Линктер

Жайсаң Үмөт уулунун (кайыптан алып кагазга түшүргөн Бүбү Мариям Муса кызынын) “Айкөл Манас” деп аталган он томдугундагы бурмалоолордун чоо-жайына илимпоз Садык Алахан токтолгон.

Сөз башында атайын белгилеп айтып койчу нерсе – «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдукту классикалык үлгүдөгү «Манас» эпосубуздун варианты же бир версиясы деп айтуу таптакыр туура эмес. «Айкөл Манас» деп аталган бул китептерди «он томдук текст» деп гана атоо керек.

1. «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдук текст элибиздин руханий коопсуздугуна доо кетире турган китептер болуп эсептелет. Анткени:

а) Бул он томдукта «кыргыз рухунун туу чокусу» (Ч.Айтматов) болгон улуу «Манас» эпосубуз баштан аяк бурмаланган. Негизги каарман Манастын образындагы башкы баатырдык сапат бурмаланып, Манас душмандан алган жаратынан жабыркап Тал-Чокуда эле кээде сарсанаага түшүп, кээде муңканып, кээде ыйлап олтурган алсыз, мажирөө адамдын кебетесин кийип калган. Ушундан улам Манастын баатырдык сапаттары аркылуу жаштарды мекенчилдикке, Ата Журтту көз карегиндей сактоого, эр жүрөк, кайраттуу болууга тарбиялоо ишине доо кеткен;

б) Эпостун башкы каарманы Манастан башка негизги каармандардын образдары да бурмаланган. Эгерде улуу манасчылар Сагымбай, Саякбайлардын ж.б. залкар таланттардын бүт баарысынын варианттарында Алмамбет баатырдын түпкү теги калмак делип, ал теңдикти, эркиндикти издеп Манаска кошулган каарман катары сүрөттөлсө, «Айкөл Манас» он томдугунда Алмамбеттин теги кыргыз эле болгон делип баяндалат. (1-китеп, 242-248-беттер).

Алмамбеттин апасы ага минтип айтат:

Сени мен Нурпериден төрөгөмүн,

бул элден диниң бөлөк, бөлөк элиң. (1-том, 245-бет)

“Бул элден” делип кара кытайлар, калмактар айтылып жатат.

Муну менен «Айкөл Манас» он томдугунун жаратуучулары кылымдардан бери келе жаткан манасчылардын, баарынан мурда улуу таланттар Сагымбай менен Саякбайдын варианттарына шек келтиришип, «аларда айтылгандар жалган» деген бузуку ойду калк ичине жайылтып жатышат;

в) Эпостун дагы бир негизги каарманы Чубакты (бардык улуу манасчылардын варианттарында эч нерседен жалтанбаган эр жүрөк, керек болсо Манастын өзү менен тең тайлаш сүрөттөлгөн Чубакты) кан майданды таштап качып кеткен чыккынчы, ал турсун өз эли түрк делип баяндалат. (5-китеп, 46-51-беттер).

“Айкөлүм, оозум барбайт...- деди Ажыбай,-

Күмөн ой чындык болду, аттигиң ай!..

Маңдайдан аккан каны жүзүн жууган

Чубагың кан майдандан качып чыккан,

Камчы уруп Көгалага, белди беттеп,

Качканын буктурмада турдум тиктеп.

.............................................................

Бокмурун токтотом деп Эр Чубакты

Кууганда, ок жаңылып каза тапты.

Бет алып бизден жакын түрк тукумун,

Кеткенин берен Чубак сен да уккун. (5-том, 48-бет)

“Элиң” делип бул жерде түрк эли айтылып жатат. Чубактын чыккынчылык кылып кан майданды таштап качып кеткенин уккан Манас:

“Качты деп суук кабар эшиткенче,

Жазатты кан майдандан тапсам эмне!

Угузбай ушул сөздү кулагыма

Кудурет, кум толтуруп койсо кана!” –

деп мүңкүрөйт.

Ал эми салттуу варианттарда:

Алышып адамдын алы жетпеген,

Айбалта мизи өтпөгөн.

Акбалтанын Чубагы

Арстандын бири бу дагы, – делип сүрөттөлөт эмеспи. Улуу манасчы Саякбайдын вариантында аттан түшүп калган Чубак калың калмак менен өзү жалгыз жети күн, жети түн жөө согушат эмеспи.

Жер үстүндө чөптү көр,

Чөптөй кытай көптү көр.

Кумурска көр, куртту көр,

Кумурскадай кайнаган,

Кумдай кытай журтту көр. (“Манас”. Эпос. Саякбай Каралаевдин варианты боюнча. 2-китеп. – Ф.: “Кыргызстан”, 1984, 114-бет).

Бул көрүнүш да улуу манасчылардын классикалык үлгүдөгү варианттарын жайсаңчылар тарабынан жокко чыгаруу аракетинин бир мисалы болуп эсептелет.

г) Ошондой эле залкар манасчылардын бүт баарынын варианттарында Алтайда төрөлгөн бала Манасты калмактар өлтүрүп коёт дешип чочулашып алты жыл бою Ошпур деген койчуга бактырып чоңойтушат. Ал эми «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдукта Манас алты жашка чейин Ошто, Сулайман тоосундагы үңкүрдө, Наби молла дегендин колунда тарбияланды (4-китеп, 116-121-беттер) делип баяндалат.

Үңкүрдөн түшүп келип Ноби молла

Үңкүйө саламдашты кошубузга. (4-том, 116-бет)

“Чыйырды, эрте менен таң агара,

Манасты жибересиң өзүң гана. (4-том, 117-бет)

Бул чындык – эч ким танбайт эне экениң,

А бирок алысташың керек сенин.

Анткени, Аалам сырын жалгыз гана,

Ак дилден үйрөтөмүн Манасыңа. (4-том, 119-бет)

д) Ошону менен бирге «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдукта кыргыздын генеологиясын келекелеген, шылдыңга алган баяндоо бар. Он томдуктун 3-томунун «Санжыра саякат» деген бөлүмүндө Парвати деген аял жөнүндө баяндалат. Анын атасынын ысымы Дамарадха. Аристипп деген грек кул тарбиялай баштайт кичинекей Парватини. Парвати минтип айтат:

Атамдар бир атадан экөө экен,

ысымы улуусунун Мурад деген.

Ал эми менин атам Дамарадха,

Эч качан умтулбаган атак-даңкка.

........................................................

Атактуу ак сөөктөрү Раджастандын. (3-том,142,143-бб.)

Бул эмне деген шумдук! Улуу манасчыларыбыздын эч кимисинин вариантында мындай тири укмуш окуялар берилбейт эмеспи.

Анан Парвати деген бул жаш кызды “өнөрүңдү үйрөт” дешип Жулаб (ысымын караңыздар!) деген аялга беришет. Ал аял Парватини беш миң дилдеге араб соодагерине сатып жиберет.

Арабдын соодагери көргөндө эле

Айымга санап берип беш миң дилде.

Кымыңдап кубанганын жашырбастан

Кылыя кытмыр күлүп сатып алган. (3-том 159-160-бб.)

Араб болсо элүү миң дилдеге перс соодагерине сатат.

“Алгамын санап берип жүз миң дилде,

Ошонун жарымысын берсең эле”, –

деп айтып ал соодагер фарска саткан,

беш миңден он эселеп пайда тапкан. (3-том, 160-бет)

Перс соодагерге жүз миң дилде берип Парватини биздикилер сатып алышып, Ногой ханга тартуулашат.

Беришип жүз миң дилде фарска мени

Тартуулап Ногой ханга алып келди. (3-том, 161-бет).

Ногой хандан Парвати Жакып ханды төрөйт, Жакыптан Манас төрөлөт. Мындай окуя эпостун салттуу варианттарынын биринде да жок. Бул окуяны нукура генеологиялык бузукулук катары баалаганыбыз оң.

ж) «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдуктун 1-томунун 360-362-беттеринде оозго алгыс ыплас порнография берилген. Улуу «Манас» эпосубуздун Сагымбай, Саякбай ж.б.лар айткан классикалык үлгүлөрү бизди мекенчилдикке, эли-жерибизди чексиз сүйүүгө тарбиялоо менен бирге аруулукка, тазалыкка, нравалык жактан бакубаттыкка да тарбиялайт эмеспи. Ал эми «Айкөл Манас» он томдугундагы ыплас порнография эмнеге тарбиялайт? Жайсаңчылар жаналакетке түшүп коргоп жаткан он томдукта Алмамбеттин апасына байланыштуу айтылган бул ыплас баян мындайча берилет:

Келсе да алтымышка, канчык энең,

Кыз сынын жоготподу, кыларда мен.

(1-том, 361-бет)

Кыскасын айтканда, жогоруда келтирилген айрым бир гана фактылар Жайсаң Үмөт уулунун, кайыптан алып кагазга түшүргөн Бүбү Мариям Муса кызынын «Айкөл Манас» деп аталган он томдугу элибиздин руханий коопсуздугуна доо кетире турган китеп экендигин эң сонун далилдеп турушат.

2. «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдукта уруулар ортосундагы карама-каршылыкка алып келүүчү баяндоолор да орун алган. Кезектеги сүкүт учурунда Бүбү Мариям Муса кызы Жайсаңдын арбагына: “...Жумгал өрөөнүндө ырга-күүгө шыктуулар көбүнчө өйдөчекти уруусунан чыгышарын айтат да, андан соң өз оюн минтип жыйынтыктайт: –...кыязы, үйшөңдөр ушул өйдөчекти уруусу болсо керек деген ойдомун, себеби агай да ушул уруудан дедим”. “Агай” дегени – жазуучу Шарыпкул Эсенгулов. (1-том, 63-бет).

3. «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдукта диний арыздашууга алып келе турган да баяндоолор бар. Китепте ислам динине каршы келген аян алуу, шам жагуу, мазарларга сыйынуу сыяктуу башка ишенимдердин атрибуттары баштан-аяк жык-жыйма берилген. Ал эми Кыргызстан мусулмандар башкармалыгынын мурдагы азирети муфтийи Чубак ажы Жалилов маалымдоо каражаттарына берген маектеринде, чыгып сүйлөгөн сөздөрүндө ар качан «шам жагуу динде жок нерсе» («Тамчы кабар, 2012, 15-май), «исламда арбак, аян деген түшүнүк жок. Ар кандай жин-шайтандар адам түспөлүн кийип, пенделерди тозокко, арам иштерге азгырат» («Алиби», 2012, 18-май) деп баса белгилеп айтып келет.

Баарынан да коркунучтуусу, «Айкөл Манас» деп аталган бул он томдукта Мун-Олуя жөнүндө баяндалышы.

Колдогон От-Периште – Мун-Олуя,

Кошулуп бирге кетти жыгач атка.

Жанына Мун-Олуяны жалгыз таштап,

Жоокерлер эл-жерине сапар тартат. (8-том, 337-бет)

Муну эмне максатты көздөп жасалган жумуш деп айтууга болот?

4. Айрым бирөөлөр бул он томдукту “экстремисттик китеп” деп атоого каршы чыгышы да ыктымал. Экстремизм (латынча extrmus) чектен чыккан, ашынган көз караштарды жактоо дегенди билдирет эмеспи. Жогоруда айтылгандардан так, даана көрүнүп тургандай, Жайсаң Үмөт уулунун (кайыптан алып кагазга түшүргөн Бүбү Мариям Муса кызынын) “Айкөл Манас” деп аталган он томдугу улуу жомокчуларыбыз Сагымбай менен Саякбай бизге мурастап калтырып кеткен, элибиздин кан-жаны менен тең болуп калган салттуу “Манасыбызды” чектен чыга бурмалаган, ашынган бузукучулукту жар салган китеп болуп эсептелет.

5. Жогорудагылардын баарысы Кыргызстан президенти тарабынан 2011-жылдын 28-июнунда кол коюлуп, 2011-жылдын 9-июлунда КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган “Манас” эпосу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын” 4-беренесинин 2-бөлүгүнүн 4-бөлүмчөсүн, 5-беренесинин 1-бөлүгүн одоно бузгандык жана сактабагандык болуп эсептелет жана мындай бурмалоону жасаган, ал бурмаланган текстти эл ичине жайылткан, “Манас” эпосунун үчилтигине кыргыз элинин өзгөчө сыймыгы катары мамиле жасабаган адамдар мыйзам алдында жооп берүүлөрү керек.

Садык АЛАХАН, филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG