Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:58

Кош жарандыгы барлар депутат боло албайт


Кыргыз жана орус паспортторун кармап турган адам. Иллюстративдик сүрөт

Кыргыз жана орус паспортторун кармап турган адам. Иллюстративдик сүрөт

Күздө Жогорку Кеңешке болчу парламенттик шайлоого бөтөн мамлекеттин букаралыгын алган, бирок кыргыз паспортун төшүндө медердей сактап жүргөн адамдар катыша албайт.

Расмий маалыматтар боюнча, акыркы 22 жылда 500 миңден ашуун кыргызстандык Орусия Федерациясынын жарандыгын алышкан. Алардын ичинен 28 миң адам кыргыз жарандыгынан баш тарткан. А башка өлкөлөрдө да он миңдеген жарандар бар. Алар быйыл күздө Жогорку Кеңешке болчу парламенттик шайлоого катыша алышпайт. Анткени, Кыргызстандын мыйзамдары ага уруксат бербейт деп түшүндүрдү Кыргызстандын мурдагы юстиция министри, Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Осмонов.

АКШ, Британия, Франция жана башка демократиялуу Батыш өлкөлөрү эбак эле кош жарандуулукка уруксат берген. “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун Прагадагы кеңсесининин финансылык директору Скотт Бейкердин (Scott Baker) кош жарандыгы бар.

- Мен АКШда туулгам. Таятам 1924-1925-жылдары Ирландиядан Америкага көчүп барган. Мен таятамдын тегине таянып, бир нече жыл мурда Ирландиянын букаралыгын алдым. Таятам АКШ жарандыгына өтпөй жүрүп көзү өттү. Ошон үчүн апам төрөлгөндө де-факто Ирландиянын жараны болгон. Апам да мен төрөлгөндө ирландиялык эле. Өзүм түрдүү өлкөлөрдө иштеп жүрүп, акыр аягында кош жарандуу болуп, Ирландия жарандыгын да алайын деп чечтим.

Теги мадьяр Юдит Анвинн (Judite Unwinn) байбиче Британия жарандыгын 1978-жылы алган. Бирок, 62 жаштагы байбиче алиге чейин Венгриянын жарандыгынан чыккан эмес.

- 1978-жылы британ паспортун алгандан кийин мага улуттук социалдык камсыздоо номурун беришти. Ошону менен ар кандай жумушка орношуума расмий жол ачылды. Эгер саясый мансап жөнүндө ойлосом, улуттук парламентке депутат боло алмакмын. Британия жарандыгын алган чет элдиктер же кош жарандыгы бар адамдар үчүн бардык өкмөттүк мекемелердин эшиги ачык экенинен күмөн санабайм. Эсимде, Тони Блэр премьер-министр кезде германиялык аял Бирмингэм тараптан Британ парламентине депутат болуп шайланган. Ал англисчени немис акценти менен сүйлөчү. Ал аял Англияга студент кезде келип, ошо бойдон калып калган.

Теги мадяр британ жараны Юдит Анвинн. Венгрия. 2015

Теги мадяр британ жараны Юдит Анвинн. Венгрия. 2015

Юдит байбиченин Венгрияда там-жайы бар. Дыйканчылык үчүн каалашымча жер да сатып алсам болот. Бир гана корук жерлерди сатып ала албаймын, анткени Венгриянын мыйзамдары корук жерлерди жеке менчикке сатканга тыйуу салган деди британ-мадьяр жарандыгы бар байбиче.

Скотт Бейкердин айтымында, ал Конгресске шайлана алат. Ирландияда президент шайлануусуна мыйзам уруксат бербейт, калган бардык өкмөттүк кызматтарга жолу ачык.

- Мен Ирландиянын жана АКШнын жаранымын. Ошон үчүн эки мамлекеттин тең толук укуктуу букарасымын. Жаран катары эки өлкөдө тең жалпы улуттук шайлоого катышканга жана парламентке мүчө болуп шайланганга укугум дагы, акым дагы бар. Ирландиянын премьер-министри боло алам. Президент болушума мыйзам жол койобу, ал жөнүндө жакшы билбейм. АКШнын президентти болуп шайлана албайм, себеби мыйзам уруксат бербейт. Борбордук чалгындоо агенттигине директор болуп дайындала албаймын. Мен ал жөнүндө ойлоп да койбойм.

Ондогон жылдардан бери ич ара согуштун кучагындагы Ооганстан бөтөн өлкөнүн букаралыгын алган, бирок Ооган паспорту менен кош айтышпаган жарандарын чанбайт. "Алар Ата Мекенине келип, саясый турмушка аралашуусуна эч кандай тоскоолдук жок. Бир гана президент боло алышпайт" дейт ооган журналисти Кадыр Хабиб (Qadir Habib):

- Ооган өкмөтүндөгү башка жооптуу кызматка –Борбордук банктын төрагалыгына кош жарандуу адис - Нурулла Диловари дайындалды. Ооганстандын мурдагы башкы прокурору Исхак Алико да эки өлкөнүн букарасы эле. Алико кош жарандыгы бар экенин жашырбай эле ачык айткан. Кош жарандуу оогандар өлкөдө президенттик кызматтан башка бардык орундарда иштей алат.

Жогорку Сотунун мурдагы төрагасы Курманбек Осмоновдун айтымында, Кыргызстандын мыйзамдары кош жарандуулугу бар адамдардын өлкөдөгү саясый жашоого аралашуусуна же бюджеттик мекемелерде иштөөсүнө уруксат бербейт.

Чехиядан тарыхый жагдайлардан улам, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуш кезде, коммунисттик бийлик тушунда миңдеген чехтер Ата журтун аргасыздан таштап кетишкен. Бразилиянын 1956-61-жылдардагы президенти Жусели́ну Куби́чек ди Оливе́йранын апасы чех. Ушу чакта да кесибине байланыштуу же дүйнө таанууну каалаган көптөгөн чехтер тыш өлкөлөрдө жашап жүрүшөт. "Алардын бири- кош букаралыгы бар Ян

Prague Freedom Foundation уюмуну талдоочусу Ирена Кубашкова. Чехия

Prague Freedom Foundation уюмуну талдоочусу Ирена Кубашкова. Чехия

Швейнар 2008-ж. Чехияда президенттик шайлоого катышкан" деп улады сөздү Прагадагы Эркиндик фондунун (Prague Freedom Foundation) талдоочусу Ирена Кубашкова (Irena Kubaskova):

- 2008-жылкы президенттик шайлоодо Чехия - АКШ жарандыгы бар проф. Ян Швейнардын талапкерлиги коомчулукта бүйүр кызыткан талкууларды жараткан. Чехиянын мыйзамы боюнча, Швейнардын эки өлкөнүн жараны экени чоң проблемаларды жаратышы мүмкүн эле. Ал ошондуктан эгер президент шайлансам, АКШ жарандыгынан чыгам деп сөз берген. Бирок Швейнар шайлоонун акыркы үчүнчү айлампасында жеңили калды. Ал кезде президент парламенттин кош палатасы тарабынан шайланчу. 2013-жылкы шайлоодо кош жарандыгы бар эки адам: Иржи Динтсбир жана Карел Шварценберг президенттик үчүн ат салышты. Динтсбир ошондо АКШ жарандыгынан чыгам, мен үчүн Чехиянын букарасы болуу алда канча маанилүү деп чыкты. Шварценберг болсо Швейцария жарандыгынан чыгуудан баш тартты жана коммунисттик заманда, ошондой эле Чехиянын тарыхында көптөгөн жарандар саясый себептерден улам Ата журтун калтырып кеткенге мажбур болгонун айтты. Эми Чехиянын жарандыгын сактап келгени үчүн жазаланууда деди ал.

Карел Шварценберг

Карел Шварценберг

2013-жылкы президенттик шайлоодо Карел Шварценберг 45 % добуш алып, 55% добуш алган Милош Земанга утулуп калган. Шварценберг Швейцариянын жараны болсо да 2007-2009 жана 2010-2013-жылдары Чехиянын Тышкы иштер министри болгон. Азыр Чехия парламентинин жогорку палатасы-Сенаттын мүчөсү. Ал 1948-90-жж. Австрияда жашаганда да саясатка жигердүү аралашып жүргөн.

2014-жылы күчүнө кирген мыйзам Чехияда кош жарандуулукка жолду кенен ачты. Бирок, андай жарандар президент жана парламентке депутат боло албайт.

Франциянын азыркы премьер-министри Манэл Вальс 1962-жылы Испанияда туулган. Францияга 16 жашында окуганы келип, ошол боюнча калып калган.

Экс-советтик Балтика өлкөлөрү 1990-жылдары эле бөтөн мамлекеттерде эмгектенип жүргөн улутташтарын Ата журтуна чакырып, аларды түрдүү кызматтарда пайдалана баштаган. Эстониянын азыркы президенти Тоомас Хендрик Ильвес Швецияда туулган, мекенине 1991-жылы келген. Латвиянын 1999-2007-жж.президенти Вайра Вике-Фрейберга 16 жашынан Канадада жашаган. Профессор айым Латвиянын президенти шайлангандан эки жыл илгери гана Канададан көчүп келген.

Экс-советтик мейкиндикте, Балтика мамлекеттерин кошпогондо, сырт өлкөлөрдө жашаган мекендештерди жогорку өкмөттүк кызматтарга эң биринчилерден болуп Армения койо баштаган. Бул саамалыкты Грузия улантса, акыркы мезгилде Украина кеңири колдонууда.

Мурдагы биринчи вице-премьер-министри Курманбек Осмоновдун түшүндүргөнүнө караганда, Орусиянын букаралыгын алган кыргыз жарандар өз Ата Журтундагы шайлоолорго катыша албайт, бюджеттик мекелерде, атүгүл айылдык кеңеште иштей албайт. Ал үчүн Кыргызстан менен Орусиянын ортосунда тийиштүү келишим түзүлүшү шарт.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG