Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:22

Орто Азияга биринчи келген европалык аял - Элла Майяр болуптур. Ал 1932-жылы Кыргызстанга саякаттап келген экен.

Буга чейин элибизге белгисиз болуп келген бул чоң саякатчы жана чыгармачыл айым Элла Майярдын “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген тарыхый-документалдуу көркөм китебинин котормосу кыргыз тилинде чыкты. Төрт жүз барактуу бул китептин түп нускасын Нуралы Турганбаев кыргызчалаган:

- Кыргыздар жөнөкөй жана абдан меймандос калк деп башталат чыгармасы. Булардын ар бир барган жери, кайрадан кетүүнү билдирет. Анткени булар көчмөн эл деп жазган. Отузунчу жылдардагы саясий абалды да сүрөттөгөн. Өзгөчө Казакстанда болгон ачарчылыкты, репрессияны ачык жазган.

Элла Майяр 1930-жылы Москвага келип, алгач орустун улуу кинорежиссеру Всеволод Пудовкин менен жолугат. Андан фотоаппарат менен сүрөт тартуунун, сюжетти кандай динамикалаштыруунун сырларын үйрөнүп, абдан мыкты өздөштүрөт. Анан Кавказга жөнөйт. Ошол жерден чыныгы көчмөндөр менен жолугуу ою пайда болот. Андыктан, 1932- кайрадан Москвага келип, ал жерден поезд менен Кыргызстанга сапар тартат. Алты күндө Пишпекке (азыркы Бишкекке) келип түшөт. Анын алгач келгендеги таасирлерин абдан сонун сүрөттөгөнүн Нуралы Турганбаев мындайча баяндады:

- Пишпекке 1932-жылы июль айында келет. Түшкөндө эле фотоаппаратын колго алат. Тарткан сүрөтүндө боз үй, поезд, темир жол турат. Боз үйдүн жанында жыйырмадай басмачы, аларды кайтарган орус солдаттары турат. Мунун айынан фотоаппаратын алдырып коё жаздаган. Андан кийин Караколдо саякаттаганына ат табылбай көп күн жүрүп калат. Ошондо дагы Караколдун базарына барып, баарын сүрөттөп жазган. Кыргыздар мындай экен. Казактар мындай, өзбек мындай деп.

Элла Майярдын Кыргызстанга келгенде тарткан сүрөттөрү


Ошентип, Токмок, Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол жакта көл жээктеп жүрүп Нарын тарапка өтөт. Тянь-Шандын тоолорун бүт изилдеп чыгат. Көчмөндөр менен жолугушууларын, Нарын дарыясы, тоолор тууралуу жазат. 1934-жылы “Тянь-Шандан Кызыл-Кумга чейин” деген китеби жарык көргөн. Бул өзү абдан оор саякат болгон. Ал кезде сталиндик репрессиянын убагы эле. Атайы уруксат берилбесе да, тынчтыкты сүйгөн спортсмен катары жолу ачык болгон. Бирок аркасынан ээрчип жүргөн адамдар барын билген, - деди Нуралы Турганбаев:

- Кыргызстандан кийин Кытайга барган. Кытай да ал кезде жабык өлкө болгон. Ошого карабастан алты-жети ай Кытайда жүрүп, андан кийин Ооганстанга жетип, Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда беш жылдай Индияда жашаган. Европаны аябай жек көргөн. Анткени, биринчи, экинчи дүйнөлүк согуш анын сезимине аябай чоң таасир калтырган. Ошондон улам Европадан алыс кеткиси келген. Акыры Европага кайтып барган. Ошондо "Мага Азия, Европаны кандай болсо ошондой кабыл алууну үйрөттү" деп айткан. Калган өмүр жашынын баарын Швейцарияда өткөргөн.

Балким, бул айымга мындай чоң саякаттарына чейин спорт менен машыкканы зор жардам бергендир? Кышкысын лыжа тээп, жайкысын деңиздин үстүндө кайыкта сүзүү менен машыгыптыр. Кыздардын жайкы чөп үстүндөгү хоккей командасын он алты жашында уюштурган экен. Андан кийин 1924-жылы, Париждеги, Швейцариядагы кайык үстүндөгү жарыштарда он жети эркектин ичинде жалгыз аял болуп катышкан. Ошол спорттук жеңиштери бардык кыйынчылыктарды көтөрө билүүгө, коркунучтардын баарын тайманбай жеңүүгө үйрөткөн чыгаар? Таланттуу адам бардык жагынан таланттуу дегендей, бул мыкты спортсмен айым, мыкты сүрөткер да экен. Андыктан анын саякат учурунда тарткан ар бир сүрөтү да жакшы образдарды берип турат. Жүздөрдү, жаратылышты аябай жакшы чагылдырып берген кара-ак түстөгү эски сүрөттөр. Анан да Элла Майяр жазмакер да болуптур, ар бир саякаты жөнүндө бирден китепти кантип жазганын Нуралы Турганбаев минтип чечмеледи:

- Апасы аябай сөзгө чебер болгон. Саякаттарынын учурунда экөө кат жазышып турган. Ошо каттарын кайра китебин чыгарганга пайдаланган. Мен которуп атканда өзүмөн-өзүм сурадым да, бул кантип ушунун баарын эстеп калган деп. Көрсө буга кайра китеп кылып чыгарганга жазышкан каттары анан тарткан сүрөттөрү жардам бериптир. Үйүнө баргандан кийин алардын баарын чогултуп анан сүрөттөрдү карап улам эстеп жазган да, каттарын кошуп пайдаланып. Үй-бүлөсүндө атасы, апасы, улуу агасы болгон. Кийин жалгыз жашап, 94 жашка чыкканда кайтыш болгон.

Кыргыз-француз жакындыгы

Улуттук университеттин чет тилдер кафедрасынын француз тилинен ага окутуучусу Нуралы Турганбаев жаштарга француз маданиятынын таасири абдан зор дейт. 2009-жылы француз элчилиги жана Франциянын Орто Азияны изилдөө институтунун жардамы менен жетекчиси Мария Акчекеева экөө алгачкы Кыргызча - французча сөздүктү түзүшкөн экен. 35 миң сөз айкалыштарын камтыган кыргыз-француз сөздүгү бул тилди окуган бардык окуу жайларга бекер таратылып берилген. Француздар роман тили тобуна киргендиктен тилибиз жактан окшоштуктар жок. Фонетикалык жактан “Ө”, “Ү” жана мурунчул тыбыштарыбыз гана окшош дейт.

Тарых учугун улай отурсак, мындан бир жыйырма жылдай мурун эле, Манас эпосунун миң жылдыгында, нарындык жөө күлүк, спортсмен - Төлөн Насырбеков Парижге эле эмес, Франциянын Ош шаарына чейин чуркап барып келүүгө ниеттенип, жолу болбой калган эле. Бул жөнүндө ошол учурда аны менен иштешкен журналист Памирбек Казыбаев минтип эскерди:

- Элчиликтер иштешип, жүгүрүүнүн графигине чейин макулдашылган болчу. Биринчи багыты Париж болгон, Парижге жеткенден кийин ар жагы Ош тарап. Ош шаары деп, биздин аталышка окшоп турбайбы. Кандайдыр бир себеби болсо керек деп тээ илгери эле божомол кылчубуз. Бишкек-Астана анан Париж багытында жүгүрүшмөк. Булар Киевге чейин баргандан кийин чек арадан өтө албай кайра артка тартышкан да.
Франциядагы Ош (Auch) шаары, 2010-жыл

Франциядагы Ош (Auch) шаары, 2010-жыл

​Франциянын түштүгүндө жайгашкан Ош шаары Жер департаментине карайт экен. Бир кезде Жер дарыясынын чыгыш жээгинде келгиндер дегендей – кельтибер уруулары жашаган экен. Латынча жазылышы – Элимберрис экен. Кай жагынан алса да кыргыз жыттанган бул аталыштарды изилдөө иши алдыда чыгаар. Ага чейин Франциянын Кыргызстандагы атайын элчиси болуп жаңы дайындалган Стефан Ката мырза Францияга барганда бул шаардын мэрине кирип макулдашып, кыргыз жана француз Ош шаарларын бир туугандаштырам деди:

- Кыргыздар да француздар сыяктуу эркиндикти жакшы көргөн эл экен. Ушул жагынан эки элдин табити бир, жакындыгын билдим. Ал эми, “Ош” деген сөз мааниси боюнча эмне экенин билбейм. Бирок айтылышы, угулушу эки элде тең бирдей. Бир кезде бул эки шаарды бир туугандаштырганга бир аз аракет болгон эле, кийин унутуп калышты. Мен бул боюнча Францияга барганда Ош шаарынын мэрине жолугуп, эки шаарды достоштурганга аракет кылам.

Сорбонна университетин аяктаган Жамбы Жусубалиева бул аракет ишке ашса жакшы болорун айтты:

- Франциянын түштүгүндөгү Жер ортолук деңизинин жээгиндеги, лимондор өскөн бир сонун Ментон деген шаарда калпак кийип, колуна бүркүтүн кармаган мүнүшкөр кыргыздын чоң эстелиги бар. Орус айкелчиси Евгений Лансере аны 19-кылымда Орто Азияга саякаттап келгенде жасаган. Ал аттарды абдан жакшы көргөндүктөн анын айкелдеринин көбү атчандар. Андыктан бул айкел эң сонун жасалган. Аны орус падышалыгы француз королуна белек кылган экен. Алар ушул шаарга орнотуптур. Лансере өзү да 1848-86-жылдары Францияда жашаган.

Балким, жогорудагы жер аттарындай эле, бул айкел да бекеринен ошол жакка коюлбаса керек. Анткени, жазуучу Турусбек Мадылбайдын 18-19-кылымдарда жашаган француз акыны Пьер-Жан Беранженин: “Кыргыз ыры” деген ырынан которгон котормосун окусак, тарыхта кыргыздар Европада бир нече жолу болгондой. Аларга суу сиңгендей сиңип да кеткендей:

Кайда баары? Качты. Жалгыз ээликмин, -
Европага эски жол кайра ачылды:
Уч, уча бер – мен сага орун берем
Искусствонун уюгу кең Парижден.
Сенадан бир кандырасың суусунду;
Эки ирет жууган элең каныңды.
Кишенегин, силкип алгын жалыңды –
Күлгө айланды канча эл, канча эр жалындуу!

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG