Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:09

Макрондун штабы орусиячыл хакерлерди айыптайт


Франциянын президенттигине талапкер Эммануэл Макрон.
Франциянын президенттигине талапкер Эммануэл Макрон.

Францияда президенттик шайлоонун биринчи айлампасында жеңген талапкер Эммануэл Макрондун штабы Орусия менен байланышы бар хакерлердин бутасына кабылганын билдирип чыкты. Окуя декабрь айында болгонун штаб башчы Мунир Махжуби билдирди.

Жапонияда жайгашкан "Тренд Микро" киберкоопсуздук компаниясы 25-апрелде жарыялаган баяндамасына ылайык, Франциянын президенттигине талапкер Эммануэл Макрондун штабынын электрондук почталарына агрессивдүү киберчабуул жасалган. Хакерлер Макрондун өзүнүн жана анын компаниясынын жеке маалыматтарын уурдоого аракет жасашкан.

Макрондун штабына чабуул жасагандардын изине "Тренд Микро" компаниясы алдамчы, бири-бирине окшош сайттарды иликтеп жүрүп түшүшкөн. Адатта мындай сайттарды хакерлер бутага алган адамдарын сыр сөздөрүн билиш үчүн ачышат.

Макрондун үгүт кампаниясынын штаб башчысы Мунир Мажуби киберчабуул аракеттери болгонун ырастап, хакерлер максаттарына жетпей калганын билдирди. Штабдын бир нече кызматкерлеринин почталарына жасалма сайттарга жетелеген каттар келген. Бирок бул каттар дароо аныкталып блоктолгон. Ал Макрондун кампаниясынын электрондук почталарына чабуул өткөн жылдын декабрь айында жасалганын "Ассошиейтед пресс" жана "Нью-Йорк таймс" басылмасына айтып, хакерлердин Орусия менен байланышы бар деп боолгологон.

"Тренд Микро" компаниясынын кеңсеси.
"Тренд Микро" компаниясынын кеңсеси.

Ушул жылдын февраль айында Макрондун "Алга" партиясы өздөрүнө каршы жасалган киберчабуулдар тууралуу коомчулукка жарыялап, Орусия менен байланышкан хакерлердин бутасында калганын айтышканы менен далилдей алышкан эмес. Анда партия өкүлдөрү Москва орусиячыл талапкерлерди алга сүрөөгө кызыкдар экенин билдирген.

Киберчабуулдарды ким жасаганын аныктоо эң оор маселелердин бири. "Тренд Микронун" кызматкери Фейк Хаккборд Макрондун штабына жасалган чабуул үчүн Pawn Storm деген топ жоопкер деген ишеничте. Бул топ буга чейин Fancy Bear деген ысым менен белгилүү болуп келген.

АКШнын чалгын кызматтары дал ушул топтун хакерлери өткөн жылы Демократиялык партиянын жана башка саясий уюмдардын электрондук почталарына чабуул койгонун билдиришкен. Чалгын кызматтары топтун Орусия менен байланышы бардыгын ырасташып, муну менен Кремль АКШда 2016-жылы өткөн президенттик шайлоонун жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылганын айтып чыгышкан. Жакында эле бул сөздөрдү далилдеген өз иликтөөсүн Рейтер маалымат агенттиги да жарыялаган.

Орусия киберчабуулдар боюнча бардык айыптоолорду четке кагып келет. Макрондун штабына жасалган чабуулга байланыштуу Кремлге коюлган дооматтарды орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков "одоно жана ойлонулбай жасалган билдирүү" деп атады.

Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.
Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков.

"Тренд Микронун" баяндамасы да Москва Европадагы шайлоолордун жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылат деген кооптонууну күчөткөндөй болду. Эки күн мурда Франциядагы президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Путиндин бийлигин сынга алып келген талапкер Эммануэл Макрон жана Кремл менен жакшы ымаладагы, ашынган оңчул Марин Ле Пен алдыга чыгышкан. Эми эки талапкер 7-майда өтчү шайлоонун экинчи айлампасында президенттикке ат салышат.

"Тренд Микронун" маалыматына ылайык соңку бир нече аптанын ичинде ушул эле хакерлер тобу бир нече ирет Германиянын канцлери Ангела Меркел башында турган Христиан-демократтар партиясынын компьютердик системасына жана башка эки аналитикалык борборго чабуул коюшкан. Ал эми бир күн мурда Даниянын киберкоопсуздук кызматы кремлчил хакерлер өлкөнүн Коргоо министрлигинин электрондук почталарын 2015-2016-жылдары бузуп киришкени маалым болгонун билдирген. Москва бул айыптоону да четке какты.

"Тренд Микро" киберкоопсуздук компаниясынын көз карандысыз баяндамасында 160 киберчабуул тууралуу маалыматтар камтылган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG