Линктер

Палван Махмуд 1247-1326-жылдары байыркы Хивада жашаган. Ал Хорасан менен Индустанда желкеси жерге тийбеген балбан, сопу акын болгон. Анын күмбөзү бүгүн хорезмдиктер гана эмес, башка өлкөлөрдөн да келген зыяратчылар ибадат кылган жай.

Падышалык кааласаң, бол элдин кедейи,

Өзүңдү такыр унут, бол элдин эрени.

Таажы сымал башына көтөрсүн десең,

Элдин колун карма, бол анын сен тиреги.*

Бул төрт сап рубаи ойчул-акын, Индустанга чейин барып, желкеси жерге тийбеген балбан Палван Махмудга таандык. Ал 1247-жылы байыркы Хива шаарында ааламга келип, 1326-жылы бул жалгандан көчкөн. Палван Махмуд өлгөндөн кийин Хорезмдин диниятчылары аны Хиванын пири деп жарыялап, каратаман кедейи да, төбөсү көккө жеткен хан-падышалар да ойчул-сопунун күмбөзүнө зыярат кылчу болот. Анын ысымы дүйнө дүңгүрөткөн балбан, рубаилери эл кулагындагы акын экенине карабай, жөнөкөй жашоону артык баалаган. Ошого өз рубаилеринде жөнөкөйлүктү, эмгекчилдикти, сабырдуулукту, чыдамкайлыкты жана баатырдыкты көп даңазалайт.

Көңүлүм ак, не кастыгым, не күнөөм бар,

Душманым көп, бирок мен барчага жар.

Мөмөлүү даракмын мен, жолдогу ар жолоочу,

Таш атып өтсө да, мага тийбейт ал.*

Замандаштарынын эскерүүлөрүнө караганда, Махмуд Балбан музыка жана обондуу ырларды да жазып, бул дүйнөнүн ырахатын ылазат кылып жашаган.

Адамды алтындан артык баалаган балбан акын

Тарыхый булактарда жазылгандай, Хорезмге, Хорасанга, Индияга Махмуд Балбандын күрөшкөнүн көрүү үчүн кабарын эшиткен адамдар миңдеп келишкен. Бир жолу алтурсун жоолошкон тараптардын аскерлери даңазалуу балбандын эрегишин көрөбүз дешип, элдешип урушту убактынча токтотушат.

Пахлаван Махмуддун саганасы, Хива.

Пахлаван Махмуддун саганасы, Хива.

​Балбан акын байлыкка, мансап-дөөлөткө колдун кириндей мамиле кылганын Хивада туулуп- өскөн сүрөткер-журналист Хурмат Бабажан айтат.

- Билесизби, мен Махмуд Балбан жашап өткөн Хива шаарынан болом. Хиванын ортосунда Палванйап деген чоң арык бар. Бул арыкты Палван Махмуд туткундан эркиндикке чыгарган хорезмдик кулдар курушкан. Анын тарыхы мындай. Балбан Махмуд эр жетип чоңойгондон кийин Индустанга барып, Индустан падышасы Рай Ропой Чунанын тарабында жоо менен урушка катышып, кан майданда аны өлүмдөн куткарып калат. Падыша балбанга ыраазы болуп: “Тиле тилегиңди, каалаганыңды айт”, - дейт. Ошондо Махмуд Балбан: "Эчен жылдар бою туткунда отурган хорезмдиктерге эркиндик бер”, - дейт падышага. “Алтын албайсыңбы?” деп сураса, балбан: “Жок”, - дейт. Рай Ропой Чунани падыша Балбан Махмуддан канча туткунду бошотмокчусуң дегенде, бир өгүздүн терисине баткандай туткунду бошотууну каалаганын айтат. Бир чоң өгүздүн терисине бир-эки гана адамды гана оросо болот эмеспи. Балбан болсо өгүздүн терисин кайыш кылып тилип, анан жиптей кылып туташтырып, анан айланта тартат. Падыша ушул айлананын ичине хорезмдик туткундарды алып келип тургузгула деп буйруйт. Ушинтип балбан туткундарды бошотуп, Хорезмге алып келгенден кийин алар балбанга кайрылып: "Биз сага алкышыбызды айтышыбыз керек” дешет. "Мага рахматыңар керек эмес. Мен постун (тон) тигем. Тапканым өзүмө жетет”, - дейт ал. Шондо кулдар колдоруна кетмен-теше алышып, Аму дарыядан нук чыгарып, Хива шаарын аралай өткөн чоң арык казышат. Ал каналдын аты Палванйапты. Адамдар бүгүн да ошол арыктан суу ичишет.

Махмуд, тобо дебеген кимге да болсо жаман,

Айып иш кылуу кайсы динде болбосун жаман.

Кийимиң эскиргени айып саналбайт,

Айып - эгер кийим тигилсе жаман.*

13-кылымда эле Хиванын бир дарбазасы Махмуд Балбандын урматына аталат жана бүгүн да ал шаарга шаң берип турат. Балбандык атагы заманында таш жарган бул улуу инсан жөнөкөй жашап, тон-чепкен жана телпек-тебетей тигип, өз мээнети менен жан баккан.

- Балбан Махмуд сопу адам болгон, - деп улантты сөздү Хурмат Бабажан. - Сопулар кол күчү менен жан багышкан. Мисалы, сопуларга падыша белек берсе, жан багышыбыз керек деп ал белекти алышкан эмес. Падыша пенсия берсе да алышпаган. Балбан Махмуд постун тигип, күн көргөн. Сопулар исламдын нахшибандия тарикатына кирет. Алардын “Колубуз иште, жүрөгүбүз Аллада” деген ишеними бар. Ошол девизге ылайык жашашат.

Пилдей күчүң болсо да кенедей болуп көрүн,

Мал-дүйнөң ашып-ташса да кедейдей болуп көрүн.

Ар кимдин айыбын ачык-айкын билсең да,

Эч нерсени көрбөгөн сокурдай болуп көрүн.*

Сопулуктун тарикасы

Махмуд Балбанды Хорезмге улагалаш жашаган йомуд-түркмөндөр өз коргоочусу, ыйык деп таанып, урушка киргенде балбан акындын адабий лакап аты-Пирйар Вали деп ураан чакырышкан. Алардын Палван Махмудду кудуреттүү коргоочусу катары көрүүсү кокустук эмес. Анткени ойчул акын көз карашы, дүйнө таанымы боюнча сопу болгон жана суфийлердин “жавонмардлик” деген тобуна кирген, дейт түркмөн жазуучусу Кудайберди Халыев.

Пахлаван Махмуддун күмбөзүнө сыйынганы келген адамдар

Пахлаван Махмуддун күмбөзүнө сыйынганы келген адамдар

- Махмуд Балбан суфизмдин жубанмерди (перс-тажик тилинде жованмерд) же март, жоомарт адамдар деген агымына кирген жана ал коом үчүн кызмат кылган. Махмуд Балбан жашоосунда ошол коомдун принциптерин бекем карманган. Бахауддин Нахшибанди, Мир Кулял Баба, Жалалиддин Руми сыяктуу сопу-фундаменталисттер бар. Алар: “Кудай, сен кайдасың, кайсы жердесиң?”, “Сени көрүп болбойбу?” дешип, кудайды издеген. Махмуд Балбан болсо адамга, инсанга кайрылат, чындыкты, акыйкатты, Актыкты, кудайдын чындап бар экенин адамдардан көрүүгө аракет кылган. Ак – бул кудайдын бир эпитети. Махмуд Балбан бир рубаиде:

Эй, кожо, оюңда күнү-түнү алтын-күмүш.

Көзүңдү ач, сен эмнеге билбейсиң?

Алып кетер дасмияң бу дүйнөдөн бир кепин,

Ким айтат, буйруганбы сага кепин?**,-

деп, Акты - кудайды адамдын жүрөгүнөн, инсандан изедеген. Ал ушунусу менен башка ойчул-акындардан айырмаланат.

Махмуд Балбан табиятынан айкөл жана колу берешен жаралган. Ошондуктан Чыңгызхандын аскерлери менен согушта жаны жайран болгон хорезмдик кабыландар жаткан жайга өз каражатына сагана курдурат.

- Махмуд Балбандын ата-энеси бүгүнкү Түркмөнстандын Көөнө Үргөнч шаарынан болушат. Алар Хивага келишкенде Махмуд апасынын курсагында экен. Ал шаарга кире бериштеги Сырткы Калаада-Дешан Калаада төрөлөт. Ошентип болочок шайырдын киндиги Хивада кесилген. Ал өз улутун, өз журтун жакшы көргөн. Молдолор улут жок, түрдүү элдерди бириктирген коом бар дешип, өзгөлөрдү өнтөлөгөн космополиттик саясат жүргүзүшүп жатышпайбы. Балбан Махмуд тескерисинче өз мекени - Хорезмди сүйгөн. Билесиз, хорезмдиктер Чыңгызханга каршы катуу согушкан. Балбан Махмуд өз акчасына Чыңгызхандын аскерлерине каршы урушта курман болгон хорезмдик эр азаматтарга сагана курдурган. Ал үчүн Ата мекенин, өз журтун сүйүү ыйык нерсе,- деди теги хивалык журналист Хурмат Бабажан.

Акындын рубаилеринин түбөлүктүүлүгүнүн сыры

Махмуд Балбан ырларын рубаят формасында жазган. Адабиятчылардын ырасташынча, оозеки чыгармачылыкта кеңири жайылган төрт саптан куралган рубайини адабиятка тажик-перс акыны Абуабдулла Рудаки киргизген. Рубаилерди Махмуд Балбанга чейин Абуабдулла Рудакиден башка да Ибн Сино, Омар Хаём жана башка акындар жазган. Бирок Махмуд Балбанды “хорезмдик Омар Хаём” деп да аташат. Анын себеби турмуштук жана философиялык рубаилерде Хаёмду туураса, таалим-тарбиялык мазмундагы дидактикалык жана сүйүү темаларындагы рубаилерде Рудакинин жолун жолдойт.

Ошол эле учурда өзгөчө Омар Хаёмго мүнөздүү “сахли мумтане” (гениалдуу жөнөкөйлүк) деген поэтикалык стилди улантат. Омар Хаём менен Махмуд Балбандын рубаилеринин калайыкка жугумдуулугу жана түбөлүктүүлүгүн адабиятчылар дал ушул гениалдуу жөнөкөйлүгү, адамзаттык маселелерге арналганы менен түшүндүрүшөт.

- Балбан Махмуд улуттук акын, элдик акын, биздин акыныбыз. Ал рубаи жазган. Ага чейин Абуабдулла Рудаки (858-941), Ибн Сино (980-1037), Омар Хаём (1048-1131) рубайи жазганын билесиз да. Ибн Сино жана Омар Хаёмдун рубаилери мазмуну жагынан философиялык жана жалпы адамзаттык маселелерди чагылдырат. Балбан Махмудду алсак, анын рубаилери биздин бүгүнкү жашообуз, турмуш-тиричилигибиз тууралуу. Мисалы, акын бир рубаиде өз доорунун катаал шартын мындайча сүрөттөйт:

Мен бу заманда кайгылуу көздөрдү көп көрдүм,

Кандайдыр балээ болсо, айласыз турганын көрдүм.

Нух миң жыл жашап, бир топон суу көрсө,

Мен Нух болбосом да миң топон суу көрдүм.**

Балбан Махмуд экинчи бир рубаиде жаратканга кайрылып, мени эч кимдин көзүн каратпа деп өтүнөт:

Бөтөн бирөөлөрдү мага таяныч кылба,

Кемтиги бар уазирди падыша кылба.

Күчүнөн сүрүңдүн кара чачым агарды,

Чачым ак убакта жүзүмдү кара кылба.**

Ушинтип Балбан Махмуд биздин азыркы жашоого абдан жакын турмуштук маселелерди ырдайт. Ушул жагынан ал өзүнө чейинки шайырлардан өзгөчөлөнүп турат, - дейт Кудайберди Халлыев.

Балбан акын кантип олуяга айланды?

Сопу акын көптөгөн рубаилеринде алкымы бузук кожо-молдолордун ачкөздүгүн, ыйманы жоктугун, аларды Мекке менен Медина да түзөтө албасын, андай диниятчылар ажыга мансабын көтөрүү максатында гана барганын тайманбай айтат. Ага карабай, тирүүсүндө эле балбандыгы жана жоомарттыгы аңызга айланган сопу акынды диниятчылар олуя деп атап, анын рухуна жана кабырына сыйынууга жолду кенен ачышкан. Молдолор мындай кадамга барбаган күндө да карапайым эл Балбан Махмудду олуя көрүп, анын ысымын аздектеп, тумардай көкүрөктө сактары талашсыз болчу. Себеби, XIII кылымда Хорезмде Борбор Азиянын башка аймактарындай эле сопучулуктун же суфизмдин таасири күчтүү эле. Кудайберди Халлыев түркмөндөрдүн Балбан Махмудду пир деп таануу жөнүн мындай чечмеледи.

- Балбан Махмуд өлгөндөн кийин динзарлар ойчул акынды олуя, пир деп жарыялашкан. Себеби каратаман эл Махмуд Балбанда адамдарга күч-кубат, жакшы дем, илхам берчү касиети бар деп эсептеп, анын кабырына барып табынган. Түркмөн акындары Махтумкули, Ашыки, Магрупи жана башкалар Махмуд Балбандын ысымын өз чыгармаларында эскеришет. Биз, түркмөндөр, Махмуд Балбанды олуя деп билебиз, анын Хивадагы саганасына барып зиярат кылабыз. Экинчи жактан, ал аябай гумандуу, инсанды сүйгөн адам болгон. Ошон үчүн байгеге деп берилген алтын-дилдени албай, анын ордуна Индустанда туткунда жүргөн мекендештерине боштондук алып берген. Ушундай насили бийик инсанды түркмөндор олуя деп таанышат.

Пахлаван Махмуд атындагы дарбаза.

Пахлаван Махмуд атындагы дарбаза.

Ошентип, балбан жана философ акын XIII кылымдан бери Орто Азияда жана Чыгыштын бир катар өлкөлөрүндө Палван Пир-Балбандардын пири, Палван ата – Балбан ата, Азирети Палван, Махмуд Пирйарвали деп да аталып жүрөт. Бүгүн да Хивада ойчул акындын саганасына барып зыярат кылган адамдардын аягы үзүлбөйт. Көк жумуру кумпалуу кооз күмбөздүн оймо-чиймелүү дубалына балбан акындын рубаилери фарс тилинде араб жазмасы менен чегип коюлган.

Мен таза жаханмын, асман акка жолум,

Жылдыздарды каухар деп узатат колум.

Тамашалуу өлүм жаңылык эмес,

Эки аалам-кумар, байгедир өлүм.*

690 жыл мурда Хивада акка сапар салган Палван Махмуддын артында өз кол жазмалары калбагандыктан, чыгармалары башка жазмакерлер тарабынан көчүрүп жазылган. Ошондуктан Балбан Махмуддун көркөм мурасын Рудаки менен Хайёмдун рубаилеринен өзбек илимпозу Тухтасин Жалалов узак эмгектин натыйжасында 1979-жылы ылгап чыккан.

Махмуд Палван 79 жашында көз жумганда өз өтүнүчүнө ылайык, тон-тебетей тиккен устаканасынын короосуна көмүлөт. Кийин сопу акындын мүрзөсүнүн тегерегине Хиванын хандары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү көмүлө баштайт.

***

* Бул рубаилерди өзбек тилинен Ош шаарында жашаган акын-композитор Рахим Каримов которду.

** Бул рубаилерди өзбек тилинен Амирбек Азам уулу сөзмө сөз которду. Рубаилер кыргыз тилине “Паҳлован Маҳмуд. Рубоилар. Ғафур Ғулом номидагы Адабиёт ва санъат нашриёти, 1979 й.” деген китепчеден которулду.

  • 16x9 Image

    Амирбек Азам уулу

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Санкт-Петербургдагы Финансы жана экономика университетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG