Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:07

Үңкүр-Тоодогу кырдаалга эл бушайман


Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү
Үңкүр-Тоонун Кербен шаарынан көрүнүшү

Аксынын Үңкүр-Тоо аймагына 22-августта күтүүсүз кирип келген өзбек милиционерлери ал жерден кете элек.

Үңкүр-Тоодогу телемунаранын төрт кызматкери болсо Өзбекстандын РИИБисинде кармалып турат.

24-августта Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттыкка” малымдашкандай, өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алардын абалына чочулоого негиз жоктугун билдиришкен. Үңкүр-Тоо аймагында учурда абал тынч, тараптар сүйлөшүүлөрдү улантууда.

Эл чогулуп талабын айтты

23-августта Аксынын райондук мамлекеттик администрациясынын алдына Үңкүр-Тоо аймагында жашаган айыл тургундары чогулуп, жергеликтүү бийликке соңку кырдаал боюнча өз талаптарын айтышты.

Чогулгандар өзбек тараптын милиционерлерин ал жактан чыгып кетүүсүн жана бийлик буга чукул аракет көрүүсүн талап кылышты. Устукан айылынын тургуну Майрам Аккулуева айылдыктар арасында кооптонуу күч экенин айтты:

- Кечээ эки тик учак менен тоого аскерлерди таштап кеткенин өз көзүбүз менен көрбөдүкпү. Андан бери биздин аскерлер ал жакка чыга албай жатат деп жатышат. Ал тоо биздин үстүбүздө жайгашкан. Башыңа келип конуп алса, кол-бутуңду кантип иштетесиң? Ошондой эле акыбал болуп жатат өзү бизде. Биздин айыл да өзү чек ара тилкесинде жайгашкан. Айылдын этегинде Өзбекстандын чек ара бекети турат. Эми кандай болот экен деп кооптонуп турабыз. Бүгүн митингге чогулгандар да бул маселени эртерээк чечип берүүсүн айттык. Өзбек солдаттары ал жерден чыгып кетиши керек.

Чогулган жүздөй тургун менен жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жолугушуп, маселе сүйлөшүү жолу менен чечилгенче аларды сабырдуулукка чакырды. Андан соң чогулгандар алардын жообун күтмөк болуп тарап кетишти.

Мамлекеттик чек ара кызматынын басма сөз өкүлү Сажира Чоколоеванын билдирүүсүнө караганда, 22-августта эки өлкөнүн чек ара кызматынын жетекчилеринин телефон аркылуу соңку кырдаал боюнча сүйлөшкөн. Бирок ага карабай азыр да кырдаал өзгөрүүсүз кала берүүдө.

- Алардын талабы боюнча Ала-Букада кармалган милиция кызматкери сот аркылуу 20 миң сом айып пул салынып, кое берилген. Бирок азыр дагы өзбек ички иштер министрлигинин кызматкерлери Үңкүр-Тоо аймагында калууда. Өзбек тарап Ала-Бука районунда жайгашкан Орто-Токой суу сактагычына коюлган өткөрүү постун алып салууну боюнча шарт коюуда.

Үңкүр-Тоонун чокусунда “Кербен-24” радио-релейлик станциясы жайгашкан. Анда Аксы, Ала-Бука, Чаткал райондоруна эфирдик толкун таратуучу станциялар курулган. Ал жерде иштеген төрт кызматкер менен 22-августтан бери байланыш болбой жатканы айтылган.

Үңкүр-Тоону коргоо комитетинин төрагасы, Кербен шаардык кеңешинин депутаты Эргешалы Озокеев 23-августта бул маалыматты бышыктап, бийлик буга чара көрбөй жатат деди:

- Тик учак менен кирип келип басып алса, биздин бийлик эмнеге үн катпай олтурат. Аларды чек араны бузду деп кармап, катуу чара көрүшү керек эле. Биздикилерди тоодон кармап алып, паспорттук режим деп жатыптыр. Станцияда иштегендерден эч ким кабар албай жатат. Мынча алсыз бийлик, алсыз куралдуу күчтөр. Өкмөт кайсы жакты карап олтурат? Ал жерде иштеген кызматкерлер эмне болду такташ керек эле же болбосо аскерлер менен барыш керек эле. Бул жерде өтө олуттуу жагдай жаралып жатат.

Бирок 24-августта Кыргызстандын Чек ара кызматынан “Азаттыкка” малымдашкандай, Үңкүр-Тоодогу телемунаранын төрт кызматкери Өзбекстандын РИИБисинде кармалып турат.

Өзбек тарап радиорелейлик станциянын кызматкерлери процессуалдык иш-чараларды жүргүзүү үчүн кармалганын, алардын абалына чочулоого негиз жоктугун билдиришкен.

Үңкүр-Тоо телемунарасы
Үңкүр-Тоо телемунарасы

Үңкүр-Тоодогу станцияны көчүрүү маселеси жаз айларында жаралып, бир топ ызы-чуу менен коштолгон. Март айында жергиликтүү депутаттар аларга өкмөттөн бул станцияны көчүрүү тууралуу протокол келгенин, анда радиорелейлик мунара Өзбекстандын аймагында деп жазылганын, бирок эч убакта ал жер өзбек тараптыкы болбогонун айтышкан. Өкмөт да мындай токтом болбогонун билдирген. Кербен шаардык кеңеши өкмөттүн суранычы боюнча 1-апрелдеги кезексиз сессиясында Ителги тоосунан кошумча станция курууга жер бөлүп берген болчу. Кербен шаарынын мэри Абдималик Апсаматов учурда жол куруу иштери жүрүп жатканын айтты:

- Ителги тоосунан кошумча станцияга жер бөлүп берүү боюнча шаардык кеңештин токтому чыккан. Азыркы учурда ошол жерге жол салуу боюнча иштер жүрүп жатат жана шаардык кеңештин токтому күчүндө турат. "Жол салуу иштери токтоп калды" деп эл оозунда айтылып жаткан маалыматтар чындыкка жатпайт.

Кошумча станция санариптик форматтагы телерадио жана байланыш сигналдарын күчөтүү максатында гана курулуп жатканы айтылат. Ошондуктан аймактагы маалымат коопсуздугун чыңдоо долбоорунун алкагында Аксыдагы жаңы станциянын курулушуна өкмөт чукулунан 50 миллион сом бөлүп, ушул жылдын 1-декабрына чейин бүтөрү пландалган болчу. Адистердин айтымында, кошумча станция курулса, Үңкүр-Тоодогу станция менен бирдей иштөөчү толкун таратуучу жай пайда болот.

XS
SM
MD
LG