Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:26

Циркте жан бар, бирок азырынча аргымактардын дабышы угулбайт


Манат Эшимбеков жетектеген топ Германияда өнөр көрсөтүүдө. Майнц шаары. Т.Чоротегиндин сүрөтү. 2010-жылдын 10-октябры.

Манат Эшимбеков жетектеген топ Германияда өнөр көрсөтүүдө. Майнц шаары. Т.Чоротегиндин сүрөтү. 2010-жылдын 10-октябры.

Ушул тапта Мамлекеттик цирк өз көрөрмандарына жаңы жылдык программа тартуулап жатат.

Бул ирет цирктеги жаңы зоокту көргөнү келгендердин саны залдын жарымына жетип-жетпей токтоду.

Мунун жөнүн айрым ата-энелер баанын асмандап кеткени менен байланыштырышса, кээ бир көрүүчүлөр заман өзгөрүп, ага жараша балдарда кызыкчылыктар да алмашып жатканы менен түшүндүрүштү
.

Өткөн кылымдын 70-жылдары “Ала тоо жаңырыгы” деген программа менен атагы алыска тараган Кыргыз мамлекеттик циркинде бүгүн күлүктөрдүн кулагы менен тең ойногон жигиттер, тал чыбыктай ийилип буту менен жаа аткан гимнаст кыздар жетишпейт.

Далай чыгаан цирк өнөрпоздору чет өлкөлөрдө иштеп келет.

Ошентсе да кыргыз мамлекеттик циркинин алдындагы студиянын тарбиялануучулары жаңы жылга карата даярдаган гимнастикалык жана жонглердук жеңил программалар жомоктогу каармандардын, маскарапоздун тамашалары менен коштолуп отурду.

Циркке апасы менен келген беш жашар Мээрим көзүн бакырайтып, жаш өнөрпоздордун ар бир кыймылына бир чети таң калып, бир чети каткырып күлүп чексиз ырахатка батып отурду.

- Атың ким?
- Мээрим.
- Цирк жактыбы?
- Ооба. Жакты.
- Циркке дагы келсиңби?
- Ооба, дагы келем.


Жомоктордогу жана мултфильмдердеги каармандар аренага чыкканда мотурайган бөбөктөр тыпыйган алакандарын шатырата чаап, кубанычка батып отурушту.

Жарым саат мурда цирктин алдында бейкапар ойноп жүрүшкөн он эки жаштардагы 4-5 тестиер баладан “Оюнга киресиңерби же билетке акчаңар жокбу?” - деп суроо узатканымда алар цирктин мыкты программаларын интернеттен же кабелдик телевизордон көрүп алышарын, бул циркке кирбей тургандыктарын айтышты эле.

Кичинекей кызын циркке алып келген Кайыр аттуу келинди кепке тартып, оюн-зоок тууралуу пикирин сурадым.

- Цирк мурда жапайы айбанаттардын оюндары менен чоң-кичинени кызыктыруучу. Азыр албетте андай номерлер жок. Бирок акробаттардын, клоундардын оюну кичине балдар үчүн абдан эле кызыктуу болду. Бир гана жери билеттерди 400 сомго чейин чыгарбай, алдыңкы катарларды 150 сомдон, калганын арзаныраак кылса балдар көп келет беле, - деп жооп берди.

Цирктин башкы режиссеру Кадырбек Тажиев жаңы жылдык оюнга цирктин администрациясы мүмкүнчүлүгү чектелген жана турмуш шарттары начар 50 баланы күнүгө бекер киргизишерин белгиледи.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин жалпы эле маданият мекемелери сыяктуу циркте дагы каражаттын тартыштыгынан жакшы оюндар коюлбай, күчтүү артисттер чет мамлекеттерге кетип, жаныбарлар үйрөтүлбөй калган.

“Акыркы эки-үч жылдан бери өкмөт тарабынан циркти оңдоп-түзөөгө, жылуулукка акча каражаттары бөлүнүп, техникалык маселелер аз-аздан чечилип, жаңы программалыр дайындалып, көрүүчүлөрдү тарта баштадык”, - дейт Кадырбек Тажиев.

Манеждин инспектору, режиссер Клара Тажиева болсо ушул тапта жаш артисттерди цирктин студиясында даярдап, алардын он бештей номуру жаңы жылдык программага киргизилгенин айтты.

Ал ошондой эле кийинки мезгилде кыргыз циркине Орусия, Казакстандан да өнөрпоздор келишип, өнөрлөрүн тартуулап, цирктин аренасы жанданып калганын белгиледи.

Анын айтымында, учурда кыргыз циркинин артисттери, мыкты акробаттары, жонглёрлор жана Манат Эшимбеков баштаган атчандар тобу АКШ, Европада өнөрлөрүн көргөзүп, кыргыз маданиятын, кыргыз цирк өнөрүн, кыргыз элин тышкы дүйнөгө даңазалап жүрүшөт.

Маалыматтарга караганда биринчи жолу улуттук цирк өнөрүн уюштуруу боюнча “Жаш Кыргызстан” деген жаштардын тобун түзүү тууралуу 1962-жылы Кыргыз ССРинин өкмөтү атайын токтом кабыл алган.

Ошол кездеги советтик цирк өнөрүнүн чебери Евгений Чжан Фун-лин (кийин фамилиясын Жаныбеков деп которгон) Э.Мамытбеков, А.Жусупов, С.Бейшебаев, С.Сооронбаев, М.Жумалиев, Клара Лин-чан сыяктуу жергиликтүү жаштардан топ түзүп биринчи жолу 1963-жылы 20-октябрда аренага чыгышат.

Ошентип ал күн кыргыз улуттук профессионалдык циркинин жаралган күнү катары белгиленип калат.

Алар СССРдин жана чет өлкөлөрдүн чоң шаарларын түрө кыдырып, узак мөөнөткө чыгармачылык сапарда болушуп, кыргыздын музыкасынын коштоосунда мыкты программа көргөзүшөт.

1976-жылы азыркы Бишкектеги цирктин имараты ачылып, эки жылдык цирк студиясын бүтүрүшкөн жергиликтүү талантуу жаштар чыгармачыл топту толуктайт.

Ошол кезде даярдалган “Ала тоо жаңырыгы” театрлаштырылган программасы менен кыргыз циркинин өнөрпоздору СССР ичинде эле эмес, дүйнөнүн бир топ мамлекеттеринде өнөрлөрүн тартуулашып, күлүктүн кулагы менен тең ойногон кыргыз чабендестеринин өнөрүн жана жүзүн башка элдерге таанытышкан.
XS
SM
MD
LG