Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:31

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кырдаал боюнча эки тарап сүйлөшүүдө


Өзбекстандын чек арачылары Кербен - Ала-Бука жолун тосуп, жүргүнчүлөрдү текшерүүдө.
Өзбекстандын чек арачылары Кербен - Ала-Бука жолун тосуп, жүргүнчүлөрдү текшерүүдө.

Кыргызстандын чек ара кызматынын маалымдашынча, 18-мартта эртең мененки саат жети жарым чамасында Ала-Бука районундагы Могол аймагында кыргыз-өзбек чек арасындагы тактала элек аймакка Өзбекстандын 30 - 40 аскер кызматкерлери келип 2 БТР жана 2 КАМаЗ унаасын токтотуп алышкан. Мындан тышкары өзбек тарап саат сегизден тарта “Маданият-автодорожный” көзөмөл-өткөрүү пунктун бир тараптуу жаап салып, «Достук-автодорожный» өткөрүү пунктунан жарандардын жана транспорттун каттамына чектөө киргизген. Кошуна өлкөнүн чек арачылары кыргыз жарандарына Өзбекстандан чыгууга уруксат беришип, ал эми кирүүгө тыюу салышкан. Ошол эле учурда өзбек жарандарына мындай чектөөлөр коюлган эмес. Үчүнчү өлкөнүн жарандарына «Достук-автодорожный» пункту аркылуу транзиттик өтүү штаттык режимде иштеп жатат.

Кыргыз тарап өз кезегинде өзбек жарандарына «Баймак-автодорожный», «Кен-Сай-автодорожный» , «Кадамжай-автодорожный» өткөрмө пункттары аркылуу кирип чыгууга тыюу салды.

Ушул тапта эки тараптын чек ара кызматкерлери чек арадагы соңку аракеттер боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө.

Буга чейин Аксы районун акими Медет Айдаралиев “Азаттыкка” өзбек чек арачылары талаштуу аймактагы Кербен - Ала-Бука жолуна туруп алганы эл арасында суроо жаратып жатканын айтып, бул аймакка өзбек тараптын кирип алууга укугу жок экендигин билдирген. (AzK)

XS
SM
MD
LG