Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

ДООРОНБЕК САДЫРБАЕВ ДҮЙНӨДӨН ӨТТҮ


28-майда эртең мененки саат сегизде Бишкекте белгилүү кинорежиссер, парламенттин мурдагы депутаты Дооронбек Садырбаев --> http://www.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/01/237680F5-4B9E-4C23-B4B6-FD15F1FB939B.asp каза тапты. Д.Садырбаев кечээ кечинде Чүй аймактык ооруканасына оор ахывалда жеткирилген. Маркумдун сөөгү жума күнү коюлмакчы.

Дооронбек Садырбаев кыргыз деп күйгөн, эли үчүн жанын садагага чабууга даяр намыскөй азаматтардын бири эле. Аны 1991-жылы бир ирет көпчүлүккө көрсөтүлгөн айтылуу “Кайран эл” кинотасмасы деле кашкайтып далилдеп турат.

- «Кайран эл» деген тогуз бөлүктөн турган фильм тартып, анан ага раматылык А.Масалиев да уруксат бербей, биз комиссия түзгөнбүз. Кыргыздын кор болгону жөнүндө, мынабу орустар басып, кыргын салганы жөнүндө укмуш нерселерди тарткан, - деп айтты “Эркиндик” партиясынын негиздөөчүсү Топчубек Тургуналиев.

Кыргыздын ары менен намысы Д.Садырбаевдин өткөн кылымдын 70-жылдарында чыккан кара сөз чыгармаларында, кинобаяндарында эле козголуп, ал Кыргызстан эгемендикке жетишкенден тарта саясий өңүттө да өнүгө баштаган. Элинин турмушу оорлоп, ахывалы кыйын болуп турган чакта Дооронбек Садырбаев парламент трибунасынан чындыкты жаап-жашырбай айтып турду. Мурунку-кийинки бийликтин саясий бейнесин сүрөткерлик баамчылдык менен көпчүлүк алдында тартынбай жарыя кылып турду.

- Элдин баары кандайдыр бир үмүт менен келе жатканына мен таң калып жатам. Калыс иштейби, адилет иштейби-иштебейби, кожоюн кандай десе ошондой болот.

Эски-жаңы бийликтин кемчилик-мүчүлүштүктөрүн тартынбай сынга алган Д.Садырбаев болбосо Аксы алааматынын чындыгы билинбей калышы мүмкүн эле, дейт Топчубек Тургуналиев.

- Себеби дегенде бийлик өзү тарткан үч-төрт тасма болгон да. Ошонун бирин, эсимде 2002-жылдын апрелинде Дооронбек таап, парламентте сенсациялык биринчи маалыматты айткан.

Д.Садырбаев менен ага-инидей чогуу жүргөн жакын адамдарынын бири белгилүү ишкер Табылды Эгембердиев мындайча эскерет.

- Бийлигине карабай өзүнүн адамгерчилигин бийликте жүрсө да бирдей кармап жүргөн адамдар болот сейрек учураган. Ошонун бири Докем эле, Салижан агамдай эле ушу. Бул биз үчүн катуу жоготуу. Элим үчүн деп күйүп, чындык үчүн деп күйүп көп кишиге жаман да көрүндү. Мурунку-азыркы бийлик менен тил табыша алган жок. Анткен менен эл ичинде Докемдин кадыры бийик болчу.

Парламент депутаты, Коммунисттер фракциясынын жетекчиси Исхак Масалиевдин эскерүүсү:

- Мен ойлоп жатам, бул Кыргызстан үчүн чоң жоготуу.

70 жашка бир жыл калганда бу жарыкчылыкты таштап кеткен улуу инсан тууралуу айтылчу сөз али алдыда. Айылдан дарыгерликтин окуусуна келип, чыгармачылык шык-жөндөмү тынчтык бербей койгон соң кино өнөрүнө азгырылып, аны менен адабий чыгармачылыкты кошо ала жүргөн Д.Садырбаевдин артында оголе көп публицистикалык макалалары, китептери, документ-хроникалуу, көркөм тасмалары калды. Алары авторунун атын өчүрбөйт. Бири экинчисине анча коошо бербеген көркөм чыгармачылык менен саясий ишмердикти эриш-аркак ала жүргөн улуу инсандын жазмыш тартибине баш ийип о дүйнө салып кеткени аны билген кишилердин кабыргасы кайыштырып турат.

XS
SM
MD
LG