Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 01:07

ЖККУ социалдык тармактарды көзөмөлдөйбү?


ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын жыйыны, Астана, 2011-жылдын 12-августу.

ЖККУга мүчө өлкө башчыларынын жыйыны, Астана, 2011-жылдын 12-августу.

“Жамааттык Коопсуздук Келишими уюму интернеттеги социалдык тармактарды көзөмөлдөөгө киришти” деген кабарды Орусиянын “Известия” гезити 16-сентябрда жазып чыкты. Гезитке уюмдун атын атабаган мүчөсү бул демилгенин максаты араб өлкөлөрүндөгү сценарийдин кайталанышына бөгөт коюу экендигин билдирген.

ЖККУда иштегендер соцтүйүндөр ар бир өлкөнүн ички ишине алыстан туруп кийлигишүүгө мүмкүнчүлүк ачууда деп ишенишет. Аталган саясий-аскердик уюмга Орусия, Армения, Белоруссия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан кирет.

Киберыңкылаптар доору келдиби?

“Известияга” маек курган ЖККУнун белгисиз адисинин сөздөрүн карап чыксак.

“Бул цензура же же башкача ойлооого тыюу салуу эмес. Заманбап шарттарда тынч өлкөдө деле кыраалды курчутуп жиберчү инфраструктура бар. Туруксуздукту жаратуу максатында уюлдук байланыш, социалдык тармактар жана кээде бейөкмөт уюмдар колдонулушу мүмкүн”, - дейт аты-жөнүн айтпаган булак.

Макалада ЖККУнун акыркы саммитинде тармактык технологиялардан келген коркунуч тууралуу документ кабыл алынганы да кабарланат жана жакында уюм киберкоопсуздук боюнча адистер менен кеңешип, атайын план иштеп чыкмакчы.

Белоруссиянын президенти Александр Лукашенконун жана ЖККУнун башкы катчысы Николай Бордюжанын соңку жолугушуусунда да маалымат коопсуздугу, араб жазы жана анын Борбор Азияга тийгизчү таасири талкууланган.

Ал жолугушууда Бордюжа социалдык тармактардагы коркунуч боюнча атайын топ түзүлөөрүн маалымат жыйынында айткан.

Ал эми 14-сентябрда Минск шаарында өткөн КМШ өлкөлөрүнүн башкы прокурорлорунун жыйынында Орусиянын баш прокурору Юрий Чайка соцтармактарга мамлекеттик көзөмөл киргизилиши керек деген пикирин жарыялады.

Жамааттык Коопсуздук Келишими уюмунун демилгесин колдогондор араб өлкөлөрүндөгү акыркы толкундоолорду, Лондондогу окуяларды жүйөө катары келтиришүүдө. Соцтүйүндөр дегенде Facebook жана Twitter мисал катары көп аталууда.

Интернетти көзөмөлдөө абаны көзөмөлдөөгө барабар

Бирок активдүү интернет колдонуучулар бул демилгени веб 2.0ду жакшы билбеген адамдар гана ойлоп чыккандыгын белгилешет, себеби интернетти көзөмөлдөө мүмкүн эмес.

Кыргызстандык блоггер Илья Лукаш эгер соцтармактар көзөмөлдөнсө, азыркы колдонуучулар башка, атүгүл экстремисттик платформаларга өтүп кетиши ыктымал дейт.

Илья Лукаштын айтышынча, соцтармактардын жакшы жагы ансыз деле экстремисттик, чагымчыл, порнографиялык материалдар атвоматтык түрдө өчүрүлүп турганында.

- Калган мазмунду ким жана кантип көзөмөлдөйт? 100 адамдын статутсун карап чыгыш үчүн деле бир адам керек, негизи эмнеге негиздеп туруп көзөмөлдөшөт?

Анын ою боюнча, бул демилге ишке ашпайт жана аны экскертүү ирээтинде гана айтышкан.

Жаңы медиа институтунун негиздөөчүлөрүнүн бири Толкун Умаралиев көзөмөл буга чейин эле болгон, бирок Лондондогу окуялардан кийин бул идеянын колдоочулары ачыкка ишенимдүү чыга башташты дейт.

Толкун Умаралиев көзөмөлдөө техникалык жактан мүмкүн экендигин да айтат. Борбор Азияда интернет бир канал аркылуу тарайт, ошондуктан мүмкүн.

- Мисалы, Өзбекстанда бийлик Твиттерге альтернатива катары жаңы соцтармак иштеп чыкты, бирок ал жерде аккаунт ачыш үчүн адам телефон номерин сөзсүз бериши керек, ал эми Өзбекстанда телефон номер алыш үчүн адам паспортундагы маалыматты көрсөтүшү зарыл. Мына ошондуктан мамлекет ушундай жол менен жарандарын көзөмөлдөгүсү келет.

Кыргызстандык Твиттерде отурган @kanTulan “Орусиянын атайын кызматтары ЖККУнун атын жамынып, бизди көзөмөлдөгүсү келип жатат” деген пикирде.

Интернет жаатындагы адистер негизинен ыңклаптардын булагы соцтармактарда эмес, интернет технологиялар нааразы болгон элдин маанайын чагылдырчу гана курал экенин баса белгилешет.

Макала даярдалып жатканда ЖККУнун маалымат катчысы Владимир Зайнутдинов “Азаттыкка” маек куруп, “Известиядагы” маалыматты четке какты.

- ЖККУ эч качан соцтармактарын көзөмөлдөөнү пландаштырган эмес жана пландаштырбайт. Биз киберкаракчыларга гана каршы күрөшөбүз. Маалымат коопсуздугу жаатында долбоорубуз бар, анын негизинде экстремисттик сайттарга каршы күрөшөбүз.
  • 16x9 Image

    Аида Касымалиева

    Азаттык+ телепрограммасынын алып баруучусу, продюсери (2005-2009), Москвадагы кабарчысы (2011). 2012-жылы "Москвада калган ый" даректүү тасмасы "Бир дүйнө" кинофестивалында "Ачылыш" наамына татыган. Бишкек гуманитардык университетинин журналистика бөлүмүн 2005-жылы аяктаган.

XS
SM
MD
LG