагарин менен бирге космоско алгачкы жолу учууга эки кыргызстандык да кошо даярданган.

Дүйнөдөгү алгачкы космонавт Юрий Гагарин болгону менен, анын ордуна толугу менен кыргызстандык боз улан болуп калышы ыктымал эле.

Советтер мезгилиндеги көп жашыруун маалыматтар акырындык менен ачыкка чыккан сайын, Кыргызстандын космосту өздөштүрүүгө жана изилдөөгө кошкон салымы да белгилүү боло баштады.

​Ырайымсыз сыноолордон иргелген соң, биринчи космонавттар тобуна Гагаринди кошкондо 20 адам кабыл алынган.

Алардын арасында эки алатоолук да болгон. Экөө тең Жалал-Абаддан жана экөө тең шаардагы учурдагы Жусуп Бакиев атындагы №3 орто мектепте окуган.

Юрий Гагарин, Байкоңур, Казакстан, 12-апрель 1961-ж.

Юрий Гагарин, Байкоңур, Казакстан, 12-апрель 1961-ж.

Космоско тарыхта алгачкы сапарга аттана тургандардын тизмесине Жалал-Абад областынын Сузак районундагы Бек-Абад айылында 1933-жылы туулган Марс Рафиков жана 1934-жылкы шаардын тургуну Валентин Варламов илинген. Алар СССРдин Космонавттардын биринчи отрядына кабыл алынып, "Восток" кемесинде космосту багындырууга даярдыктан өтүшкөн.

Рафиковдун атасы Дүйнөлүк экинчи согушта Украинадагы Харьковдун жанында каза тапкан. Жалалабаддык 26 жаштагы жигиттин тилекке каршы, аялы менен ажырашуу ниети совет жетекчилигине жетип, Рафиковдун кадамы ал учурдагы "советтик космонавттын образына жана коммунисттик идеалдарга дал келбейт" деген жүйө менен отряддан бошотулган. Аскер аба күчтөрүнүн башкы командачысынын №80 токтомунда "Рафиков белгиленген тартипти бузду" деп жазылган.

Марс Рафиков

Марс Рафиков

Андан соң Гагариндин курбусу кыргызстандык Рафиков аскер учкуч болуп Германияда, Кавказда, Крымда жана Ооганстанда кызмат өтөгөн. Учкуч катары эки ирет СССРдин Кызыл Жылдыз ордени менен сыйланып, 1982-жылы пенсияга чыккан. Марс Рафиков 2000-жылы жүрөгү кармап Алматыда көз жумган.

Рафиковдон бир класс төмөн окуган Валентин Варламов Гагарин менен бирге космоско учуучу акыркы алты талапкердин тизмесине илинет. Варламовдун үй-бүлөсү Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин Кыргызстанга жер которгон.

Валентин Варламов

Валентин Варламов

Жалалабаддык 25 жаштагы Варламов күндүн аптабында Жылдыздар шаарчасынын жанындагы Медвежьи озера көлмөгүнө секирип, моюнун оорутуп алат. Дарыгерлер ага космоско учууга тыюу салат. Бирок кыргызстандык Варламов өмүрүнүн аягына чейин космонавттардын отрядында иштеди.

Жалал-Абаддык Варламов өтө маанилүү, ары татаал СССРдин Борбордук космос учуу башкармалыгынын жетекчи орун басары кызматына чейин жеткен. Валентин Варламов 46 жашында кокустан жыгылып, мээсине кан куюлуп, 1980-жылы Жылдыздар шаарчасында каза тапкан.

Ысык-Көл, Балхаш жана Эл аралык космос бекети, 8-сентябрь 2000-ж.

Ысык-Көл, Балхаш жана Эл аралык космос бекети, 8-сентябрь 2000-ж.

Кыргызстандык Валентин Варламов менен Марс Рафиков космоско учпаса да, алар алгачкы космонавттар тобуна илинген. Өкүнүчтүүсү, бул маалыматтар тарых китептерине кирген эмес.

Космосту көздөп, ал жакка жетпей калган жердештери тууралуу маалыматтарды архивдерден издеп, сүрөттөрүн жана кармаган буюмдарын көздүн карегиндей сактап, ар бир кагазды күкүмдөп терип, келечек муунга үлгү болсун деген ниетте Варламов жана Рафиковдун чакан экспозициясы Жалал-Абад музейинде бир нече жыл мурда ачылган.

Музейдин түптөөчүсү Василий Трунов жана жетекчиси Венера Мусина убагында бул тарыхый артефакттарды чогулткан.

"Арашан" бальзамы.

"Арашан" бальзамы.

Космос демекчи, кыргызстандыктар 1998-жылга чейин космоско учпаса да, Кыргызстанда өндүрүлгөн ичимдик космонавттарга жөнөтүлүп турган.

"Советская торговля" гезити убагында жазгандай, 1974–1976-жылдары профессор, медицина илимдеринин доктору Арстанбек Алтымышев иштеп чыккан "Арашан" бальзамы тарыхка космоско жөнөтүлгөн биринчи спирттик ичимдик катары кирген.

Советтер убагында "космосто алкоголь ичилбейт" делгени менен, кийинчерээк космонавттар өздөрүнүн эскерүү китептеринде (мемуарларында) "космосто коньяк иччүбүз" деп жазышкан.

Салижан Шарипов.

Салижан Шарипов.

Космосто жаңырган алгачкы кыргызча ыр – "Жылдыздуу жердешим" Эл аралык космос бекетинде 2005-жылдын 12-апрелинде жаңырган.

Космонавтика күнүнө карата кыргызстандык космонавтка белек катары ыр арноо демилгесин Гүлнара Тойгонбаева көтөргөн. Анын "Азаттыкка" айтымында, ырдын обонун ал курбусу Жамила Муратова экөө, ал эми сөзүн Кыялбек Урманбетов жаратышкан. Ырды Королёв шаарындагы Учууларды башкаруу борборунан космоско жиберишет.

"Биз үчүн бул чындыгында эле маанилүү окуя болду. Салижан мага жолукканда буларды айтты: “Мен Жерди терезеден карап, ушул ырды угуп жаттым. Бул таасир жана эмоцияларды мен эч качан унутпайм”. Космосто жүргөн жердешибиз Салижан Шарипов абдан сүйүнгөнүн жашырган жок", – деп ой бөлүштү Тойгонбаева.

Ырчы Гүлнара Тойгонбаева жана обончу Жамила Муратова, 9-май 2013-ж.

Ырчы Гүлнара Тойгонбаева жана обончу Жамила Муратова, 9-май 2013-ж.

Ошентип Гүлнара Тойгонбаеванын аткаруусундагы туңгуч кыргызстандык космонавт Шариповго арналган ыр тарыхта космосто кыргыз тилинде жаңырган биринчи музыкалык чыгарма болуп калды.

Музыка демекчи, америкалык ырчы Леди Гага тарыхта алгачкы жолу космосто концерт берет. АКШнын Нью-Мексико штатындагы "Спейспорт Америка" космос бекетинен 2015-жылы учуп, "Вөржин Галактик СпейсШип–2" кемесинде "Тартылуу күчү нөл колониясы" аттуу фестивалдын алкагында концерт берет. Бул тууралуу 27 жаштагы Леди Гага өзү Твиттер түйүнү аркылуу 6-ноябрда кабарлаган.

Космосту изилдөөгө Кыргызстандын да салымы бар. Мурдагы Автоматика институту, учурдагы Машине куруу институтунун адистери өткөн кылымдын 60–70-жылдарында Советтер союзунун Айды изилдөө программасынын алкагында космоско учурулчу кемелердин, ракеталардын жана чөлмөктөрдүн тетиктерин ойлоп таап жасашкан.

Ай жана Жер, 22-август 2011-ж.

Ай жана Жер, 22-август 2011-ж.

Натыйжада "Луна–24" аппараты 1976-жылы Айга конуп, бир суткадай болуп, кайра Жерге кайткан. Кыргыз окумуштуулары ойлоп тапкан бургулоо аспабы планетабызга эки метр Айдын топурагын ала келген. Кыргызстандагы Машине куруу институту Айды изилдөөдөн тышкары, Венераны жана Галилео кометасын изилдөө долбоорлоруна да катышкан.


  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG