Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:23

Чехиянын ортолугундагы Высочина обласы тоолуу келип, жери арык келет. Ошон үчүн дыйканчылык кылуу башка региондорго караганда бир кыйла оор.

Бу аймактагы дыйканчылык менен сүт чарбасына адистешкен Долни Либоховице кооперативи орто кирешелүү чарбалардын бири.
Быйыл түшмүдү жакшы алдык. Ошондуктан тракторду банктан карыз албай эле өз акчабызга сатып алабыз.

Дөңгөлөктүү John Deere тракторунун буурсуну Kundratice айылынын четиндеги шүдүгөрдү тилип оодарып жатты. Америкалык трактор жандоодо да жүрүшүнөн жазбай бир калыпта иштөөдө. Удаа эле чехтердин “Zetor” трактору жерди майдалап, малалап жүрөт.

Долни Либоховице кооперативинин агроном-менеджери Павел Коукла чарбага караштуу айдоо жерде. 10-ноябрь 2011

Долни Либоховице кооперативинин агроном-менеджери Павел Коукла чарбага караштуу айдоо жерде. 10-ноябрь 2011

Бул “Долни Либоховице” кооперативине караштуу 600 гектар жердин бир бөлүгү. Чарбанын жетекчиси Павел Коукла үлүшкө 20 гектар жерин кошкон. Кооперативдин калган 15 мүчөсүнүн да ортого кошкон жерлери бар. Алар жергиликтүү адамдардын жерин да ижарага алышат. John Deere төрт жыл мурда кредитке сатып алынган.

“Бул тракторду 4 жыл илгери банктан насыя алып, 2,5 миллион кронго сатып алган элек, - деди Павел мырза.- Кредитти быйыл төлөп бүттүк. Кредиттин жылдык акысы 5 процент болчу. Быйыл өткөн жылга караганда түшүм мол болду. Буудайды гектарынан 6, 3 тоннадан, арпаны гектарынан 5,5 тоннадан жыйнадык”.


180 аттын кубаты бар John Deere күнүнө 10 гектар жерди айдайт. Чарбада “Форд”трактору, тогуз даана “Зетор”, бир эски “Беларус” жана башка толгон токой техникасы бар. “Зеторлор” менен “Беларус” кооперативге коммунисттик замандан калган. Ошондой эле беш жыл мурда сатып алынган “New Holland” комбайны бар. Аны жарым баасына алган. Себеби, жаңысы 5 миллион крон турат. Павел мырзанын айтышынча, эмки жылы Австриянын 120 аттын күчү бар “Case” тракторун сатып алышат:

-“Case” тракторун сатып алганга келишим түзүп койдук. 1 миллион 300 миң крондун 500 миңин төлөп койгонбуз. Ал эми калган акчасын келерки февралда төлөйбүз. Быйыл түшү мдү жакшы алдык. Ошондуктан тракторду банктан карыз албай эле өз акчабызга сатып алабыз.

Азыр 18.50 чех крону 1 АКШ долларына тете. Кооперативде түрдүү техникасы болгону менен жүгөрү оргонго четтен комбайн жалдашат. Себеби, жүгөрүнү 30-40 гектар гана жерге эгишет.

Павел Коукла, өзү айткандай, ал кооперативдин агроному да. Ошон үчүн жумушту уюштуруу, зарыл тетиктерге, жер-семирткичтерге заказ берүү, өнөктөштөр менен иштешүү анын мойнунда. Бирок жумуш күчөп турганда трактор да айдайт, чөп да орот, тоют да камдайт, кык да тазалайт. Азыр да жумушчу кийим менен жүрөт. Быйылкы түшүмдү кайда сатасыңар деп сураганымда, ал мындай деди:
Долни Либоховице кооперативинин жерин John Deere трактору айдап жүрөт. 10-ноябрь 2011

Долни Либоховице кооперативинин жерин John Deere трактору айдап жүрөт. 10-ноябрь 2011


- Буудай менен арпанын бир бөлүгүн өзүбүз жемге пайдаланабыз. Бир бөлүгүн башка фермаларга сатабыз. Арпаны сырага (пивого) угут жасачу ишканалар сатып алат. Бир литр сүттү 8 кронго, уйдун этин 75 кронго сатабыз; торопойлорду тирүү сатып алышат. Бир кило тирүү салмак үчүн 42 крондон төлөшөт”, - деди сөздүн ток этер жерин сүйлөгөн Павел Коукла уйканага кузовдуу “Шкоданы” айдап баратып.

Ар кайсы жылдары курулган сарайларга жакындай бергенде мөөрөгөн букалардын үнү угулду. Сарайда 60 саан уй бар. Анын ортосундагы төрт чарчы метр келбеген аянтка кызыл түскө бойолгон эки даана сүт саагыч робот орнотулган. Зоотехник Павел Паздера сыйырларды автомат кандай саай турганын мага мындай сүрөттөдү:

-Ар бир уй роботко өзү келип саадырат. Кээ учурда уй келбесе же уйдун желини роботко кынапталып отурбаса, ошондо гана адам жардамдашат. Биз тандап жатып, желини сүтко толгондо роботко өзү келип саадырган уйларды чогултканбыз буерге. Желиндүү, буту узун уйларды өстүрүү селекционерлер үчүн узак жылдык иш, алардын милдети.

Голландияда жасалган “Lely” сүт саагыч роботтун бирин 2008-жылы, экинчисин 2009-жылы 4, 5 миллион кронго сатып алышкан. Мурда 100 уйга 4 саанчы эле. Азыр баарын жалгыз саанчы жана зоотехник аткарат.


Голландияда жасалган “Lely” сүт саагыч роботту. 10-нояюбрь 2011

Голландияда жасалган “Lely” сүт саагыч роботту. 10-нояюбрь 2011

- Зоотехник катары негизинен сүттүн сапатына көз салам,-деп улады сөздү Павел Паздера.- Сүттү кардарларга жөнөткөндө начар, сапатсыз сүт аралашып кетпеш керек. Тоюттун даярдалышына жана уйларга убагында берилишине да мен жооптуумун. Тоют берүү үчүн эки адам бар. Робот саан уйларга кандай тоют бериш керек экенин берген сүтүнө жараша өзү чечет. Уйларды уруктандырып-көбөйүшүнө да мен жооп берем.

Ушу тапта карала түстүү голштин тукумундагы сыйыр роботко келип, сүткө толгон чытыраган желинин автоматка саадыра баштады. Зоотехник компьютердин мониторуна көз салып гана биз менен сүйлөшүп турду.

Павел Паздеранын айтымында, эң мыкты уйдан күнүнө 50 литр, ал эми начарынан 30 литр сүт саалат. Быйыл чарба 800 миң литр сүт саткан. Бир литр сүт үчүн кардарлар 8 крон же кыргыз сому менен эсептегенде орточо 20-21 сом төлөшөт.

Павел Коукланын айтышынча, дотация жана 5 проценттик кредит кооперативге кымбат баалуу айыл чарба техникасын ашыкча кыйналбай сатып алганга толук мүмкүндүк берет.

- Азыркы баа бизге киреше берет. Өкмөттөн алган дотация чыгымдарыбыздын 16 процентин жабат. Дотация бизге жаңы технологияга инвестиция жасаганга жана жаңы техниканы сатып алганга мүмкүндүк берет. Жалпылап айтканда, азыр кырдаал дыйкандар үчүн жакшы болуп калды: айыл-чарба продукцияларын сатып алуу баасы өстү. Ошон үчүн азыр баш оорутчу чоң проблемалар жок. Баа канааттандырат, көңүлүбүз ток.
Алайкуулук фермердин айыл чарба шайманы. Ош дубаны. 25-июль 2010

Алайкуулук фермердин айыл чарба шайманы. Ош дубаны. 25-июль 2010



Быйылкы түшүмдүү жылда кооперативдеги 16 адамдын орточо маянасы 18 миң чех крону же 1 миң доллардан болууда. Өкмөттөн берилген ссуда - дыйканчылыкты колдогондон башка да айыл жеринде калкты кармоонун экономикалык механизми. Айыл чарбасына адистешкен жалпы республикалык “Zemledelec” гезитинин жазышынча: “2011-жылы Чехиялык 26867 дыйкан ар бир гектар жер үчүн 4687 крондон дотация алышты. Бул былтыркыдан көп. 2010-жылы ар бир гектер жер үчүн 4060 крон төлөнгөн. Былтыр бардыгы 14, 3 миллиард крон төлөнсө, быйыл бул сумма 16,5 миллиард кронду түздү.”

Ошентсе да чех дыйкандары өтүп бараткан жылы өкмөттөн алган дотация Евробиримдикке башынан мүчө өлкөлөрдө айыл чарбасында эмгектенген фермерлерге берилген жардамдын 80 процентине гана барабар болду. 2013-жылы чех фермерлер жана Батыш европалык дыйкандар алган дотация тең болот.

P.S. Албетте, “Кыргызстанда дыйкандар менен малчыларга өкмөт тарабынан ссуда берилеби? Насыя акысы кандай?” деген суроо жаралат.

Бул суроо менен Ноокат районундагы Чеч-Дөбө айыл чарба кооперативинин бухгалтери Абдрай Жумаевке кайрылганымда совет заманында дотация колхоз-совхоздорго берилгенин, азыр эч бир чарба дотация албасын, ал эми кредит акысы 18 процент экенин айтты.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG