Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

ЖККУнун 20-декабрдагы саммитиндеги чечимге ылайык, уюмга мүчө өлкөлөрдүн аймагында аскердик базалар жалпы макулдук менен жайгаштырылат.

Муну менен Орусия орчундуу ийгиликке жетишкени, эми Москва Кыргызстан аймагындагы АКШ базасынын тагдырына да таасир эте алаары айтылууда.


База ачууга баарынан макулдук керек

Кремлдин демилгеси менен кабыл алынган ал протоколго ылайык, уюмга мүчө болгон кайсы бир өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк аскердик база орнотуу маселеси көтөрүлсө, анда уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек.

Жамааттык коопсуздук келишими уюмуна Орусия, Беларус, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Өзбекстан жана Армения мүчө. Мына ушул жети өлкөнүн президенттери 20-декабрда Москвада болгон саммитте 23 документке кол коюшту. Кол коюлган документтердин ичинде ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагында аскердик инфраструктураларды жайгаштырууга байланыштуу протокол дагы бар.

Кремлдин демилгеси менен кабыл алынган ал протоколго ылайык, уюмга мүчө болгон кайсы бир өлкөнүн аймагында чет өлкөлүк аскердик база орнотуу маселеси көтөрүлсө, анда уюмдун бардык мүчөлөрүнүн макулдугу керек. Маселен, Кыргызстан аймагына АКШ аскердик база орнотууга ниеттенсе, анда ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн баарынан макулдук алууга тийиш.

Адистер муну менен ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн аймагына чет өлкөлүк базалардын орнотулушун Москва көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болорун белгилеп жатышат. Москва үчүн мындай зарылдык Кыргызстанда АКШнын Транзиттик борборунун жайгашуусу менен эле эмес, Өзбекстанда жана Тажикстанда НАТО жана АКШнын аскердик базалары жайгаштырылуу мүмкүнчүлүгүнө каршы туруу үчүн да керек.

Президенттин кеңешчиси Фарид Ниязов бул протоколго президент Алмазбек Атамбаев ички макулдашуулардан кийин кол койгонун белгиледи. Бирок Жогорку Кеңештин коопсуздук жана коргоону комитетинин мүчөсү Дастанбек Жумабаев протоколдун мазмуну менен тааныш эместигин, бирок ал ратификация үчүн баары бир парламентке келерин билдирди:

- Эми ошого биздин президент барып, кол коюп койбодубу. Ошону биз эми комитетте карайбыз. Ал комитеттен, парламенттен өтөт. Ратификация болуш керек да.

Дастанбек Жумабаевдин айтымында, ЖККУнун саммитинде кол коюлган протоколдун "Манастагы" Транзиттик борборго таасири болбойт. Анткени ал боюнча келишим буга чейин жетишилген жана ага ылайык борбор 2014-жылга чейин турат.

Мурунку тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов жаңы
келишимди буга чейинки келишимдердин уландысы катары баалады:

- Менин оюмча, бул мурунку келишимдерди аткарууга жасалган реалдуу бир кадам. Мурунку келишимдерди аткарууга аракеттер жасалууда деп айтсак болот.


Тышкы саясатты ким жүргүзөт?


Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов мындай келишимдерге кол коюуда Кыргызстан өзүнүн коопсуздугун биринчи орунга коюп, Ооганстандагы кырдаалды эске алыш керек дейт:

- Биз келечегибизди ойлонушубуз керек. Келечекте Ооганстан Кыргызстанга коркунуч алып келеби же алып келбейби? Алып келсе, биз анда эгемендүү мамлекет катары коопсуздугубузду бекемдейбиз десек, биз өзгөчө көз караш менен мамиле кылышыбыз керек.
Башаламандыктарды токтотуш үчүн тышкы саясатты аныктаганга президентке укук бериш керек. Келишимдерге кол коюуга да укуктарды бериш керек.
Аликбек Жекшенкулов

Мирослав Ниязовдун пикиринде, жаңы макулдашууга ылайык Москва Тажикстан жана Өзбекстанда келечекте башка өлкөлөрдүн аскердик базалардын орнотулушуна каршы тура алат.

Айрым депутаттар Алмазбек Атамбаев мындай келишимге кол коюу менен өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашып кеткенин билдиришүүдө.

Аликбек Жекшенкулов азыркы Баш мыйзамда тышкы саясат жүргүзүү маселесинде так эместиктер бар экендигин, аны жоюу үчүн атайын мыйзам даярдалып жатканын белгиледи:

- Ошон үчүн тышкы саясат боюнча бир мыйзам жазылып, комитеттен өтүп, парламентке биринчи окууда сунушталганы турат. Буга дагы биз катышканбыз жана сунуштарыбызды бергенбиз. Башаламандыктарды токтотуш үчүн тышкы саясатты аныктаганга президентке укук бериш керек. Келишимдерге кол коюуга да укуктарды бериш керек.

Азыркы Конституцияда тышкы саясатты ким жүргүзөөрү так көрсөтүлгөн эмес. Конституциянын авторлору болсо, тышкы саясат президент, өкмөт жана парламенттин кеңешүүсү менен жүргүзүлүш керектигин белгилеп келишет.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG