Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:29

Кайсы кесип кадырлуу? Бүтүрүүчүлөргө собол


Кесип тандоо: акча жеңеби, же каалообу? 1-б.
please wait

No media source currently available

0:00 0:10:00 0:00

“Азаттык+” сыналгы берүүсүнүн бул чыгарылышы кесип тандоо маселесине арналды.

Ала-Тоо жаштарынын бардыгы тең экономика, укук, бажы адистиктерин окушу керекпи? Деги инженер, техник, механик, мал дарыгери, токойчу, агроном, сантехник, комбайн айдоочу сыяктуу заманбап кесиптерге мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн кызыгуусун кантип жанданта алабыз? Сиздерди кесип тандоо көйгөйү жаатында пикир алышууга чакырабыз. Эгерде пикириңизди үналгы аркылуу да билдиргиңиз келсе, анда Бишкектеги (312)-31 61 65 телефон номурубузга чалыңыз, же болбосо ушул интернет барагыбызга кат жолдоңуз.




Кыргызстанда эрезеге жеткени калгандардын арасында кесип тандоо жаатында бир беткей мамиле байкалаары тууралуу узун сабак кеп айтылып жүрөт.

Улуулар да улан-кызга каалоо айтканда эле"болочокто "депутат" же "президент болсун" дешет, бирок булар - шайланма, убактылуу өкүлчүлүк кызматтар эмеспи.

Ал эми өмүрдүк кесипке ээ болуу үчүн окууну тандаганга келгенде азыркы жаштардын көбү негедир гуманитардык билимдерге гана тап коюшат.

Дегиңкиси, болочокку дыйкан чарбанын ээси - мал дарыгери, агроном, трактор жана комбайн айдоочу сыяктуу кесиптерге ээ болушу зарылдыр?

Шаарларда жана шаарчаларда техникалык тажрыйба-билимди талап кылган адистиктер эмне үчүн азыркы жаштардын көңүлүнүн сыртында калууда?

Кесиптик-техникалык билим берүүнүн эртеңи үчүн кандай кам көрүлүп жатат? Бул кесиптерге шыктануу менен баргандар эмне үчүн өтө аз болууда?

Сиздердин бардыгыңыздарды бул көйгөйлүү суроолор боюнча пикир алышууга чакырабыз.

Баарлашуу жана шерине эрежелерине сыйбаган пикирлер жарыяланбай турганын алдын-ала эскертебиз.

Эгерде пикириңизди үналгы аркылуу да билдиргиңиз келсе, анда Бишкектеги (312)-31 61 65 телефон номурубузга чалыңыз, же болбосо ушул шеринебизге электрондук кат жолдоңуз.
XS
SM
MD
LG