Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:34

Динаятчылар жана айрым эл аралык эксперттер буга чейин даават ишинин Кыргызстандагы таралуусун ийгиликтүү деп эсептеп келсе, соңку мезгилде бул диний системаны радикал көз караштагы уюмдар өз максатына жетүү үчүн колдонуп жатат деген пикирлерлер айтыла баштады.

Кыргызстанда даават иши, атап айтканда "Таблиги жамаат" уюмунун ишмердиги 1980-жылдардын аягында пайда болсо, аны көзөмөлгө алуу аракеттери 1996-жылы башталган. Муфтият он сегиз жыл аралыгында дааватты толугу менен туруктуу жана коопсуз системага сала алганын айтууда.

Учурда Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын Даават жана үгүт-насаат бөлүмүндө өлкө боюнча дааватка чыгып жаткан жамааттар тууралуу толук маалымат бар. Алар ар бир адамды кайсыл жерден келгенин жана учурда кайсы облустарда, айылдарда үгүт-насаат жүргүзүп жатканына көзөмөлгө салып турат.

Эгер мындан он жыл илгери дааватка эч кандай бюрократиялык тоскоолдуксуз чыгууга мүмкүн болсо, учурда болочок дааватчы кадимкидей документ топтойт.

Талаптар күчөгөндүктөнбү, же башка да себептери барбы, акыркы кезде дааватка тартылгандардын саны төмөндөп жатат. Эгер 2012-жылы исламды жайылтуу үчүн чыккан 10 000ден ашуун адам катталган болсо, 2014-жылы 8 341 адам дааватка чыккан. Бирок муфтияттын бул эсеби көз карандысыз эксперттерде ишеним туудурбайт жана алардын диний башкармалык ар бир дааватка чыккан адамды көзөмөлгө алып жатканынан күмөнү бар.

Кандай болгон күндө да Кыргызстандагы дааватчылык соңку жыйырма жылда бир топ каршылыктарга, сын-пикирлерге туш болуп келди. Айрыкча дооматтар алардын тышкы келбетине, кийген кийимине, жүрүм-турумуна карата айтылып жүрөт.

Үч, он, кырк күн жана төрт ай үйдөн чыгып, элди кыдырган дааватчылыктын тартиби Пакистан, Индия жана Бангладеште терең тамырлашкан "Таблиги жамаат" уюмуна таандык экени да түрдүү талкууларга жем таштап келатат. Бул маселе парламент жана президенттин деңгээлинде да бир канча ирет көтөрүлгөн.

Ошол эле учурда дааватчылар өздөрүнө карата айтылган сын-пикирлер менен макул эмес. Алардын пикиринде, дааватчылыктын негизги принциби болгон жупунучулук жол-жобосун түшүнбөгөндөр ар кандай туура эмес сөздөрдү айтып келишүүдө.

Диний китептер

Диний китептер

Бир катар сын-пикирлер 2010-жылы Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын дааватчылардын билим деңгээлин көтөрүү үчүн окуу курстарын ачууга мажбурлаган. Алгачкы эле окутуу курсунда 200 дааватчы сертификатка ээ болгон. Учурда атайын окуудан өткөн дааватчылардын саны 800дөн ашкан. Муну менен катар муфтият дааватчылардын сырткы келбетин, кийим-кечесин оңдоого да аракет кылууда.

Деген менен Кыргызстанда даават иши 18 жылда болуп көрбөгөндөй кенен тарады. Алыскы айылдардан тартып, Ак үй ичиндеги намазканада да дааватчылардын иш-аракети, алардын үгүт-насааты байкалат. Бир жагынан, бул муфтияттын дааватчыларга жан тарткан аракетинин акыбети болсо, экинчи жагынан, алар мамлекет тарабынан да түз жана кыйыр түрдө колдоо таба алды десе болчудай.

Деген менен буга чейин дааватчылардын жүрүм-туруму, кийим кечеси, ошону менен бирге экономикасы чабал, согуш жана чыр-чатактан башы арылбаган Пакистан сыяктуу мамлекеттер менен тыгыз байланышы талкуу жаратып келсе, соңку анализдер алардын ичинен радикалдашып кеткендер байкалып жатканын шардана кылууда.

Бул тууралуу айтып, коңгуроо каккан эксперттер жагдай көзөмөлдөн чыгып, радикалдык агымдар дааватты бир канча мезгилден бери өз кызыкчылыгына колдонуп жатканын айтышат. Коопсуздук маселелери боюнча эксперт Бакыт Дубанаев айрыкча дааватка берилген жаш үй-бүлөлөрдү тууган-туушкандары, ата-энелери көзөмөлгө алышы керек деп эсептейт.

Негизи "Таблиги жамаат" тынч, байистүү уюм катары айтылып келет. Ошону менен бирге исламдын Орто Азияга тараган ханафи мазхабын тутунуп, колдогону менен да белгилүү. Анткен менен акыркы фактылар дааватка демейдегидей эле чыгып жүрүп, акыр аягы радикал болуп, Сириядагы согушка жихад максатында кетип калгандар бар экенин тастыктоодо.

Маселен, Мамыр аттуу тургун кызын күйөө баласы Сирияга кошо алып кеткенин айтат:

- Күйөө баламда мурда сакалы да жок болчу. Кийинки мезгилде сакал пайда болуп калды. Анан кийинчерээк кызым да жоолукту башкача салынып калды. “Кызым неге оронуп калдың? Бул сага жарашпайт да” десем: “Ушундай жүрүшүбүз керек экен. Күйөө балаңыз дааватка чыгып келди” деп жооп берди. Кийинчерээк кызым менен күйөө балам уруша баштады. Кызым көп жолу үйгө ыйлап келип жүрдү. Көрсө дааватка чыкканда "аалымдары" бар экен, ошолор видео дисктерди берип, аны көргөндөн кийин, "Мен дагы аял алышым керек. Антем-минтеп" деп кызымды уруп жүрүптүр да. Кийин эле кызым менен неберемди кошо алып, Сирияга кетип калыптыр. Бир күнү кызым Пакистандын Вазиристан аймагында жүргөнүн айтты. Күйөө балам эчак эле каза болуптур. Мен кызыма кайтып, үйгө кел дедим.

Дагы бир каарманыбыз Саипжан болсо, өзү менен чогуу жашаган баласынын радикалдашканын байкабай калган.

- Этият болгула, жада калса кошуна, тууган-туушкандардын да балдарына көз салгыла. Балдарды катуу көзөмөл кылалы. Кыргызстандын өкмөтү кечиримдүү... Балама мен телевидение аркылуу кайрылдым. "Балам, кел, сени эч ким камабайт, сенин ордуңа мен камалайын" дедим.

Эки учурда тең алар бейтааныш дааватчылар тарабынан радикалдашкан деп боолголонууда.

Муфтият тарабынан дааватчыларга сунушталган форма

Муфтият тарабынан дааватчыларга сунушталган форма

Дааватты өз кызыкчылыгына колдонгон радикалдык агымдар жок эмес экенин Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын жетекчиси Орозбек Молдалиев​ да белгилейт. Ал жагдайды учурда укук коргоо органдары иликтеп жатканын билдирди.

Учурда радикал уюмдардын мүчөлөрү дааватчылыкты аралап кеткендигин муфтият жер-жерлерде уюштурган жыйындарында да байма-бай айтылып жатат.

"Таблиги жамааттын" ишмердиги Коргоо кеңешинде да козголуп, өлкө президенти жагдайды анализдеп чечим кабыл алууну сунуштаган. Бирок учурда акыркы жыйынтык чыгарыла элек.

Кыргызстанда "Таблиги жамаат" кыймылы башында турган дааватчылык кеңири жайылып, өсүп-өнүгүп жатса, кошуна өлкөлөрдө ага таптакыр тыюу салынган. Ал гана эмес Кыргызстан мүчө болгон Жамааттык коопсуздук келишими уюму буга чейин "Таблиги жамааттын" ишмердүүлүгүнө тыюу салуу сунушу менен да кыргыз бийлигине кайрылган. Бирок Кыргызстандын укук коргоо органдары ЖККУ сунушуна расмий жооп кайтара элек. Өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын жетекчиси Орозбек Молдалиев “Таблиги жамаатка” же дагы башка диний уюмдарга тыюу салуу же уруксат берүүнү Кыргызстан өзү гана чечет деген пикирде.

Кыргызстанда интернет колдонуучулардын санынын өсүшү менен үгүт-насаат иштери, дааватчылык интернетте да кеңири тарады. Учурда кайсыл социалдык тармак же видео хостингди караба диний чакырыктарга толуп кеткен.

Серепчилер жана Улуттук коопсуздук комитети жаштар интернеттеги чакырыктардын кимиси туура, кайсы диний чакырыктын артында бейажал өлүм турганын баамдай албай жатат деп тынчсызданып келет.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG