Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:05

Вашингтондогу аялдардын жүрүшүн колдогон акция Бишкекте да өттү


“Эркиндик жүрүшү” деп аталган акция демократиянын баалуулуктары, адам укуктары, сөз эркиндиги, биримдик жана эркиндикти коргогон "Вашингтон аялдарынын маршын” колдоп уюштурулду.

Акциянын катышуучулары Уркуя Салиеванын эстелигинен борбордук Ала-Тоо аянтына чейин жөө басып барышты. Соңунда “Эркиндик жана тилектештик форумунда” кабыл алынган жарандык хартия жарыяланды.

Иш-чараны “Бир дүйнө Кыргызстан”, “Кылым шамы” бейөкмөт уюму, Сөз эркиндигин коргоо комитети жана башка жарандык активисттер уюштурду.

Ишемби күнү Вашингтондо “Аялдардын жүрүшү” өтөрү белгиленген. Бийликтин маалыматы боюнча, ага 200 миңге чейин киши катышуусу күтүлүүдө. (ZKo)

XS
SM
MD
LG