Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:31

Чех президентин АКШ элчисинин сөзү териктирди


Чех Республикасынын президенти Милош Земан. 10-январь 2014
Чех Республикасынын президенти Милош Земан. 10-январь 2014

Чехия президенти Милош Земан Кошмо Штаттардын Прагадагы элчиси менен араздаша кетти.

Земандын "туткагы кармоосуна" 9-майда Москвада болчу Жеңиш парадына баруу ниети тууралуу элчинин айткан пикири себеп болду.

АКШнын элчиси өткөн аптада Чех телеканалына берген маекте президент Милош Земандын 9-майда Жеңиштин 70 жылдыгына карата Москвада өтчү аскерий салтанатка баруу планы жөнүндө мындай оюн билдирген. “Мен Экинчи Дүйнөлүк согуш жылдары өзүн курмандыкка чалган бардык адамдардын арбагын эскерүүнү ниет кылганын түшүнөм. Бирок, орусиялык аскерлер эл аралык нормаларды бузуп, коңшу өлкөнү бейстабилдештирип жатканда, президент Земан, балким, Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн тиякка барган жалгыз лидери болуп, аскерий парадды тамаша кылганы оңтойсуз болот деп ойлом” деген эле АКШ элчиси Эндрю Шапиро.

Орусиянын Украинанын чыгышындагы капсалаңдагы ролу жана Крымды кошуп алуусуна байланыштуу Евробиримдикке мүчө 29 өлкөнүн көбүнүн президенттери нацисттик Германиянын үстүнөн болгон жеңишке арналган Москвадагы мааракелик салтанатка барышпайт. Былтыр апрелден бери Донбасста өкмөттүк күчтөр менен Кремль колдогон жикчилдер арасындагы салгылаштарда 6 миңден ашык адамдын каны төгүлдү.

Президент Земан 5-апрелде“Парламент баракчасы” (Parlamentni Listy) жаңылыктар сайтына басылган интервьюда америкалык элчинин кыйыр айткан сынына байланыштуу ал үчүн президенттин резиденциясы - Пражский граддын “эшиги жабык” деди.

Земандын айтымында, ал Чехиянын Вашингтондогу элчисинин АКШ президентине кайда баруу жөнүндө кеңеш бергенин элестете албайт жана кайсы бир элчинин тыш өлкөлөргө жасаган визиттери тууралуу кеп кылуусуна жол бербейт.

Шапиро 6-апрелде билдирүүсү Земанга катуу тийгенине өкүнүчүн айтып, бирок мурдагы сөзүн артка албады.

Чехия парламентинин өкүлдөр палатасынын төрагасы Ян Хамачектин баамында, элчинин сөзүнө президент өтө эле курч жооп берген. Сенаттын төрага орун басары Пржемысл Соботка болсо президент “дипломаттык ой жүгүртө албагынан көрсөттү” деп эсептейт.

Премьер-министр Богуслав Соботка президент Милош Земандын “реакциясы адекваттуу болбой калды деп ойлойт”.

- Президент мырзанын жалпы тышкы саясатка мамилеси бир кыйла профессионалдуу болсо, мен, арийне колдоор элем. Менин оюмча, президент Земандын реакциясы адекваттуу болгон жок - деди Чехиянын өкмөт башчысы дүйшөмбү күнү коомдук телеканалга берген интервьюда.

Чехия президентин жалпы эл шайлаганы менен негизинен церемониалдык кызмат. Тышкы саясат үчүн өкмөт жооптуу.

Ырас, Орусия президент Земанды жактады. “М. Земандын фашизм менен согушта курман болгон советтик аскерлерди жадында бекем тутканы мактоого арзыйт” деп жазды Твиттерде Тышкы иштер министрлигинин Адам укуктары боюнча комиссиясынын башчысы Константин Долгов.

Мамдуманын Эл аралык иштер комитетинин төрагасы Алексей Пушковдун пикиринче, Шапиронун “чый-пыйы чыкканы Батыш лидерлеринин 9-майда Москвага баруусу Вашингтонду тынчсыздантып жатканын” көрсөтөт.

АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Мари Харф 6-апрелде Вашингтондо кабарчылар менен кездешүүдө Чехиядагы элчи Эндрю Шапиронун Пражский градка кирүүсүнө тыйуу салынат деген маалыматты тастыктай албасын айтып, гитлердик Германияны жеңүүгө арналган Москвадагы парадга баруу ар бир мамлекеттин ыктыярындагы иш экенине баса белгиледи.

- Элчи айткандай, Кошмо Штаттар, албетте, Экинчи дүйнөлүк согушта курман болгондордун баарына урмат көрсөтүү тилегин түшүнөт. Арийне, ага катышууну ар бир өлкө өзү чече алат. Мен азыр эле айткандай, биз али чечим кабыл ала элекпиз. Биз, ошондой эле, азыр Орусия менен мурдагыдай иштешчү мезгил эмес экенин айтканбыз.

Мари Харф Чыгыш Украинадагы куралдуу жаңжалды токтотуу үчүн Орусияга кысым көрсөтүүдө биримдиктин зарылдыгын АКШ европалык союздаштардын көңүлүнө салганына да кошумчалады.

Милош Земандын өкүлүнүн жергиликтүү медиага билдиришинче, АКШ элчиси азырынча Чехия президентинин резиденциясында болчу расмий иштерге катыша алат.

XS
SM
MD
LG