Линктер

Акыркы мезгилде кыргыз аялдары мурдагыдай ийне кармап, сайма сайбай калышты. Бир кездерде өз кийимин өзү тиккен доор артта калгандай. Айрымдар муну барчылык менен түшүндүрсө, уз-чеберлер бул көрүнүштү жалкоолуктан дешет.

Мындан бир нече жыл мурда эле ар бир кыргыз үйүндө тигүүчү машине сыйлуу буюм эле. Аны менен үй кожойкеси жакындарынын жамаачысын жамап, ал тургай чыкыйта кийим, үйгө керектүү нерселерди тигип алчу.

Сурамжылоолорго ылайык, Кыргызстанда колго буюм тиккен аялдардын саны суюлуп баратат. Маселен, жыйырма жыл мурун кыздын себин үйдөн даярдоо кадимки эле көрүнүш болчу. Бул адат азыркы тапта коммерциялык кызмат көрсөтүү менен алмашып калды.

Кичинебизден эле апабыз сайма сайса кошо сайып, кийим тиксе бир четинен кармап берчүбүз. Эс тартканда шырдак шырып, курак курап, баарын өзүбүз кылып калганбыз. Азыркы кыздар андай эмес.

55 жаштагы Бурул Мутаева 20 жылдан бери кыздын себин жасап, буюмдарын Бишкектеги базарлардын биринде сатат. 15 жыл мурда бир жер төшөк 140 сомдон өйдө бааланса, азыр аны 1400 сомдон сатышат.

- Биринчи баштаганыбызда экиден-үчтөн төшөк сатат элек. Анан ошого аябай сүйүнүп эле кетип калчубуз, жакшы эле болду деп. Мурда келген кардарларга буларды сатайын десек өзүм жасайм дейт эле. Азыркылар өзүм жасасам деле ушул акча кетет, андан көрө сатып алайын дешет.

Уз-чебер иш үстүндө.

Уз-чебер иш үстүндө.

Байпак да жамабай калышты

Кезинде кийимди өзү бычып, тигип кийген Турсун Түнгатарова аялдардын ийне саптабай калуусун заман талабы катары сыпаттайт. Түнгатарова белгилегендей, азыркы тапта колго кийим тигүүгө эч кандай муктаждык жок.

- Дүкөндөрдө, базарларда кийим азыр арзан. Союз учурунда товардын баары дефицит болчу да. Азыр материал алып тиксең сатып алганыңан кымбат болуп калат. Кыргызстанда азыр тигүү цехтери ачылды. Эмнени кааласаң баары даяр. Акчаң болсо баары бар. Азыр кыздар ийне кармаганды билбей калды го. Байпак да жамашпайт.

Базарда баары бар

Аялдардын ийнеден оолактап бара жатканын айрымдар жалкоолук менен түшүндүрсө, кээ бири жөн гана азыркы учурда базарларда бардык керектүү нерсени таба алгандыктан көрүшөт. Бишкектеги "Ош" базарында кездеме саткан Батма да бардык нерсе барчылыктын айынан дейт:

- Негизи бизге даярын алабыз дешет. Айрымдары өзүбүз тигебиз деп деле кезедеме сатып алышат. Эми азыр акча болсо базарда бардыгы бар да. Жетиштүү заманда жашап жатабыз. Эмнени кааласаң ошонун баарын таба аласың. Акча болсо даярын сатып алып кеткенге не жетсин. Убакытты да үнөмдөшөт. Айрыкча кызматы бар аялдар азыр ийне кармабай эле калбадыбы.

Берлиндеги көргөзмөгө коюлган кыргыз куурчактар

Берлиндеги көргөзмөгө коюлган кыргыз куурчактар

Ал эми кийим-кечекти оңдоп, тигип берген Асел болсо төрт баласын дал ушул тикмечилик менен багып келет. Кээде анын кардарларынын арасынан уздар деле чыгып калганына таң калбай калган.

- Эми бул өзүбүздүн кесибибиз да. Ушинтип акча таап жашайбыз. Маселен, кээде тикмечилер деле келишип, кыйынмын, андай тик, мындай тик деп акыл үйрөтүп кетишет. Андайларга унчукпайбыз. Бирок мен өзүмө такыр кийим тигип кийгим келбейт. Даярын сатып алам көбүнчө. Балдарыма деле ошондой. Анткени өзүм жасаган буюм купулума толо бербейт.

Ийнени телефонго алмаштырышты

Советтер Союзу учурунда Кыргызстандын ар бир районунда, ал тургай айылдарында кийим тигүү комбинаты болуп, эл андагы тикмечилерге буйуртма беришчү.

- Дүкөндөрдө, базарларда кийим азыр арзан. Союз учурунда болбогон товардын баары дефицит болчу да. Азыр материал алып тиксең сатып алганыңан кымбат болуп калат.

Ондогон жылдар бою Ат-Башы районунун Ача-Кайыңды айылынын комбинатында элге кийим тигип жүргөн Койсун Жусубакунова ал учурду мындайча эскерет:

- Мен негизи он жыл айылдагы комбинатта иштедим. Алгач окууну бүтүп, тикмечинин шакирти катары киргем. Бара-бара дасыккан тикмечи болдум. Ал кезде айылдагы элдин баары, чоңу, кичинеси дебей, комбинаттарга буйуртма берип, кийим тиктиришчү. Бизди апаларыбыз бала кезибизден эле кол өнөрчүлүккө үйрөтчү. Кичинебизден эле апабыз сайма сайса кошо сайып, кийим тиксе бир четинен кармап берчүбүз. Эс тартканда шырдак шырып, курак курап, баарын өзүбүз кылып калганбыз. Азыркы кыздар андай эмес. Алардын кызыкчылыктары башка. Кыздарыбыз окууну эңсешет. Бош убактысы болсо компьютер же телефонго үңүлүшөт.

Ийнеден баар таапкан эркектер да жок эмес

Ал арада чеберчиликтин арты менен элге таанылган эркектер да чыга баштады. Алардын бири Ак-Талаа районунун Баетов айылынын тургуну Алмаз Кожогулов. Ал жакында эле интернет айдыңында Рамзан Кадыровдун атасы менен Владимир Путиндин портретин саймалап жасаганы менен таанымал болду. Алмаз саймачылыкты келинчегинен үйрөнгөн. Бирок бул өнөрүн алгач баштаганда теңтуштарынан уялып да жүргөн. Кийин эми ийнени аялдыкы же эркектики деп бөлбөй, тескерисинче үй-бүлөсүнүн киреше булагына айлантты:

- Саймачылыкты алгач эле колуктум баштаган. Өзүм кесибим боюнча сүрөтчүмүн. Келинчегиме Кыргызстандын гербин саймага түшүрүп бер деп буйуртма беришчү. Азыр деле гербди саймалап жүрөт. Анан эми өнөрпоз болгондон кийин түстөрдү айырмалап, аларды туура пайдаланууга аракет кылып жүрүп, портреттерди саймалап көрөлү дедик. Жаңыдан сайманы баштаганда элден уялып жүрдүм. Бирөө-жарым келе калса жашына калчумун. Ийнени ыргытып ийчүмүн. Бирок бара-бара дос-тамыр менин өнөрүмдү түшүнүп, баалай баштады. Чоң суммадагы буйрутмаларды жасап, үй-бүлөмдү баккыдай киреше таап жатабыз. Азыр балдардын окуусуна, бардык турмуштук чыгымдарга сайган саймамдын арты менен тыйын таап жатамын.

2016-жылдын алгачкы чейрегинде Орусияда каржылык кризистен улам дүкөндөн даяр кийим сатып алгандар азайып, аялдардын көпчүлүгү чаң баскан тигүүчү машинелерин алып чыгышып, өздөрү кийим тиге баштаганын "Известия" гезити жазып чыккан. Мындай тыянакты атайын жүргүзүлгөн социологиялык изилдөө чыгарган. Кийим сатып алуу, маселен, Орусиянын Воронеж облусунда 37 пайызга кыскарган.

Strasbourg Fashion журналы быйыл кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарган.

Strasbourg Fashion журналы быйыл кыргызстандык дизайнер Жумагүл Сариеванын “Чапан” коллекциясын башкы бетине чыгарган.

Кол өнөрчүлүк азыркы тапта мурдагыдай аялдын түйшүгүнүн бир бөлүгү эмес, кесиптик жана хоббилик гана даражага көтөрүлүп, андан каражат тапкандар болсо аял-эркек деп бөлүнбөй деле калганын айтат адистер. Буга Бишкектеги тигүүчү цехтерде эмгектенген жүздөгөн жигиттер да мисал. Ал арада мурда ар бир аялдын аздектелген үй буюму болгон тигүүчү машинелерди чаң басып, ийне саптай албаган жаңы муундун кыздары чоңойууда.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG