Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:39

Америкадагыдай “Силикон өрөөнүн” эми Кремль Орусияда да куруш үчүн азыр чет жактардан инвестиция издеп жатат. Ал арада постсоветтик аймактагы эки мамлекетке каршы жасалган кибер-жапырыктардын артында дал ушул Москва турат деп ишенгендер эми Орусия “Силикөн өрөөнүндө” иштечү жогорку технологияларды ири “кибер согуш” ачканга колдонушу мүмкүн деп кооптонушууда.

Азырынча Москванын четиндеги Сколково району шаардын башка четки райондорунан анча деле айырмаланбайт. Бирок дал ушул жерди президент Дмитрий Медведев Орусиянын айтылуу “Силикон өрөөнүнө” (айрым башка аталыштарда “Кремний өрөөнү”) айландырууну самап жүрөт.

АКШнын Калифорния штатындагы “Силикон өрөөнү” деп аталган региондо азыркы заманбап технологиялардын баш-кеңселери жыш жайгашкан. Өзүндө да ушундай районду курам деген Медведев быйыл жайында америкалыктардын тажрыйбасын үйрөнүп, ал жактан инвесторлорду Орусияга чакырыш үчүн атайын Калифорнияга барып келди.

"Көрөгөч президент" эмнени көрө алды?

Өткөн айда болсо ал штаттын губернатору, белгилүү “терминатор” Арнольд Шварценеггер Google, Microsoft компанияларынын бир топ таасирдүү адамдарын ээрчитип алып, Сколкового барды (Бирок Шварценеггер 2-ноябрдагы шайлоодо губернаторлукту демократ талапкерге уттуруп койгон – ред.). Албетте, ал жерде экс-губернатор орус мамлекетинин башчысын “көрөгөч президент” деп атап, анын планы инвесторлор үчүн өзүнчө эле чоң табылга деп мактады.

Орус президенти Д.Медведев менен Калифорниянын экс-губернатору Арнольд Шварценеггер, Сколково району, 11-октябрь, 2010
“Калифорниялыктар менен бирге биз бул жерде чыныгы кереметти жаратып, ноу-хау технологиялар тармагында чоң ийгиликтерге жетишебиз деп ойлойм”, - деди Шварценеггер.

Ошентсе да, жүздөгөн чет-элдик инвесторлорду тартууну максат кылган Кремлдин планынан митаам ниетти көргөндөр да жок эмес. Кибер-чабуулдар боюнча америкалык эксперт Жеффри Каррдын ишениминде, орус президентинин ал долбоорунан пайда көрчүлөрдүн бири интернеттеги ар бир кыймылды көзөмөлгө алууну көздөгөн коопсуздук кызматтарынын атайын топтору болушу мүмкүн.

“Тыңшай турган, аңдый турган аппараттарды имарат курулуп жаткан учурда орноткон туура, - дейт Карр. - Эгер чын эле ал жасалса, анда бул өзүнчө эле чоң төңкөрүш болот. Анткени ички коопсуздук боюнча атайын кызматтар бүт маалыматты чогултканга мүмкүндүк алышат”.

Дал ушул жагдай Батышта өкмөттөр “кибер-согуш” деп атап жаткан коркунучка алып келет жана муну Москва башкарууну каалап жаткан болушу мүмкүн деген чочулоо бар.

"Электрондук-жапырыктын" жаңырыгы

“Кибер согушу” деген термин алгач мындан үч жыл мурда Эстониядагы парламенттин, айрым министрликтердин жана банктардын сайттарына хакерлер жапырык жасаганда колдонулган эле. Ал окуя баш калаа Таллинде Кызыл армиянын аскеринин айкели жылдырылаары боюнча орус-эстон дипломатиялык араздашуусу кызып турган учурга туш келген.

Эстониянын Коргоо министри Жаак Аавиксоо ал улуттук коопсуздукка чындап коркунуч келтиргенин айткан: “Ал чабуулдардын мүнөзү, укмуштуудай координация менен даярдалышы ага көп акча коротулганынан, көптөгөн мыкты адистер иштегенинен кабар берет”.

Министр бул үчүн ачыктан-ачык Орусияны күнөөлөш үчүн жетиштүү далил жок экенин айтканы менен, эстониялык расмий бийлик өкүлдөрү Кремлди айыпташкан эле.

Медведевдин планынан коопсуздук боюнча атайын кызматтар пайда көрүшөт
Расмий Москва айыптоолорду четке кагып келатат. Бирок кийинчерээк парламенттин депутаты Сергей Марков жапырыктын баарын анын жардамчысы жалгыз эле башкарып койгонун айтып мактанганы бар. Азыр эми Кремлдин Мамлекеттик думадагы негизги колдоочуларынын бирине айланган Марков эстон бийликтери “жалган сүйлөп жатышат” дейт.

“Эстониянын бийлик төбөлдөрү муну Молдованын Днестр боюндагы регионунун эле бир топ жаш адистери “коомдун бейформал кыжырдануусун” көрсөтүш үчүн жасашканын жакшы билишет”, - деди Марков.

Эстонияга каршы ал кибер-чабуул ошол кезде өтө олуттуу окуя болгону менен, ал баары бир кийин орус-грузин согушу учурундагысынан артта калды окшойт.

2008-жылдын августунда Орусиянын аскерлери Грузияга басып киришкенде дагы бир ирет хакерлер эми грузин бийликтеринин интернет байланышын иштен чыгарышты. Президенттик администрациядан баштап, министрликтердин, менчик ишканалардын жалпысынан 20 сайты бир апта бою иштебей, байланышсыз калышкан.

Бирок Грузиянын өзүндө да интернет боюнча иштеген адистердин арасында муну орус өкмөтү эмес, жөн гана согуш учурунда жаалданган кадимки жарандар кылган болушу мүмкүн дегендер да учурайт.

Мына ушунун баарын эске алган адистер азыр эми технологиялык өрөөн курам деген орус бийлигине жардам берчү Америкадагы фирмалар келечекте “кибер согушка” жардамчы болуп калышы ажеп эмес деп эскертип жатышат.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG