Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:14

Кыргызстан жылына табият кырсыктарынан 35 миллион доллар зыян тартат 


Кыргызстанда жаратылыш кырсыктан келтирилген зыяндар жыл сайын 35 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев 24-сентябрда Нью-Йорктогу БУУнун Башкы ассамблеясынын 71-сессиясында билдирди. Анын айтуусунда, глобалдык ысыктын кесепеттери ар кандай табигый кырсыктарга, чукул кырдаалдарга, дарыяларда суу деңгээлинин өзгөрүшүнө, мөңгүлөрдүн эришине алып келүүдө.

Абдылдаев Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнө ыңгайлашуусу үчүн эл аралык колдоого муктаж экенин айтты. Министр өзгөчө мөңгүлөрдүн катуу эриши тынчсыздануу жаратып жатканын кошумчалады.

Расмий маалыматка караганда, дүйнөлүк климаттын өзгөрүп жатканына байланыштуу Кыргызстанда 2025-жылы мөңгүнүн көлөмү 30-40 пайызга азайышы мүмкүн. 1970-жылдарда өлкө аймагында 7 миң 628 мөңгү бар болчу. Акыркы 30 жыл ичинде алардын көлөмү жана аянты 14-15% азайган. Адистердин баамында, буга климаттын өзгөрүшүнөн тышкары кен казуу иштери да таасир этүүдө. (NT)

XS
SM
MD
LG