Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

“Азаттыктын” кабарчысын милиция бошотту


Улан Эгизбаев милициянын автобусунда кармалгандар менен
Улан Эгизбаев милициянын автобусунда кармалгандар менен

Сокулук РИИБсы "Манас" аэропортунун алдынан кармалган “Азаттыктын” кабарчысы Улан Эгизбаевди бошотту. Кабарчыбыз милицияга кармалып келгендер түшүнүк кат жазып, милициянын суроолоруна жооп берип жатканын айтты. Улан Эгизбев түшүнүк катты жазып берген соң, милиция аны тоскоолдуксуз бошоткон.

Бүгүн таңда “Манас” аэропортуна чогулган Өмүрбек Текебаевдин тарапташтарын милиция кармап кеткен. Алардын арасында журналисттерден тышкары, депутат Каныбек Иманалиев да болгон. Депутат кийинчерээк бошотулганын “Азаттыкка” өзү билдирди. Кармалгандардын бардыгы автобус менен Сокулук РИИБсына жеткирилген. (SDz)

XS
SM
MD
LG