Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:37

Экономикалык кризис: элдин нааразылыгы күчөөдө


Монтенегро - Подгорицадагы жумушчулардын нааразылык акциясы, 25-март, 2009-жыл
Монтенегро - Подгорицадагы жумушчулардын нааразылык акциясы, 25-март, 2009-жыл

Дүйнөнүн булуң-бурчунда карапайым калк экономикалык кризиске, өкмөттөрдүн аны жөнгө салуудагы жөндөмсүздүгүнө нааразылыгын билдиришүүдө.

Париждеги заводдордун биринде жумушчулар иштен кетирилгенде төлөнгөн жөлөк пулдун көбөйтүлүшүн талап кылып, менежерин уурдап кетишти. Шотландияда банктын мурдагы төрагасына таандык турак жай менен машина өрттөлдү. Америкада эл өкмөттөн миллиондогон жардам алган банк жетекчилеринин өздөрүнө миллиондогон доллар бонус же сыйлык жаздырып алганына өзгөчө нааразы болууда.

Эмки жумада өнүккөн жана өнүгүп келаткан жыйырма өлкөнүн лидерлери глобалдуу экономикалык кризисти талкуулоо үчүн Лондонго чогулушат. Британ баш калаасынын финансылык борборунда 6-апрелге нааразылык чаралары пландалууда. Өлкөнүн тышкы иштер министри Дэвид Милибанд жакында билдиргендей, Жыйырманын тобу жумушсуздуктун өсүшү жана башка социалдык проблемаларды жөнгө сала турган эффективдүү план сунуш кылышы керек.

Өткөн жумада Франция ири иш таштоого күбө болду. Акция негизинен тынч өттү. Ал эми Эдинбургда Шотландиянын Падышалык банкынын мурдагы жетекчилеринин бири Фред Гудвиндин үйү жана жеке машинасы өрттөлдү. Болжолу менен бул – Гудвинге жылына 1 миллион доллар пенсия чегерүү чечимине нааразы болгондордун колунан келген иш. Сөз болгон банк банкроттукка учурап, өкмөттөн жардам алган. Тилекке жараша, банкир окуя болгондо үйүндө жок болчу.

Париждеги заводдордун биринде жумушчулар иштен кетирилгенде төлөнгөн жөлөк пулдун көбөйтүлүшүн талап кылып, менежерин уурдап кетишти. Люк Руссле кесиптик кошуун лидерлери менен компаниянын жетекчилери сүйлөшкөндөн кийин 24 сааттык барымтадан кое берилди. Синдикат лидерлери жетекчилер талаптарын аткарууга убада кылышканын ырасташууда.

АКШнын расмий адамдары жана айрым экономисттер Еврошаркет өлкөлөрү экономикаларына дем берүү үчүн жетиштүү чара көрбөй жатат деп айыпташат. Биримдиктин кээ бир мүчөлөрү болсо, тескерисинче, карызга батып, жоопкерсиз сарптоолорго барып жатат деп, Вашингтонду сындашууда.

Еврошаркеттин азыркы төрагасы, Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек шаршембиде АКШнын экономиканы стимулдаштыруу долбоорун “тозокко карай жол” деп сыпаттады:

- Американын финансы министри Тимоти Гайтнердин туруктуу чаралар жөнүндөгү сөздөрү Европа кеңешин кыйла камтамага салганын ачык айтып коюшум керек. Америка 1930-жылдары кетирген каталарын кайталап атат. Бул кадамдар, демилгелер тозокко алып барган жол. Чаң басып жаткан тарых китептерин окушубуз керек. Еврошаркеттин жазгы саммитинде мындай жол четке кагылды.

АКШнын өзүндө да AIG камсыздоо компаниясынын айынан Барак Обаманын долбоору сынга кабылды. Өкмөттөн 150 миллиард доллардан ашуун жардам алган компаниянын жетекчилери өздөрүнө миллиондогон доллар бонус же сыйлык жаздырып алышкан.

Мындай жагдайда айрым лидерлердин риторикасы элди ого бетер кыжырдантууда. Италиянын өкмөт башчысы Силвио Берлускони жумушсуз калгандарга өздөрүнө “алек боло тургандай бир нерсе табууну” сунуш кылды. Франциянын президенти Николя Саркози мекендештерин “өз баалуулуктарына кайтууга” үндөдү. Айрымдар Саркози француздардын “революциялык баалуулуктары” жөнүндө айтып жатабы деп тамашалашууда.

Шаршембинин кечинде Парижде жабылуу коркунучуна кабылган дагы бир ишкананын жүздөгөн жумушчулары президенттик сарайга чейин жүрүш жасашты.

XS
SM
MD
LG