Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:17

Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепканада жазуучу, коомдук ишмер Бексултан Жакиевдин 80 жылдыгына арналган “Кеменгер инсан, заман залкары” аттуу китеп-көргөзмө ачылды. Иш-чарада маараке ээсинин кыргыз маданиятына кошкон салымы тууралуу сөз болду.

Жазуучу Сейит Жетимишовдун пикиринде, Бексултан Жакиев “Атанын тагдыры” аттуу биринчи эле драмасы менен кыргыз адабиятынын тарыхына өз ысымын биротоло жазган:

- Бексултан Жакиевдин кыргыз маданиятындагы орду өтө чоң. Анын “Атанын тагдыры” деген чыгармасы эстен кеткис чыгарма. Ушул драмасы менен ал кыргыз театрына жаңылык киргизген. Мен кезинде спектаклге билет табылбай, аны бир нече жолу кирип көргөндөр болгонун билем.

Режиссер Акылбек Абдыкалыков 1959-жылы жазылган “Атанын тагдыры” драмасында Жакиев жаңы драматургиялык каражаттарды колдонуп, кыргыз сахнасында психологиялык абалды чагылдырып бергени менен театрга жаңылык алып келгенин белгиледи:

- Жаратылышта “карыянын жан дүйнөсү, аялдын жан дүйнөсү” деп коет. Бул кишиде бала кезинен эле карыган адамдын акылмандыгы бар. “Атанын тагдыры” драмасын ойлоп көргүлө, болгону 28 жашында жазган экен. Негизи эле чыгармаларынын баарын жаш кезинде жазды. Ошол эле “Миң кыял”, “Алтын аяк”, “Өкүм”, “Эртең жаңы жыл”, “Күттүргөн жаз да келер”, “Күтүү”, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай”, “Бороондуу жолдо” чыгармаларында образды түзүп берүүсү такыр башка. Ар бир образынын артында чоң окуя жатат.

Авторго адабияттын астанасын аттаткан туңгуч драмасы “Атанын тагдыры” ушул күнгө чейин Улуттук академиялык драма театрында 500дөн, ал эми Казакстандын Алматы, Чымкент, Жамбыл, Семей театрларында 300дөн ашык жолу кайра-кайра коюлган.

Бексултан Жакиевдин чыгармачыл кечесине келген коноктор

Бексултан Жакиевдин чыгармачыл кечесине келген коноктор

Жазуучу Абдиламит Матисаковдун баамында, Бексултан Жакиев башында драматург катары таанылса, элди руханий кризис мөгдөтүп турган учурда публицистика аркылуу коомду агартууга өз салымын кошуп келаткандардын башкы сабында турат:

- Рухий кризистик мезгилдерде мен бул кишинин көсөмдүк, даанышмандык жактарын байкадым. Бул кишинин “Бизге кур намыс эмес, ар намыс керек” деген сыяктуу макалаларын окуп алып Жакиев акыркы кезде өзүн драматург эмес публицист катары да көрсөтө алды деп ойлойм. Бексултан агай чындыгында бардык жагынан Кыргыз Республикасынын Баатыры катары өзүнүн коомго, мамлекетке керектүү адам экенин далилдей алды.

Жакиевдин замандашы Сейит Жетимишов калемдешинин эки эмгегин белгилеп, биринчиси - анын драматургиядагы жетишкендиктери болсо, экинчиси - "Манас" үчүн жасаган эмгеги экенин айтат:

- Бексултан "Манасты" түздү. Чынында элдик эпостун Жакиев түзгөн варианты башкалардыкынан жакшы чыкты. "Манастын" керектүү жерлеринин баары камтылган. Концепциясы да таза түзүлгөн. Хрестоматиялык эрежелерге толук жооп берген чоң эмгек болуп калды.

Жакиев түзгөн "Манас" эпосунун кыскартылган варианты негизинен чет элдиктер үчүн арналып, бир нече тилдерге которулган.

Бексултан Жакиев

Бексултан Жакиев

Жогорку Кеңештин депутаты Садык Шер-Нияз Жакиевдин жеке инсандык касиеттерине токтолуп, каарманыбызды учурдун чындыкты бетке айткан, калыс, акыйкат аксакалы деп баалады:

- Өзүнүн өзгөчөчөлүгү, журүм-туруму, калыс сөзү, түз сүйлөгөнү менен өзүнчө эсте кала турган инсан. Бексултан Жакиев дегенде биздин көз алдыбызга биринчи кезекте таланттын, экинчи кезекте адамды урматтоонун, калыстыктын, кеменгерликтин элеси келет.

Төкмө акын Элмирбек Иманалиев:

- Бексултан Жакиевди алгачкы баатырыбыз Түгөлбай Сыдыкбеков өзүнүн ордуна калтырып кеткен таберик сыяктуу. Себеби улутубуз ар кандай идеологиялардан башы катып, чоң күчтөргө жем болор кезибизде бизди Жакиевге окшогон терең, кенен инсандар сактап тургандай. Бул кишилердин сөзү өтүмдүү болот экен. Тилекке каршы, биз табияттын мыйзамы менен Бексултандай кишилерибиздин көбүнөн ажырап калдык. Ушул күнү турган Бексултан агайга карап түздөнөбүз.

Бексултан Жакиев жыл башында эле өзүнүн 80 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүүдөн баш тарткан. Маараке ээси андан көрө бул каражат маданиятты өнүктүрүүгө, өлкөнүн тарыхын жайылтууга жумшалсын деген:

- Быйыл Тарых жана маданият жылы болуп жарыяланды. Андыктан ушул жылы тарыхый, руханий иштерибиз аткарылышы керек. Театрларга жолтоо болбойлу, артисттерге жолтоо болбойлу. Студенттерди, окуучуларды алагды кылбайлы. Бизде юбилейлер өтө эле көп болуп кетти. Бир театрда бир күндө экиден, үчтөн юбилейлер өтүп жатат. Муну Гиннес китебине киргизиш керек. Ошондуктан арыдан бери бололу деп өкмөт башчыга “мен 80 жылдык мааракемди филармонияда расмий белгилегенден баш тартам” деп кат жазгам.

Жакиевдин пикиринде, мындай мааракелер “Ала-Тоодой эт, Ысык-Көлдөй чык” менен эмес, жогорудагыдай китеп-көргөзмө сыяктуу маданий иш-чаралар менен белгиленгени жакшы.

Китепканадагы көргөзмөгө Бексултан Жакиевдин өмүрү жана чыгармачылык жолун чагылдырган маалыматтар, сүрөттөрү, гезит-журналда басылып чыккан маектери, макалалары жана чыгармалары коюлду. Ал бир айга чейин уланат.

  • 16x9 Image

    Зайырбек Ажыматов

    "Азаттыктын" кабарчысы. Жусуп Баласагын атындагы Улуттук университетин бүтүргөн. “Жалгыздык”, “Мелмил”, “Нөлү көп жылдар” аттуу ыр жыйнактардын автору.   

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG