Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Ооганстан: айырмадан чыккан араздашуу жаман


Ооган полисмени Кандагардагы биргелешкен машыгууда америкалык аскердин артынан баратат, 12-сентябрь, 2012
Ооган полисмени Кандагардагы биргелешкен машыгууда америкалык аскердин артынан баратат, 12-сентябрь, 2012

Өткөн жылы ооган аскерлери жумурияттагы чет өлкөлүк аскерлерге кол салган учурлар кескин көбөйдү. Адатта бул окуялар оогандар менен батыштык аскерлердин ортосундагы жөнөкөй эле маданий айырмачылыктардын айынан болуп жатканын эске алган ооган өкмөтү эми ортодогу айырмачылыктарды аскерлерине түшүндүрүү аракетин көрө баштады.

“Эгерде чет өлкөлүк аскер сенин аялыңдын сүрөтүн сураса, буга капа болбо. Бирок сүрөттү да көрсөтпө”.

“Ошондой эле эгер чет мамлекеттик аскер сенин алдыңда отуруп эле чимкирсе, же сен отурганыңа карабай, душтан жылаңач чыга келсе, муну коргонууга белги катары кабыл алба. Алар сени капа кылыш үчүн же сенден өч алыш үчүн аны жасап жатышкан жок”.

Ооган армиясына эми эле кирген жаш аскерлерге азыр ушул өңдүү маданий айырмачылыктар жөнүндө насааттар камтылган китепчелерди таркатып жатышат. Аны даярдаган ооган өкмөтү өлкөдө жергиликтүү аскерлер чет өлкөлүк кесиптештерине кол салбашы үчүн армияда жүрүм-турумдун, батыштык аскерлер менен бирге иштешүүнүн конкреттүү эрежелерин түзүп чыккан.

Азыр алар бирге иштешкенге мажбур, анткени чет өлкөлүктөр ооган аскерлерин машыктырып жатышат. Ошондуктан бул өңдүү чабуулдардын болуп жатканына оогандар менен батыштык аскерлердин ортосунда бири-биринин маданиятын жакшы билбегендик себеп экени айтылууда.

Баарынан да айрым майда түшүнбөстүктөргө көңүл кош мамиленин кийин кесепети оор болушу мүмкүн экени айкын болуп калгансыды.

Айырманын мааниси

НАТОнун жетекчилигиндеги эл аралык аскер күчтөрүнүн айтымында, ооганстандык аскерлер ушундай чабуулдарда кеминде эле 45 чет өлкөлүк аскерди өлтүрүшкөн. Мындай учурда көбүнчө ошол аскерлерди “талиптердин эле тыңчысы экен” деп айыпташканы менен, чындыгында чабуулдардын төрттөн бири гана талиптер менен байланыштуу окуялар экенин айтышты. Калган көпчүлүк учурда 350 миң ооган аскери менен полициясын машыктырып жаткан батыштык аскелер жөнөкөй эле бири-биринин маданиятын түшүнбөстүктүн курмандыгы болушат.

Ошентип 28 барактан турган “Коалициялык күчтөрдүн маданиятын түшүнүү баракчасы” азырынча 5000 ооган аскерине таркатылып берилди. Мунун өзү АКШ жетекчилигиндеги согуш башталгандан берки 11 жыл ичинде дале ортодо калып жаткан маданий үлкөн ажырымга көңүл бурдурат.

Терең диндешкен, улуттук ар-намысы жана баалуулуктары күчтүү, жалпысынан консервативдүү бул өлкөдө таркатыла баштаган ал китепчеде оогандар үчүн уят деп эсептелингени менен, Батышта кадыресе эсептелген көрүнүштөр сүрөттөлдү. Анда, маселен, “батыштык аскер бут кийимин үстөлгө койсо, сөгүнсө, же ооган аскерлерин далысынан таптап койсо эле таарынбаш керектиги” айтылат.

“Эсиңерде туткула, маданий көптөгөн түшүнбөстүктөр атайылап силерди каралаш үчүн жасалбайт, - делет анда. - Анткени силер үчүн үрөй учурган нерсе алар үчүн нормалдуу эле көрүнүш болушу мүмкүн". “Кичине эле тилдешип кетсеңер да бул чоң жаңжалга айланып кетиши ажеп эмес. Ошондуктан силердин коалициялык кесиптешиңер ачууланып турса, андан бир азга оолактаган оң” деген кеңеш берилет.

Ооганстанда жергиликтүү аскерлер менен полиция чет өлкөлүк аскерлерге кол салган учурлар көбөйгөн сайын НАТО да муну алдын алууга аракеттерин күчөткөн. Маселен, батыштык аскерлер дайыма мылтыгын окко толтуруп жүрүшү зарыл. Андан сырткары, өткөн жылы жаңы эле армияга кирген ооган аскерлерин, эгер алар америкалыктар менен иштеше турган болсо, сегиз жолку текшерүүдөн өткөрө башташкан.

Аракеттин акыбети

Патрик Хеннесси - мурда Ооганстандын Хелманд провинциясында кызмат өтөгөн британ аскери. Ал маданий айырмачылыктар жөнүндө китепче аскерлерге таркатыла баштаганын жакшы жышаан катары баалады. Буга чейин бул өңдүү дарс батыштык аскерлерге гана окутулчу.

Патрик Хеннесси Хелманддагы кызмат өтөө учурунда ооган аскери Кыям менен, 2009-ж.
Патрик Хеннесси Хелманддагы кызмат өтөө учурунда ооган аскери Кыям менен, 2009-ж.
"Менимче, бул туура кадам. Проблеманы, албетте, баракчаларды таркатуу менен эле чечип койбойсуң, бирок азыр анын канчалык маанилүү экенин эки тарап тең бирдей кабылдап түшүнгөнү, аны чечиш үчүн бирдей аракет көрө баштаганы кубантат, - дейт ал. - Эгерде азыркы иштер ортодо жек көрүүчүлүктү азайтып, проблеманы чечүүгө жардам берсе, демек, бул жакшы нерсе".

Ошол эле маалда, Хеннесси ооган аскерлеринин көпчүлүгү сабатсыз болгондуктан, азыркы аракеттен анча майнап болбошу мүмкүн экенин да айтат. Хеннесси өзү 2007-жылы армиядан кеткенден кийин адабиятка кызыгып, жакында “Оогандар менен бирге согушуу” деген китеп жазды. Китепте ал ооган аскерлери менен таанышкан алгачкы учурлардагы кээде күлкүлүү, кээде талаштуу окуялар жөнүндө айткан. Оогандар менен батыштык аскерлер ичинде бири-бирине ишенбөөчүлүктү жараткан толтура мисалдарды келтирип, Хеннесси: “Дал ошол жагдайлар учурунда чечилбесе, оор каршылыктарга алып келет”, - дейт.

"Майда түшүнбөөчүлүктөр чоң проблемага айланат, акыр аягында оогандар менен британиялык аскерлер эч качан бири-бирибизди түшүнбөйбүз деген ойдо калышат. Эң эле коркунучтуусу – алар бири-бирине ишенбейт да, ортодо ачык сүйлөшүү болбогондуктан бүт нерсени өздөрү билгендей таржымалай башташат", - дейт британиялык мурдагы аскер Патрик Хеннесси.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG