Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:43

АКШ: Миллиондорго жеңилдетилген жарандык берилиши мүмкүн


АКШдагы сенаторлор жарандык алууну жеңилдетүү менен бирге чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү да зарыл экенин белгилешүүдө

АКШдагы сенаторлор жарандык алууну жеңилдетүү менен бирге чек арадагы көзөмөлдү күчөтүү да зарыл экенин белгилешүүдө

АКШдагы 11 млн. мыйзамсыз мигранттын тагдыры кандай болот? Бул суроо азыр Вашингтондо талкууланып жаткан иммиграция реформасынын негизги өзөгүн түзүүдө жана ага катышып жаткандардын көпчүлүгү бул мамлекетте мыйзамсыз абалда калган мигранттарга жарандык ыйгаруу демилгесин колдоп жаткансыйт.

Өзүн Тома деп таныштырган жашы 50дөн бир аз өтүп калган киши азыр АКШнын түндүк-чыгышындагы штаттардын биринде жашайт. Ал англисчени жакшы билбейт. Беш жыл мурун Грузиядагы Кутаиси шаарынан туристтик виза менен Кошмо Штаттарына келген бойдон үйүнө кайта элек.

“Буларда баары бар, - дейт ал. – Биздегидей эмес, жумуш орундары жетиштүү. Ошон үчүн калып калгам. Эми эптеп жарандык алып алсам болду”.

Томанын айтымында, Чыгыш Европадан келген мигранттардын арасында башында турист болуп келип, кийин визасынын мөөнөтү өтүп кетсе да өлкөдөн чыкпай, мыйзамсыз жүрүп, өзүнө окшоп курулуш жайларынан иш таап алгандар көп. “Мен ушинткенге мажбур болгом”, - дейт Тома. Америкага ыраазы экенин айтат.

"Үй-бүлөмдү багышым керек. Иштешим керек. Мен Америкада иштеп жаткандыктан үй-бүлөм ачка калган жок. Өзүмдүн туугандарыма да жардам кылып турам. Кимдир бирөөнүн операциясын төлөп бердим, дагы башка нерселер үчүн акча салам. Мен ушунун баарына Америкада жеттим. Өзүмдүн мекенимди, албетте, сүйөм, бирок Америкага да ыраазымын. Азыр мен үчүн бул өлкө экинчи энемдей болуп калды", - деди Тома "Азаттыкка".

АКШда Барак Обама экинчи жолу президенттикке шайланып ант бергенине бир ай да боло элек. Президент да, Конгресстин лидерлери да иммиграциялык реформа жүргүзүү вазыйпасын бул ирет негизги максаттарынын бири катары аташты.

Реформанын өзөгүн өлкөдө мыйзамсыз жүргөндөрдүн статусун аныктоо түзөөрү талашсыз. Ошондуктан Тома азыр ал үчүн үлкөн мүмкүнчүлүк жаралып жатканын сезип турат. Андай мүмкүнчүлүк азыр Томага окшоп мыйзамсыз жүргөн 11 млн.мигрантка да тиешелүү болушу, алар жакын арада чындап жарандык алып калышы мүмкүн экени айтыла баштады.

Одри Сингер – Брукинг институтунда АКШнын иммиграциялык саясатына адистешкен эксперт. АКШда 1980-жылдардан берки эң ири миграциялык реформаны жүргүзүүгө убакыт жеткенин айтат.

"Азыр бул маселенин төлгө ташы төп келип, көп жылдардан бери эми аны чечкенге ушунчалык жакшы учур болуп турат. Болгондо да реформа зарылдыгын буга чейин ага каршы болуп келгендер жакташууда: Республикалык партиянын лидерлери алгачкы жолу АКШда азыр жашап жаткандарды мыйзамдаштыруу керектигин айтып жатышат, - дейт изилдөөчү. - Бизнестин, профсоюздардын башчылары, диний, саясий лидерлер эгер иммиграциядагы проблемаларды бүгүн чечпесек, эртең анын кесепети оор болоорун сүйлөй башташты. Мен буга убакыт жеткенин көрүп турам".

Учурда АКШдагы мыйзамсыз мигранттардын басымдуу бөлүгүн Латын Америкадан келгендер түзөт. Pew изилдөө борборунун маалыматына караганда, алардын 60% - мексикалыктар.

Аталган борбордун демография боюнча башкы адиси Жеффри Пассел “Азаттыкка” айтканына караганда, АКШда мурдагы Советтер Союзуна мүчө өлкөлөрдөн барган 50 миңдей мыйзамсыз мигрант бар, алардын саны акыркы 10 жылда көп деле өзгөрбөдү.

1986-жылы Конгресс Мексикадан агылгандардын санын кыскартуу аракетинде өлкөдөгү үч млн. мыйзамсыз мигранттын абалын легалдаштырыш үчүн добуш берген. Анткен менен бул аракет мигранттардын агымын кыскартпай, тетирисинче аны күчөттү. Бүгүн эми өлкө үчүн адамдарды массалык түрдө депортациялоо көтөргүс жүк экенин эске салып, көптөгөн америкалык депутаттар баары бир абалды оңдоонун жалгыз жолу катары мыйзамсыз мигранттарга жарандык берүүнү аташууда.

Январдын этегинде эки партиянын тең сенаторлорунан турган топ миграциялык реформа боюнча бир пикирге келишкенин билдиришкен. Келерки айда мыйзам долбооруна айлана турган биргелешкен протокол “жарандык берүүнү жеңилдетүү” менен катар өлкөнүн чек арасында көзөмөлдү күчөтүүнү жана миграциялык абалды мурдагыдан да тыкыр текшерүүгө алууну талап кылат.

Президент Обама миграциялык реформа боюнча өзүнүн сунушун шейшембиде жарыялашы керек.
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG