Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:05

Крымдан кийинки кооптонуу


Аннексияланган Крымдын Симферополь шаарындагы салтанатта Орусиянын желегин жана президент Путиндин сүрөтүн кармап тургандар. 21-март, 2014.
Аннексияланган Крымдын Симферополь шаарындагы салтанатта Орусиянын желегин жана президент Путиндин сүрөтүн кармап тургандар. 21-март, 2014.

Пезидент Путин Кремлдин Крымды аннексиялоо боюнча чечимин жарыялап жатып, аймактын калкынын басымдуу бөлүгүн түзгөн орус тилдүү тургундар бул зарыл кадамга аң-сезимдүүлүк менен барганын айтты.

Владимир Путин орус армиясы Кара деңизде “бейкуттукту сактоо” максатында жүргөнүн, этникалык орустар өз тагдырын өзү аныктоо укугунан пайдаланганын да билдирди.

Крымдык орустар Украина калкынын 17% түзүп, улуттук азчылык катары саналат. Мурдагы советтик аймактарда орус тилдүүлөрдүн чоң топтору бар. Андай топторго түпкүлүктүү калктар менен бир улуттуу аймактарга орустарды аралаштыруу үчүн көчүрүлгөн орустар кирет.

Буга чейин дагы этникалык орустарды коргоо деген жүйөө менен Кремль ишке ашырган окуялар болгон. 2008-жылы Грузиянын курамына кирген Түштүк Осетия жумурияты орус армиясынын күчү менен өз алдынча бөлүнүп чыккан.
Бул картада пост-советтик өлкөлөрдө жашаган этникалык орустар жана орус тилдүүлөр пайыздык катыш менен көрсөтүлгөн.

(Картаны басып, чоңойтуп алып көрсөңүз болот)



ПОСТ-СОВЕТТИК ӨЛКӨЛӨРДҮН КАБАТЫРЛАНУУСУ КАНЧАЛЫК?

Евробиримдикке чектештер

Балтика өлкөлөрүнүн түштүк-чыгышында жайгашкан Украина, Беларус жана Молдовада ири топтогу этникалык орус калкы бар. Беларустун калкынын 8% орустар түзөт. Минск Москва менен жакын алакада болуп, Казакстан менен бирге Орусия башында турган “Евразиялык биримдик” деп аталган соода келишимине кол койгон. Путин бул соода биримдиги Еврошаркеттей эгемен мамлекеттерден турган, “күчтүү, бардык өлкөлөрдүн башын кошкон” түзүм болооруна ишенерин айткан.

Молдовада болсо 6% орус калкы бар Приднестровье автономдук аймагы өлкөдөн бөлүнүп чыгуу аракетин алдыга коюп келатат.

Кремлдин эки миңдей аскери орусиялык жикчилдер менен Молдова өкмөтү көзөмөлдөгөн аймактарды бөлүп турат. Талаштуу аймак Орусия эмес, Украина менен чектешет. Киевдеги туруксуздукту жана Приднестровьенин Крым менен Кара деңизге жакындыгын эске алганда, Молдова азыр катуу чочулап турган чак.

Крым бөлүнгөндөн кийин Приднестровьенин парламенти Москвадан жикчил аймактын тургундарына орус жарандыгын берүүнү, Орусия Федерациясына кабыл алууну суранды.

Балтика өлкөлөрү

Латвия менен Эстонияда жашаган орус калкынын саны да аз эмес. Латвиянын 2 миллион калкынын 27% орустар болсо, 1.3 миллион калктуу Эстониянын төрттөн бир бөлүгүн орустар түзөт.

Советтер Союзу кулагандан кийин Латвияда латыш тили мамлекеттик тил деп таанылып, өлкө НАТОго мүчө болгон.

“Рейтер” агенттиги Латвия жана өзгөчө Эстония Путиндин Украинага карата соңку саясатынан кийин чочулап турганын жазды. “Балтиканын үч өлкөсү тең НАТОго кирип, кийинки жылы Литва еврону киргизүүгө белсенсе дагы үч чакан өлкө Орусиядан энергетикалык жактан көз каранды жана соода байланыштары күчтүү”.

Өткөн аптада Москванын Латвиядагы элчиси Кремль бул өлкөдөгү этникалык орустарга паспорт жана пенсия төлөөнү пландап жатканын кыйыткан.

Борбор Азия

Орустардын саны боюнча үчүнчү орунда турган Казакстан Кремлдин негизги өнөктөштөрүнүн бири. Казакстандын түндүгүндөгү Кустанай дубанынын тургундарынын жарымы орустар, айрыкча өлкөнүн чыгышын карай казактарга караганда орустардын саны көптүк кылат.

Кыргызстанда калктын 12% орустар түзөт. Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев Орусия жетекчилиги менен жакын мамиледе. Анткен менен өлкө буга чейин Чыгыш жана Батыш менен болгон алакасын баланстап турууга аракеттенип келди. Бул өлкөдө Орусиянын аскерий базасы менен АКШнын жүк ташуучу базасы айгашкан.

Кыргызстандын калкынын көбү Орусия менен жакын мамиледе болууну колдосо дагы Кремлдин Крымдагы “этникалык орустарды колдоо” саясаты бул коомдо тынчсыздануу туудурду.


Кавказ

Кавказда орустар аз калса дагы бул аймак Кремлдин таасиринен дагы эле жабыр тартууда. Чеченстан 2008-жылы Москва менен улуттук жикчилдердин согушуна кириптер болгон.

1992-1993-жылдары Грузиянын курамындагы Абхазия аймагында бийлик колдогон грузин милициясы менен Түндүк Кавказдын согушкерлери артында турган этникалык абхаздардын карама-каршылыгынан улам жарандык согуш тутанган. Орусия болсо согушкерлерге курал-жарак берип, атайын машыгуудан өткөргөн.

XS
SM
MD
LG