Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Кубада жарым миллион адам ишсиз калат


Кубанын президенти Раул Кастронун бул аракети рынок экономикасына жол ачабы?
Кубанын президенти Раул Кастронун бул аракети рынок экономикасына жол ачабы?

Алдыдагы жарым жылда Кубада кеминде 500 000 мамлекеттик кызматкер ишинен айрылат. Бул – коммунисттик Кубанын азыркы жетекчилигинин экономиканы башкаруудагы эң эле маанилүү реформасы. Мунун алдынан Фидел Кастро Кубанын коммунисттик экономикасы натыйжасыздыгын көрсөткөнүн айткан эле.

Кубада 1959-жылкы коммунисттик ыңкылаптан кийин Фидел Кастро бийликке келгенден бери өлкө жеке ишкердик экономикасына карай эң таасирдүү аракетин баштады.

Дүйшөмбүдө жумурияттагы Эмгек Федерациясы келерки жылдын март айына чейин өкмөт коомдук кызматтарда иштеген жарым миллион иш орунун кыскарта турганын жарыялады. Ошол билдирүүдө “Куба мындан ары мамлекет тарабынан көзөмөлдөнгөн ишканаларды колдобойт” деп айтылат. Анткени алардын ишинен эч кандай пайда болбой, тетирисинче, өлкөнүн экономикасына зыян келип жатат.

Иштебеген модель

Ал эми ишсиз кала турган жүз миңдеген адамдарды алдыдагы бир нече жылда өкмөт көзөмөлгө албаган, демек, жеке менчик ишканаларга орноштура башташат.

Чынында, өкмөт ушундай чарага барууга мажбур болоору буга чейин эле айтылып жүргөн. Бирок ал ушунчалык ири масштабда болот деп эч ким күтпөсө керек. Анткени азыр кеп Кубанын жумушка жарамдуу калкынын ондон бир бөлүгү жөнүндө болуп жатат.

Бул жарыянын алдынан бир нече күн мурдараак өлкөнүн мурдагы президенти Фидел Кастро америкалык журналист менен сүйлөшүп жатып, социалисттик коллективдештирүү экономикасы Кубага жарабай калганын айткан болчу.

Маалымат агенттиктеринин билдиришинче, өкмөт азыр мамлекет көзөмөлдөгөн кооперативдерди менчиктештирип, бизнестин 120 түрүн эркин агымга кое берет. Менчик компаниялар алгачкы ирет кызматкерлерди өздөрү жумушка алууга уруксат алышат. Алардын арасында үй эмеректерин оңдоо, чач-тарач, багбанчылык жана котормочулук менен шугулданган ишканалар бар.

Ири реформа

Бул өзгөрүү 2008-жылы бийликке келген президент Раул Кастронун да саясатындагы эң маанилүү реформа катары аталууда. Экономиканы бир аз болсо да рыноктун таламына ылайыкташтыруу аракетин ал буга чейин да көргөн. Маселен, дыйкандарга жер берүүнү жеңилдетип, чөнтөк телефонду эркин көтөрүп жүрүүгө уруксат берилген болчу.

Кыргызстандык экономикалык эксперт Айылчы Сарыбаевдин ишениминде, Кубадагы өзгөрүүдө эч кандай ачылыш деле жок. “Ал болгону жалпы дүйнөлүк экономикадагы соңку мезгилдердеги чоң өзгөрүүлөрдүн таасири”, - деди эксперт.

“Мындай экономикалык процесс азыр баардык эле өлкөлөрдө болуп жатат. Глобалдашкан экономиканын шартында ар бир мамлекет өзүнүн кошунасы менен бирдей экономикалык системада жашоого аргасыз кылып койду. Ошондуктан Кубадагы өзгөрүүнү мыйзам ченемдүү көрүнүм катары кабылдаш керек, - дейт эксперт. - Куба, демек, өзүнүн таптаза социалисттик типтеги экономикасын Кытай сыяктуу капитализмге ыкташкан формага бура баштады. Бул жерде сенсация жок”.

Шок терапиясы?

Азырынча мамлекеттеги коммунисттик өкмөт улуттук экономиканын дээрлик баардык багыттарын көзөмөлдөп турат. Жумушка жарамдуу калктын 85% мамлекет көзөмөлдөгөн компанияларда иштейт.

Кастронун ишениминде, эми рынок экономикасына өтүү жөнүндөгү өзгөрүү өлкөнүн социалисттик идеяларына туура келет. Ошентсе да, азыркы жетекчилик иштебей калган экономикада олуттуу өзгөрүүлөрдү каалап жатканы айкын болуп калды.

Экономикадагы кризистен чыгуу үчүн бул өңдүү радикалдык чаралар же "шок терапиясы" буга чейин Польшада, Боливияда, Орусияда да колдонулган. Ага каршы болгондордун айтымында, адатта, бул өңдүү чаралар жумушсуз калгандардын санын көбөйтүп, ачкачылыкка алып келиши мүмкүн. Бул, өз кезегинде, мамлекеттик төңкөрүштөргө чейин алып барышы мүмкүн.

Кантсе да, азырынча аналитиктер Кубанын жетекчилиги саясатта катуу көзөмөлдү сактап, экономикада эркиндикти шарттай турган “кытай моделин” тандаган болушу мүмкүн дешет. Бирок Фидел Кастро америкалык журналист менен сүйлөгөн учурда Куба эч качан Америкадагы капитализм стилиндеги экономикага айланбай турганын айткан. “АКШнын экономикасы кризистен кризиске араң эле чыдап жатат”, - деген Кастро.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG