Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:34

Маңзат сатуучулардын жаңы маркетинги


Тажик ырчысынын маңзат салынган таңгакка чапталган сүрөтү.
Тажик ырчысынын маңзат салынган таңгакка чапталган сүрөтү.

Тажикстандын Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги ооган наркодилерлери жаңы маркетинг жолуна түшкөнүн билдирди.

Эгер мурда аткезчилер маңзат таңгагынын сыртына чаяндын же арстандын элеси түшүрүлгөн мөөр менен белги коюп келсе, эми таңгак сыртына Борбор Азияга таанымал эстрада жылдыздарынын сүрөтүн чаптап коюшууда.

Тажикстандын Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин кызматкерлери өз тажрыйбасына таянып, маңзатты таратууга жана колдонууга адамдарды массалык түрдө бириктирүү планы жүрүүдө деп болжошот. Агенттиктин лабораториясынын башчысы Лида Крикчикова дилерлердин атайын белги же мөөр койгону маңзаттын сапатын билдирсе керек деген ойдо:

- Карасаңар, бул таңгактын сыртына биздин ырчы Манижанын сүрөтүн чаптап коюптур. Мурда героин таңгактарынын сыртына жыландын, чаяндын, арстандын сүрөтүн тартышчу. Бул жерде кербендин сүрөтү чапталганы да бар. Бул героин өндүргөн лабораториянын эн белгиси болушу мүмкүн. Эмне үчүн сүрөттөрдү түшүрөгөнүн биз так билбейбиз, бирок белгилер маңзаттын күчүн билдирсе керек деп боолголойбуз.

Лаборатория башчысы таңгак сыртындагы эстрада жылдыздарынын сүрөтү эми гана пайда болгонун, анын анык максаты аныктала электигин да белгиледи.

Таңгак сыртындагы төөнүн сүрөтү түшүрүлгөн мөөр.
Таңгак сыртындагы төөнүн сүрөтү түшүрүлгөн мөөр.

Акыркы жылдары Маңзаттарды көзөмөлдөө агенттиги беш тонна маңзат кармаган. Алардын таңгагынан штамп, мөөр же сүрөттөрдүн 500 түрүн байкашкан. Басымдуу бөлүгүнүн сыртында арстан же чаяндын сүрөтү түшүрүлгөн.

Тажик бийлик өкүлдөрү маңзат таңгагындагы штамптардын өзгөрүүсүн НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы аракети натыйжасында көптөгөн лабораториялардын жок кылынышы менен да түшүндүрүүдө.

Бирок маңзат аткезчилиги менен шугулдангандар үчүн таңгактагы сүрөт же мөөр наркодилер үчүн эч нерсени билгизбейт. Бул сөздү атын атагысы келбеген, маңзат аткезчилердин колунда барымтада жатып чыккан адам айтууда. Ал “Азаттыктын” тажик кызматына бирдиргендей, соода-сатыкта баштык же таңгактагы белгилерге эч ким көңүл бурбайт. Болгону сатып алып жаткан тарап сөзсүз өзү менен кошо "маңзаттын даамын таткычтарды” алып жүрөт. Ошондой эле көпчүлүк ооган аткезчилери маңзатты Тажикстандын чек арасына 30 чакырымдай ичкери кирип саткандан кийин кайра чыгып кетишет. Алар телефондон сүйлөшкөндө нашаа же героин дебестен башка сөздү колдонушат.

Тажикстандын маңзаттарды көзөмөлдөө агенттигинин пресс-кызматынын башчысы Хушнуд Рахматуллоев акыркы жылдары маңзат аткезчилигинин жаңы каттамдары аныктала баштаганын билдирди. Анын айтымында, агенттик тарабынан жыл башынан бери 669 килограмм маңзат кармалган:

- Анализ көрсөткөндөй, акыркы эки жылда маңзат аткезчилигинин маршруту өзгөрдү. Эгер сандарды жана фактыларды карасак, жыл башынан бери Арменияда бир тоннадан ашуун, Грузияда 2 тонна 700 килограмм маңзат кармалган. Бул маңзат агымы Ооганстандан Кавказ, Орусия жана Европа жакка жылганынан кабар берет. Аткезчиликтин эски жолу тиешелүү органдар тарабынан жакшы иликтенип, аныкталып калгандыктан, эми наркодилерлер жаңы маршруттарды ойлоп табууда.

Тажикстан Ооганстан менен 1300 километр аралыкта чектешип турат. Бул өлкө аркылуу эң көп маңзат агымы Орусияга, андан ары Европа мамлекеттерине өтүп турат.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

XS
SM
MD
LG