Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:58

УКМК: Текебаевге козголгон иш боюнча жетиштүү далилдер бар


Өмүрбек Текебаев.
Өмүрбек Текебаев.

“Ата Мекен” партиясынын саясый кеңешинин кайрылуусу жана андагы келтирилген фактылар Өмүрбек Текебаевге козголгон кылмыш иштеги делилдерге шайкеш келбейт. Бул тууралуу атайын кызматтын маалымат катчысы Рахат Сулайманов “Азаттыкка” билдирди. Ал кошумчалагандай, Улуттук коопсуздук комитети Текебаевдин айрым бир адамдар менен туруктуу коррупциялык байланышта болуп келгендигин аныктаган: ​

- Текебаев жана аны менен байланышта болгон адамдарынын негизги максаты 2010-жылы “Мегаком” компаниясы аркылуу өтө көп суммадагы акчага ээ болуу болгон. Тергөө кызыкчылыгына байланыштуу азырынча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү, документтеги маалыматтарды айта албайбыз. Тергөө жыйынтыгы менен далилдер аркылуу айыпталуучуларга сот аркылуу тийиштүү чаралар көрүлөт деп ишенебиз.

22-мартта "Ата Мекен" партиясынын саясий кеңеши Орусия жараны Леонид Маевскийдин "Текебаев Москвага барып андан акча доолаган" деген билдирүүсүнө дал келбеген документтер бар экенин айтып, анын тез арада бошотулушун талап кылган.

Өмүрбек Текебаев 2010-жылы орус жаранынан миллион доллар талап кылган деген шек менен 26-февралда УКМКнын тергөө абагына эки айга камалган. (SDz)

XS
SM
MD
LG