Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:55

Учак кырсыгынын күбөлөрү


Бүгүн, 16-январда эртең менен жети жарымдар чамасында түркиялык компанияга таандык "Боинг-747" үлгүсүндөгү жүк учагы Бишкектин түндүк тарабындагы "Манас" аба бекетинин жанына кулап түшкөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, кырсык Чүй облусунун Сокулук районундагы Дача-Суу аймагынын жанында, "Манас" аэропортунан анча алыс эмес жерде болду. "Манас" аба бекети Бишкектен 30 чакырым түндүктө жайгашкан.

Айыл тургуну, 30 жашта Умида "Азаттыкка" көргөн-билгенин айтып берди.

"Азаттык": Сиз коңшу көчөдө жашайт турбайсызбы? Окуя кандайча болду?

Умида: Таңкы саат жетиден беш мүнөт өткөн. Кызымды мектепке узатып жаткам. Күрүлдөп эле башкача үн чыкты, негизи биз билебиз да учуп-конуп жүргөн учактардын үндөрүн. Бул жолу такыр башкача үн чыкты. Көчөгө атып чыксам эле, маңдайдагы үйлөрдү бир нерсе шыпырып баратыптыр. Өзүм түшүнбөй калдым, учактын канаты окшойт. Анан солярканын жыты жыттанып эле, күйөөм чуркап чыкты. Таякем да жакын жашайт. Ал үйүнүн экинчи кабаты түшүп калганын айтып, жолдошумду чакырды. Өрт өчүрүүлөр кырк мүнөттөн кийин келишти. Ага чейин өзүбүз эле жардам берип аттык. Он үй-бүлөнү толук басып калышты окшойт.

"Азаттык": Басып калган үйлөрдүн жашоочулары менен тааныш белеңиз?

Умида: Алардын айрымдарын таанычумун. Таякем да ошол сегизинчи көчөдө жашайт эле. Анын үйүнүн бир ыптасын шыпырып кетиптир. Азыр балдары биздин үйдө. Аябай шок болуп турушат. Өлгөндөрдүн арасында жаш балдар да бар. Алардын сөөктөрүн кошуналар өзүлөрү чыгарышты урандылардын алдынан. Андан кийин өрт өчүрүүчүлөр келишти. Башында ойлогон эмесмин учак экен деп. Өзүмдүн алты балам бар, абдан жаман болуп турам.

Учак кырсыгынын күбөлөрү
please wait

No media source currently available

0:00 0:02:34 0:00

  • 16x9 Image

    Айгерим Акылбекова

    "Азаттык" радиосунун кабарчысы. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасын алып барган. "Данисте", "Эже-сиңдилер" телепрограммаларынын алып баруучусу.  Кусейин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетин аяктаган. 

XS
SM
MD
LG