Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:02

Чехтер “улут абийири” Вацлав Гавел менен коштошууда


Дүйнө лидерлери жана чех журтунун каймагы жума күнү Прагада бир кезде диссидент жазуучудан өлкө президентине өсүп жеткен Вацлав Гавелдин тажыясына чогулушту.

Өткөн жекшемби, 18-декабрда узактан берки оорудан көз жумган Вацлав Гавел 1989-жылы мурдагы Чехословакияда коммунисттик бийликти кулаткан “баркут ыңкылабынын” көсөмү саналат. Ал тарыхка Чехословакиянын акыркы (1989-1992) жана Чехиянын алгачкы президенти (1993-2003) катары кирип калды.

3 күндөн бери мамлекеттик аза күтүү жарыяланган Чехияда - Гавелдин сөөгү коюлган атактуу ыйык Витт чиркөөсүнө аны менен коштошууну каалаган миңдеген чехтер суукка карабай, эшикте узун кезекте турушуп, маркумду “улут абийири, намысы, чыныгы президент” катары көрүшөөрүн айтып, терең кайгырып жатышты.

Бул күндөрү жергиликтүү жана чет элдик маалымат каражаттарында Гавел “коррупцияга кайнаса каны кошулбаган”, “бакубат дүйнө курууну кыялданган байоо мүнөз” инсан катары сүрөттөлүүдө.

75 жаш курагында дүйнө салган Гавел Чехиянын эл аралык байланыш-катышын бекемдеп, өз өлкөсүн мурдагы коммунисттик блокко кирген Чыгыш жана Борбордук Европадагы алдыңкы мамлекет катарына киргизе алды.

Маркумдун жалпы Батыш дүйнөсүндөгү кадыр-баркы абдан жогору, ошол эле маалда азыркы өзгөрүлмө доордо өз элинин терең сый-урматына татыган саналуу лидерлердин бири болуп калды.

Чехияда айрым жылдары анын саясий рейтинги төмөндөп кеткен учурлар да болбой койгон жок, бирок бийлик мөөнөтү аяктап, кызматын тапшыргандан бери “баары салыштыруу аркылуу бааланат” дегендей чехтер арасында Гавелдин баркы эми чындап сезиле баштагандай.

Маркумдун бир кезде саясий атаандашы саналган, Чехиянын азыркы президенти Вацлав Клаустун сөздөрү дал ушуну айгинелейт.

- Гавелдин калкына өтөгөн кызматы, максат-мүдөөсү, мурасы биз үчүн ар дайым өрнөк болмокчу. Анын кеп-кеңеши, айтылган ойлору бизди алдыга сүрмөлөп, жалпы дүйнө жана анын келечеги үчүн өтөлгө болуп бермекчи.

Өз элинде гана эмес, эл аралык деңгээлде бийик кадыр күткөн Вацлав Гавел менен коштошуу зыйнатына Франция менен Грузиянын президенттери Саркози жана Саакашвили баш болгон 15 мамлекет башчысы, Британиянын премьери Дэвид Кэмерон, АКШнын мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтон күйөөсү, экс-президент Билл Клинтон менен катышты.

АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана мамкатчы Хиллари Клинтон.
АКШнын мурдагы президенти Билл Клинтон жана мамкатчы Хиллари Клинтон.
Европалык өлкөлөр арасынан Гавелдин тажыясына расмий делегация жөнөтпөгөн тараптар катары Азербайжан, Босния, Сербия жана Беларус аталды. Орусиядан өлкөнүн омбудсмени Владимир Лукин өз демилгеси боюнча келип катышканын билдирди.

Коммунисттик доордо, жаш кезинде диссиденттик ойлору үчүн түрмөгө отуруп чыккан Вацлав Гавелдин ал кездеги тарткан кыйынчылыктар азабы саламаттыгына доо кетирбей койгон жок. 1996-жылы ага өпкөнүн рагынан операция жасалып, андан кийин да көп жылдар бою дем алуу органдарын такай дарылатып жүрдү.

Чехтер маркум президентинин чыгармачыл жандүйнөсүн, тамашакөй мүнөзүн эске алып, жума күнү кечинде Прагада Гавелдин элесине арналып, ал сүйгөн рок музыка концерти, театрда авангарддык спектаклдер коюлууда.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG