Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:02

Азербайжанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум өтөт


Азербайжан президенти Илхам Алиев.
Азербайжан президенти Илхам Алиев.

Азербайжан бийлиги бүгүнкүгө белгиленген референдум аркылуу президенттин кызматтагы мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартуу, эки вице-президенттин кызматтарын киргизүү, мамлекет жетекчиге парламентти таркатуу укугун берүү, депутат жана президенттикке талапкерлердин жашын 18ге чейин төмөндөтүүнү ниет кылууда. Оппозиция бийликтин бул максатына каршы чыгып, нааразылык акцияларын өткөрүштү. Алар Баш мыйзам президент Илхам Алиев үчүн эле өзгөртүлүп жатканын айтышып, аны бийликти мурастап, баласына өткөрүп берет деп айыптап чыгышты. Илхам Алиевдин уулу Гейдар Алиев азыр 19 жашта.

Азербайжандын азыркы президенти Илхам Алиевдин атасы Гейдар Алиев 1967-жылы Азербайжандын КГБсын, андан соң республиканын компартиясын жетектеген. 1982-жылы КПСС БКнын саясий бюросунун мүчөсү болгон.1987-жылы кызматтан четтетилип, Азербайжанга кайтып келген жана 1993-жылы өлкөнүн президенти болуп шайланган. 2003-жылы бийликти уулуна өткөрүп берген соң жүрөк оорудан каза тапкан.

XS
SM
MD
LG