Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:45

Европада баш калкалап жүргөн чечендер арасынан акыркы бир айда эле үч кишини ким бирөөлөр атып кетишти. Мындай фактылар эмиграциядагы чечендерди катуу кооптонто баштады.

Чечендердин мурдагы президенти Аслан Масхадовдун уулу Анзор бир аптадай мурда эле жолбун-жолоочу бирөөлөр аркылуу “гүлдөп-өнүгө баштаган Чеченстанга кайткыла, болбосо өзүңөргө да, үйдө калган тууган-уруктарыңарга да жаман болот” деген мааниде төрт ирет “дубай салам” алганын “Азаттыкка” билдирди. Ушундан улам ал өзүнүн Чеченстандагы абагайларынан, жакын туугандарынан катуу камсанап жатканын да жашырбады.

Акыркы бир айдын ичинде эле Стамбулда - эки, Венада - бир чечен эмигрантын ким бирөөлөр тындым кылып кетишти. Мындай фактылар арбып баратат. Опуза кат-кабар алгандар андан да көбөйдү.

Эмигранттардын айрымдары муну россиялык атайын күчтөрдөн көрүшөт, кээ бирлери чечен президенти Рамзан Кадыров өзү уюштуруп жаткан иш дешет.

Жакында интернетте жайгаштырылган бир көрмөматериалда өзүн Халидов деген атаган жигит Норвегиядагы чечен качкындар башчысынын көзүн тазалаганга Кадыровдун өзүнөн тапшырма алганын, бирок бул буйрукту аткаргандан баш тартканын баяндады.

“Россиялык кайсыдыр бир органдардын буга тиешеси бар деп айыпташ, албетте, кыйын. Ошол эле учурда бул иштерди чечен өкмөтү өзү билип жасап жатканында да күмөн бар”,- дейт “Азаттыктын” Түндүк Кавказдагы кабарчысы Аслан Аюбов.

Кавказ боюнча ветеран аналитиктердин бири Лиз Фуллер да ушундай ойдо. Мунун баары Москванын Кадыровго көрсөткөн тымызын колдоосубу-жокпу, так айтыш өтө кыйын. Ошол эле учурда булар ичтен-тыштан болсун, бардык тараптан туулган коркунучтарга каршы күрөшүп жатканын Москвага далилдеп көрсөтүү үчүн Кадыров өзү жасап жаткан аракет болушу да ыктымал.

Башка бир байкоочулар Кавказдан чыккан эмигранттар арасында ар түрдүү топтор, анын ичинде кылмышы үчүн из жашырып жүргөндөр да бар экенин эске алышып, “көз тазалоо” иштери алардын ич ара эрегиши болушу да ажеп эмес дешет.

Европалык өлкөлөрдө Түндүк Кавказ аймагынан бозуп-тозуп келгендер саны болжолдуу эсептерде 130 миңден ашат.
XS
SM
MD
LG