Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:48

Шавкат Мирзиёев добуш берүүгө үй-бүлөсү менен келди


Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен шайлоо тилкесинде. 4-декабрь, 2016-жыл
Шавкат Мирзиёев үй-бүлөсү менен шайлоо тилкесинде. 4-декабрь, 2016-жыл

Өзбекстан президентинин милдетин аткарып жаткан Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарындагы шайлоо тилкесинде добуш берди. Ал добушканага жубайы жана балдары менен келди.

Бүгүн болуп жаткан Өзбекстандагы кезексиз президенттик шайлоого төрт адам талапкерлигин койгон. Алардын бири өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Шавкат Мирзиёев. Мирзиёев 2003-жылдан баштап Өзбекстандын өкмөтүн башкарып келет. Үч ай мурда Ислам Каримов көз жумгандан бери президенттин милдетин аткарууда.

Бүгүн Өзбекстанда президенттик шайлоо өтүп жатат. Ага төрт адам талапкерлигин койгон. Шайлоодо Мирзиёев утаары буга чейин эле айтыла баштаган.

Президенттик шайлоо үчүн өлкөнүн ичинде 9383 шайлоо участкасы, ал эми чет өлкөдө 44 шайлоо тилкеси иштеп жатат. Добуш берүү кечки саат 8ге чейин болот.

Өзбекстандын борбордук шайлоо комиссиясынын билдиргенине караганда, добуш бере турган жалпы 20 миллион 428 миң шайлоочу бар.

XS
SM
MD
LG