Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:46

ЕККУнун Ассамблеясы Текебаевдин ишине тыкыр көз салууда


Өмүрбек Текебаев
Өмүрбек Текебаев

Европа Коопсуздук Кызматташтык Уюмунун Парламенттик ассамблеясы оппозициячыл депутат Өмүрбек Текебаевдин кармалышы боюнча жагдайга өтө жакындан көз салып жатат. Бул тууралуу уюмдун басма сөз өкүлү Нат Парри “Азаттыкка” билдирди.

“Ал биздин ассамблеянын мүчөсү болгондуктан биз окуяга өтө жакындан көз салып жатабыз. Мыйзамдуу процедураларды Кыргызстандын бийлиги алып барарын түшүнөбүз. Биз бийлик мыйзам үстөмдүгүн сактайт деп күтөбүз”, - деди Нат Парри.

Өмүрбек Текебаев ЕККУнун Парламенттик ассамблеясындагы кыргыз депутаттарынан турган делегацияны жетектейт. Нат Парри Текебаевди Ассамблеянын активдүү мүчөсү деп мүнөздөп, 2018-жылы кыргыз парламенти уюмдун күзгү жыйынын Бишкекте өткөрмөк деди.

Текебаев дал ушул ассамблеянын Венадагы жыйынына катышып, Бишкектеги аэропортко келгенде кармалган. Ал 2010-жылы орусиялык ишкерден ири өлчөмдө пара алган деп шектелүүдө. Текебаев, анын “Ата Мекен” партиясы жана бир катар оппозициячыл саясатчылар козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары сыпатташууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG