Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:57

Шийи кошуундары Ирак армиясына кошулууда


“Ирак менен Леванттагы ислам мамлекети” (ИЛИМ) куралчан тобуна каршы согушка катталган шийилердин кошуундары. Багдад, 15- июнь, 2014.

“Ирак менен Леванттагы ислам мамлекети” (ИЛИМ) куралчан тобуна каршы согушка катталган шийилердин кошуундары. Багдад, 15- июнь, 2014.

Ирактын премьер-министри өлкөнүн түндүгүндө куралдуу чабуул коюп жаткан “Ирак менен Леванттагы ислам мамлекети” тобуна каршы шийилердин элдик кошуундарын армияга кошулууга чакырды.

Ирактын түндүгүндө сунни согушкерлердин мизин кайтаруу үчүн армияга чакырылган жарандардан башка дагы атайын даярдыктагы шийилердин миңдеген ыктыярчылары өкмөттүк күчтөрдүн катарын толуктоого даяр.

Ошол эле маалда шийи кошуундарын куралдандарып, суннилер басып алган жерлерди бошотууга салуу өлкөдө жарандык согуштун тутанып кетишине өбөлгө болбойбу деген кооптонуу жаралууда.

13-июнда премьер Нури ал-Малики Багдаддан жүз чакырым алыстагы Самарра шаарында Мосул менен Тикритти тездик менен басып алган куралчан сунни топторго катуу туруштук берген аскерлер менен жолукту. Премьер ал-Малики жакында элдик кошуундар келип өкмөттүк армияга бел болорун, Самарра контрчабуулдун башталгыч пункту экенин айтып, аскерлерди шыктандырды.

Чындыгында Самарраны курчалчан топтун чабуулунан коргоп калууда шийилер катышып, алар 2006-2007-жылдардагы бомбалоодон кийин кайра кылбына келтирилген диний баалуу мурастарды сактап калууга келишкен.

Вашингтондогу Jihadology.net малымат борборунун өкүлү, Ирактагы жана чөлкөмдүн башка аймактарындагы куралдуу топторду иликтеген Филипп Смиттин айтканына караганда, премьер ал-Маликинин шийи топторун “Ирак менен Леванттагы ислам мамлекети” (ИЛИМ) уюмунан коргоп калууга чакырганы өтө опурталдуу чечим жана ал “сунни-шийи” жаңжалына өтүп кетиши толук ыктымал.

Татаалдаштырчу факторлор

Кырдаалды татаалдаштыра турган дагы эки фактор бар. Биринчиден, элдик кошуундар улуттук армияга караганда ачык кармашта бир топ тажрыйбалуу, андыктан алар куралданган сунни топторго каршы операцияларда алдыңкы катарда турат.

Экинчиден, жакшы куралданган шийи кошуундар Ирандын колдоосуна ээ жана суннилердин көз карашында, алар Иракта өзүнчө шийи мамлекетин курууга кызыкдар.

Мына ушул эки факторду эске алганда, шийилердин кошуундарын колдонуп, өлкөнүн түндүгүн ИЛИМдин көзөмөлүнөн кайра алуу стратегиясын Ирактын сунни калкы кандай кабыл алат деген суроо жараларын Филипп Смит белгилейт. ИЛИМдин өзөгүн түзгөн куралчан суннилер болсо Иракта шийилердин басымына кабылган сунни жамааттарын коргоо зарыл деп келишет.

"Сунни-шийи" согушунун алдын алуу

Ошол эле маалда ИЛИМге каршы күрөшкө чакырган шийилердин арасында дагы элдик кошуундардын аскерий операцияларга тартылуусуна каршылар бар. Ирактык шийилердин таасирлүү аксакалы, аятолла Али ал-Систани “сунни-шийи тууралуу сөздү” токтотуу үчүн бардык ыктыярчыларды Ирак армиясына кошулуп, өлкөнүн бүтүндүгүн коргоого чакырган. Ал эми ачык кармашка жөндөмдүү радикалдуу маанайдагы шийи кошуундар жаңжалга диний мүнөздө карашат. Ирактык шийилердин көбү Сириядагы согушка тартылып, үч жылдан бери расмий Дамасктын таламын талашып согушууда.

Иранда даярдыктан өткөн шийилердин “Асаиб Ахл Хак” жана “Катаиб Хезболла” кошуундары Ирактын чыгышында сунни согушкерлерди жок кылууда өкмөттүк армияга жардамдашкан, анда карапайым адамдардын каны төгүлгөн эле. Алардын эң каардуусу март айында болду, “Асаиб Ахл Хактын” мүчөлөрү Дияла провинциясындагы Бохрузе шаарында 23 кишини өлтүрүшкөн.

Видео: өкмөттүк аскерлер Мосулду таштап чыгып баратышат
Бийликтин диллемасы

Эксперттер премьер ал-Маликинин Ирактын түндүгүндөгү ИЛИМ көзөмөлдүк кылган жерлерди кайра алуу үчүн шийи кошуундарын колдонуудан башка аргасы жоктугун белгилешет. Лондондогу Eurasia Group уюмунун Жакынкы Чыгыш боюнча аналитиги Айхам Камелдин пикиринде, армияга кошулган ыктыярчылар тобу чындыгында Багдадга жөлөк болуп, өлкөдөгү куралдуу чабуулдарды токтотууга жардам бериши мүмкүн. “Ал-Малики башында турган бийлик азыр эки ача кырдаалдын туткуну болуп калды. Ирак армиясы өлкөнүн түндүгүндө багынып берди, ал эми армиянын айрым бөлүктөрүн кайра уюштурууга чама-чарк жетпейт. Андыктан армияны кошуундар менен күчтөндүрүү гана калды” – деп белгилейт.

Эгер кошуундар тиешелүү тартипте көзөмөлдөнсө, анда Багдадга канатташ этностук топтор аралаш жашаган территориялар менен провинцияларда аскерий тартипти тез эле калыбына келтирсе болот. Мындай стратегия канчалык майнаптуу болсо бийликтер Багдадды коргоп калууга жөндөмдүү экенин көрсөтүп, өлкөдөгү дүрбөлөңдү басууга түрткү болмок.

Ошол эле убакта Камалдын белгилөөсүндө, шийи кошуундарды аскерий операцияларга тартуу түндүктө өз кесепетин тийгизбей койбойт.

“Согушкерлердин колуна өтүп кеткен аймактарды кайра көзөмөлгө алууда бийликтер ийгиликке жетебиз десе, саясий мунаса табуу зарыл. Ирактын түндүгүндө шийилердин куралчан кошуундарын кайсы багытта болбосун пайдалануу, тескери натыйжа бериши дагы мүмкүн” - дейт Айхан Камал.

Иракта көпчүлүк суннилер ашынган радикал ИЛИМди жана анын мурдагы союздашы "баасистерди" колдобойт, бул болсо эксперттен айткан саясий мунасага негиз болуп бере алат.

Эксперттердин пикири боюнча шийилер басымдуу болгон Нури ал-Маликинин режимине Ирактагы суннилердин кыжырдануусу алардын ИЛИМге жан тартуусунан эмес, бийликтин репрессиянан улам күчөп баратат. Иракта суннилердин тынч жыйындарына тыюу салынып, таасирдүү сунни ишмерлерге кол салуулар болгон.

Чарльз Рекнагел,
Эркин Европа/Азаттык радиосу

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG